Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026
1
2
3
4
5
6
7 8
9
10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Баткен: соттолгон бажычынын жеңиши, шектүү байланыштар

0 105
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, №2 бир мандаттуу Баткен округунан Нурлан Ражабалиев жеңип чыкты.


Анын шайлоодогу атаандаштары добуш берүүнүн жыйынтыгы менен макул болбой, кол санактын жыйынтыгы эки курдай өзгөргөнүн айтып жатышат. Мындан тышкары Ражабалиев менен Баткен аймактык шайлоо тилкесинин төрагасынын туугандык байланышы белгилүү болду.


Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Ражабалиев 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгону маалым.


Боршайкомдун сайтындагы эки башка жыйынтык

Азыркы тапта Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы алдын ала жыйынтык боюнча, №2 Баткен шайлоо округунан талапкер Нурлан Ражабалиев 6 556 добуш менен башка атаандаштарын жеңип чыккан. Экинчи орунда 6 310 добуш алган Чынтемир Аширалиев келе жатат.


Экөөнүн ортосундагы айырма 246 добуш. 101 836 шайлоочу катталган бир мандаттуу Баткен округундагы шайлоого 10 талапкер катышкан.



Жарышта экинчи болуп келген Чынтемир Аширалиев шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, анын себебин мындай түшүндүрүүдө:




"28-ноябрь күнү шайлоо тилкелери жабылып, эсеп башталды. Саат 20:20ларда мен Нурлан Ражабалиевден 1500-2000 добуш алдыда бараткам. Анан эле БШКнын сайты иштебей, электрондук үкөктөр чек бербей калды. Андан кийин эле 1888 добуш менен экинчи келе жаткан Ражабалиев 6500 добуш алганы жазылып калды. Ушундан улам шайлоочуларда жана менде күмөн жаралды. Ошондо нааразылык жаралып, бирок кол санактын жыйынтыгын күтмөй болдук. Анткени кол санактын юридикалык күчү бар да".



Кол санактын жыйынтыгы шайлоонун эртеси, тагыраагы 29-ноябрда БШКнын сайтына жарыяланган. Саат 17:34төгү маалымат боюнча, 6106 добуш алган Нурлан Ражабалиев экинчи орунга түшсө, 6262 шайлоочунун добушуна ээ болгон Чынтемир Аширалиев биринчи келген.


Бирок БШКнын расмий сайтындагы маалыматтар кайра өзгөрүп кеткен.



"29-ноябрда БШКнын Баткендеги өкүлү кол санактын жыйынтыгы соңку тыянак экенин, ага ылайык, менин жеңүүчү болгонумду айткан. Түн ичинде эле 24.kg агенттигине “Баткендеги шайлоонун жыйынтыгы өзгөрүп кетти” деген маалымат чыкты. Дароо сайтка кирсек, кайра Нурлан Ражабалиев алдыга чыгып кетиптир. Анан элдин баарында күмөн жаралды. Анткени АСУга караганда, кол санактын жыйынтыгы расмий деп эсептелет да. Ал боюнча мен утуп чыккам, - деди талапкер Чынтемир Аширалиев.



Аширалиевдин тарапташтары БШКнын сайтындагы ошол учурдагы жыйынтыкты видео, фотого түшүрүп алган. Анда Баткен округундагы 80 шайлоо тилкенин баарынан маалымат келип түшкөнү, добуштар 100% саналганы жазылып турат. Ал жерде добуш берүүгө келген шайлоочулардын саны 34006 жаран экени көрсөтүлгөн.




Боршайкомдун сайтындагы азыркы маалыматта деле шайлоо добуштардын бардыгы саналганы жазылып турат. Болгону добуш берген шайлоочулардын саны өзгөрүп кеткен.


29-ноябрда жарыяланган алгачкы маалыматта 34 006 деп жазылса, азыр 35 462 деп турат. Демек БШК жарыялаган кол санактын экинчи жыйынтыгында добуш бергендердин саны 1456 адамга көбөйүп кеткен. Муну аймактык шайлоо комиссиясы кээ бир шайлоо тилкелериндеги маалыматтар толук кирбей калганы менен түшүндүргөн. Бирок БШКнын сайтында добуштар толук саналганы жазылган болчу.




Шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон Баткен округундагы талапкерлер Чынтемир Аширалиев, Номанжан Аркабаев, Асылбек Мадалиев жана Бегали Төлөмүшов президент Садыр Жапаровго жана БШКга арыз менен кайрылган. Алар Баткендеги шайлоо таза өтпөгөнүн, добуштар бурмаланып кеткенин билдирип жатышат.


