Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026
1
2
3
4
5
6
7 8
9
10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Кыргыз-тажик чек арасы: кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү

0 159
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети май айынан бери бир тараптуу жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы кирип-чыгуу тартибин өзгөрттү. Ага ылайык, студенттер, мугалимдер, этникалык кыргыздар, дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрүнө жеңилдик каралган.


Чек ара кызматы Министрлер кабинетинин буйругу менен кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол”, “Кызыл-Бел-автожол”, “Бордөбө-автожол” жана “Карамык-автожол” бекеттеринде товар жана адамдардын өтүүсүнө чектөө коюлганын эске салып, кайсы учурда гана уруксат берилерин белгилеген.




Кимдерге уруксат берилди?


Мекенине кайтып келе жаткан кыргыз же тажик жарандары;
Кыргызстан жана Тажикстандагы расмий дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргызстанда жайгашкан эл аралык уюмдардын кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Алардын кирип-чыгышы Тышкы иштер министрлигине алдын ала кабарланышы керек;
Чет мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын делегациясы. Алардын кирип-чыгышы Тышкы иштер министрлигине алдын ала кабарланышы керек;
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык келген этникалык кыргыздардын иммиграциясы;
“Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбооруна тартылган тажик жарандары. Аларга Кыргызстандын Энергетика министрлигине өтүнүч бериши керек;
Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окуган же иштеген тажик жарандары. Алар кирүү үчүн алдын ала Кыргызстандын Билим жана илим министрлигине өтүнүч жөнөтүшү керек;
Тажик жарандыгы бар кыргыз жарандарынын жашы жете элек балдары;


УКМК коңшу өлкөдөн Кыргызстанга уруксат берилген жогорудагы чек ара бекеттери аркылуу гана кирүү керектигин эскертти. Бул тизмедегилер өз тармагы боюнча тиешелүү министрликтерге алдын ала маалымат берип, анан өтө алышат.


Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев буга чейин бир нече жолу элден кайрылуулар болгондуктан бул чечимди көпчүлүк жакшы эле кабыл алды дейт.


“Бул кабарды биздин аймакта тургундар жакшы эле кабыл алды.  Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын жана башка зарыл болгон жарандардын муктаждыгы чечилип жатат. Бизге буга чейин да кайрылышкан эле”.


Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, транзит аркылуу өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Андан кийин "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" делип эки өлкөнүн күч кызматтары бири-биринин жарандарын кармап, жоопкерчиликке тарткан учурлар катталды.




"Кырдаалды жеңилдетүүгө ташталган кадам"

Кыргызстанда жогорку окуу жайда 3-курста окуп жаткан тажикстандык Зайналусмон болсо чек аралардын студенттерге жолтоо болбогону жакшы дейт. Анын айтымында, эки жылдан бери пандемия, андан кийинки чек ара маселесинен улам Кыргызстандагы курсташтарын көрө элек.


“Албетте, азыр билим алган студенттер үчүн маселе чечилгени жакшы. Калган мамилелер да калыбына тез арада келет деп үмүт кылам. Эки тараптуу мамилелердин салкындашы билимге жолтоо болбошу керек. Билимде чек ара жок да. Негизи эле эки өлкөнүн мамилеси мурдагыдай калыбына келип, ордуна түшүп, баары жакшы болсо дейм”.


Чек ара маселелерин бир жактуу чечип алганга чейин чек арадагы алаканы такыр жандандырбай, экономикалык, башка да кызматташтыкты токтотуп туруу талабы баткендиктер арасында көп айтылган. Бирок чек арадагы кырдаалдан кыйналгандарды да эске алыш керек. Кайсы бир күнү мамиле кайра калыптанышы зарыл дейт Баткенде чек ара маселелерин иликтеп жүргөн Хаитали Айкынов.


"Эми баткендиктер арасында чек араны ачпай туруу талабы көп эле айтылган болчу. Бирок азыр жеңилдик каралган катмардагы кишилер үчүн эч ким нааразы болбойт. Баары бир мамилелер калыбына келип, кайра мурдагыдай жашоо уланышы керек да. Ал эми бул аракет ошол чыңалууну женилдетүүгө арналган кадам десек болот. Бул жакшы көрүнүш".




"Маселе чала чечилбесе..."

Абалдын өзгөрүшү биринчи кезекте Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн маанилүү. Анткени пандемияга байланыштуу 2020-жылдын март айында эки өлкө чек арадан каттам шарттарын оорлоштургандан бери тууган-урук катыша албай калышкан. Ага карабай Кыргызстандын төрт жараны чек арадан тажик күч кызматтарына кармалып, беш жылга чейин эркинен ажыратылды.


Тажикстан менен чек арада жашап, соода менен алектенген Ниязбаба Набиев “Азаттыка” курган маегинде калктын мамилесин, карым-катнашын калыбына келтиребиз, жашоо шартты женилдетебиз дешсе чек араны биротоло ачып коюш керектигин билдирди.


“Биз үчүн эң башкы маселе - мамиле. Ошондуктан биротоло ачып коюш керек. Карапайым эки эл өзү мамилени куруп алат. Анткени, бири-бирине муктаж. Чек араны ортодо көзөмөлдөйбүз, бири-бирине жараша мамиле кылабыз дегендер бузат. Толук эле ачып коюш керек”.


Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын өкүлү, аларга укуктук жардам берип жүргөн жазуучу Аким Кожоев шарттарын эки тарап так аныктап, анан чечим кабыл алышса деген пикирде. Анткени буга чейин да маселелер чала чечилип, элде түшүнбөстүк жаралган.




“Албетте, чек аранын ачылганы жакшы. Анткени эки жылдан бери карантин башталганы эки тараптагы туугандар бири-бирине катташа албай турат. Ар кандай учурлар болот экен. Кабарлашып, катташып турушубуз керек экен. Сентябрдын соңунда ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасынын тескемеси менен этникалык кыргыздарга чек арадан каттаганга уруксат берилди дешкен. Ал жактан туугандарыбыз келсе, Тажикстандын чек арасынан чыгарбай койгон. Ошондой учурларды эске алып, так чечип бериш керек”.


Баткенде 28-30-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.


Куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын толугу менен бир тараптуу жапкан. Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайынча ачылбай турганын билдирди. Ошондой эле чек ара маселесин чечүүдө негизги көйгөйлөрдү атаган.



Андан кийин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык иш топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки тараптын мурда жетишилген макулдашуусуна ылайык, жолугушуу 5-9-октябрда Кыргызстандын Исфана шаарында уюштурулду.


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Росгвардейцы подключились к патриотической акции в честь Дня Республики Тыва и Дня государственного России

Росгвардейцы подключились к патриотической акции в честь Дня Республики Тыва и Дня государственного России

Массовые задержки и отмены рейсов 8 августа: хаос в аэропортах России

Инспекторы ГИМС провели очередной рейд с бойцами ОМОН «Адыг» на озере Чагытай

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.