Ал эми Нурлан Ражабалиев болсо шайлоо таза өттү деп эсептейт:




"Мындай таза шайлоо болгон эмес. Аны элдин баары айтып жатат. Анын жыйынтыгына кийлигишүү мүмкүн эмес. Аширалиевдер аз эле шайлоочу катышкан учурду көрүп калышкан. Ошон үчүн түшүнбөстүктөр болуп атат. Шайлоонун расмий жыйынтыгын күтүп туралы. Эрте бир нерсе деп айтыштын эмне кереги бар?".



Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек. Азыркы учурда шайлоого байланыштуу арыз-даттануулар каралып жатат.


“Ишенимге” илешкен үгүт, БШКдагы туугандык байланыш

№2 бир мандаттуу Баткен округунан шайлоого катышкан тогуз талапкер аймактагы шайлоочуларды чогуу кыдырган. Аларга бир гана Нурлан Ражабалиев кошулбай, үгүт иштерин "Ишеним" партиясы менен бирге жүргүзгөн.


Партияны Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси, убагында депутат болгон Арзыбек Бурханов менен байланыштырып келишет.



Президент Садыр Жапаровдун Баткендеги чек ара аймактарын калыбына келтирүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов "Ишеним" партиясы менен шайлоого барган. Мамыржан Рахимов менен Арызбек Бурханов жакын достордон. Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына үгүт учурунда тартылган сүрөттөрдү көп жүктөдү. Алардын ар биринен бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болгон Нурлан Ражабалиевди көрүүгө болот.




Мамыржан Рахимов Баткен шаарын төрт жыл башкарган (2017-2021), 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоого "Биримдик" партиясы менен катышкан. Ал үгүт учурунда Нурлан Ражабалиев менен эмнеге чогуу жүргөнүн мындай түшүндүрдү:




"Нурлан Ражабалиев экөөбүз эски таанышпыз. Ага-ини болуп жүрөбүз. Ошон үчүн чогуу үгүт жүргүзөлү деп чечкенбиз. Шаарда жана Кадамжайдагы кээ бир айылдарды бирге кыдырдык. Анын "Ишеним" партиясы менен эч байланышы жок. Ал эми Арзыбек экөөбүз 10 жыл бирге окуганбыз. Мурдатан теңтуш болуп жүрөбүз. Баткен кичинекей эле да. Бири-бирибизди жакшы тааныйбыз".


Эми Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Ражабалиевдин Баткендеги туугандык байланыштарына токтололу.


БШКнын Баткен облусундагы расмий өкүлү Алишер Жолдошев менен Нурлан Ражабалиев таеке-жээн. Тагыраагы Жолдошевдин атасы менен Ражабалиевдин апасы бир тууган. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткандар Жолдошевдин өзүнүн тууганына жардам бериши мүмкүн экенин айтып жатышат.

Баткендеги шайлоого жооптуу болгон Алишер Жолдошев талаш жараткан маселе боюнча мындай деди:



"Шайлоо таза өттү. Кол санак менен АСУ бирдей эле чыкты. Кол санак менен Чынтемир Аширалиевдин жеңип чыгышы боюнча билбейм. Нурлан Ражабалиевдин таекеси болом. Бирок мен ага добушумду гана беришим мүмкүн. Андан башка жардам бере албайм. Бардык талапкерлерге бирдей мамиле кылганга аракет кылдым".



Бул үй-бүлөнүн Арзыбек Бурханов менен да туугандык байланышы бар. Нурлан Ражабалиевдин апасынын бир тууганынын кызын Арзыбек Бурхановдун иниси Азиз Бурханов алган.



Бурхановдор Баткендеги таасирдүү адамдардын бири. Арзыбек Бурханов – 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болсо, 2011-2012-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп иштеген. Былтыр бийлик алмашканда Садыр Жапаровдун жанында жүргөн. Ошондо Бурхановдун бийликтеги таасири боюнча ар кандай сөздөр айтыла баштаган. Жапаров өзүнүн маектеринин биринде Арзыбек Бурхановдун атын атап, анын кадр маселелерине кийлигишпей турганын айткан.






Анын иниси Имамназар Бурханов болсо 7-июнда бир добуш менен Баткен шаарынын мэри болуп шайланган. Дагы бир иниси Нурланбек Бурханов Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы.



Аналитик журналист Айданбек Акматов Бурхановдун Баткендеги таасири боюнча мындай деди:




"Арзыбек Бурхановдун саясий салмагы жок десек болот. Мунун артыкчылыгы бийликке жакындыгы. Ал президентке жакын болгону үчүн гана административдик таасирге ээ. Муну президенттик шайлоо учурунда Кадамжайдагы айыл өкмөттү, активисттерди топтоп алып буйрук берип жаткан видеосу далилдейт. Парламенттик шайлоо учурунда дагы ушундай нерселер болду. Бурханов бийликтин талапкерлерин топтоп, өзү да талапкерлерди чыгарды. Аларды өткөрүш үчүн болгон аракетин жасады".



Арзыбек Бурханов сүрөдү делген "Ишеним" партиясы 28-ноябрдагы шайлоодо экинчи болуп келди. Алар Жогорку Кеңештен 12 мандат алганы турат. Арзыбек Бурхановдун өзү менен байланышканыбызда мындай деп кыскача жооп берди:



"Мен эми элди аралаган жокмун да. Эл ошол талапкерлерди тандады. Менин жообум ушундай".


Ал эми "Ишеним" партиясы менен байланышы жөнүндө сураганыбызда жооп төмөндөгүдөй болду:



"Байланыштырып жатышса демек байланышыбыз бар. Анын жаман жагы барбы? Жаман жагы болбосо, анда байланышыбыз бар".




Арзыбек Бурхановго Баткендеги шайлоо, Нурлан Ражабалиев боюнча суроо бере албай калдык. Ал телефонду өчүрүп салды.​


Январда сот, ноябрда болсо шайлоо

Нурлан Ражабалиев 2009-жылы Бажы кызматында иштей баштаган. Алгач катардагы инспектор болсо, кийин Түштүк-Батыш бажысынын башчысы болуп дайындалган. 2017-жылы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.




2021-жылы УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, анын 2015-2017-жылдар аралыгындагы коррупциялык схемасына Нурлан Ражабалиев менен Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев да аралашканын аныктаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Матраимов баштаган топ Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турган. Аларды айыптаган соттун чечиминде мындай деп жазылат:



“Мисалы, жашылча-жемиш жүктөгөн жүк ташуучу автоунаадан 100-300 доллар, жабдык жүктөп келе жаткандардан 200-500 доллар, күнүмдүк керектелүүчү товар жүктөгөн машинеден 1000 – 1800 долларга чейин алып турушкан. Орточо ар бир машинеден 500 доллардан 1000 долларга чейин алышкан. Райымбек Матраимов баштап, Нурлан Ражабалиев катышкан функционалдык коррупциялык схемадан мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына коркунуч жаралган”.



Тергөө коррупциялык жол менен түшкөн акчадан Нурлан Ражабалиевдин 12 млн. сом алганын билдирген.



Иликтөөнүн жүрүшүндө Ражабалиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен кызматташа баштаган. Сот чечиминде анын бажыдагы коррупциялык схеманы ачууга жардам бере турганы жазылып турат. Жыйынтыгында Нурлан Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн. сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген. Абдыбахаб Боронбаев 8 млн. сом төлөгөн.




Шайлоо учурунда Баткен Медиа борбору талапкерлер ортосунда дебат өткөрүп, анда Номанжан Аркабаев Нурлан Ражабалиевге “соттолгон адамдын депутат болууга моралдык укугу барбы?” деп суроо берген. Ага мындай жооп болгон:




“Ооба, буга мыйзам жол берип атат. Мыйзамга ылайык, айып пул төлөнгөндөн баштап соттуулук жоюлат. Мага чейин деле соттолуп, кайра акталган депутаттар жок эмес. Алар деле эл кызматын аркалап келет. Менин кандай жагдайда сотко барганым, кандай жигитчилик кылганым тууралуу сиздин маалыматыңыз жок. Адам баласы бир топ сыноолорго дуушар болот экен. Менин моралдык укугум бар. Өзүмдү ак деп эсептейм”, - деген Ражабалиев.


Райымбек Матраимов жана Нурлан Ражабалиев менен чогуу соттолгон Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев да шайлоого катышты.


Ал “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесине кирип, 4 975 добуш алган. Кызыгы аталган партияны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет. Ошол эле учурда бажычылар айыпталган ишти дагы УКМК тергеген.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Росгвардейцы подключились к патриотической акции в честь Дня Республики Тыва и Дня государственного России

Росгвардейцы подключились к патриотической акции в честь Дня Республики Тыва и Дня государственного России

Инспекторы ГИМС провели очередной рейд с бойцами ОМОН «Адыг» на озере Чагытай

Росгвардия проверила объекты в преддверии буддийского форума

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.