Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11 12 13 14 15
16
17
18
19
20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Оогандык 77 кыргыз Тажикстанга кире качты

0 52
Ооганстанда жашаган ондогон кыргыздар “Талибан” кыймылынын чабуулдарынан качып, Тажикстанга жер которууга аргасыз болгонун коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” жаңылыктар агенттиги 14-июлда кабарлады.


Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берилип жазылган жаңылыкка ылайык, 13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясына караштуу Вахан аймагындагы Андемин кыштагында жашаган 77 кыргыз Тажикстандын Мургаб районуна өтүп келишкен. Алардын арасында 26 эркек, 20 аял, 31 өспүрүм бар.


“Учурда качкындар Мургаб районунун Кызыл-Работ айыл округуна караштуу Андемин жана Чек-Дөбө аймактарына жайгаштырылды. Качкындар өздөрү менен кошо мал-жандыктарын айдай келишкен. 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана 30 жылкы”, - деп айтылат расмий билдирүүдө.


Ооганстанда жашаган айрым кыргыздар Тажикстанга өтүп келип жатканын мургабдык кыргыздар да ырасташууда. Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздар менен иштешкен, “Кызматташуу” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Зайнидин Тагаев Тажикстанга 40 үй-бүлө жер которушу мүмкүндүгүн “Азаттыкка” айтты.


“Ооган Республикасына караштуу Улуу Памир жана Кичи Памир тараптан 40 үй-бүлө, этникалык кыргыздар Чек-Дөбө өрөөнү аркылуу Тажикстандын Мургаб районуна бет алып, өтүп жатат деген маалымат бар. Учурда мургабдык туугандар менен телефон аркылуу байланышып, 40 үй-бүлөнүн тагдырын сурап жатабыз. Анткени Ооганстан менен Тажикстандын Чек-Дөбө өрөөнүндө эч кандай маалымат болбой жатат”, - деп билдирди Тагаев.


Кантсе да бул кабар “Талибан” кыймылы Ооганстандын түндүгүндөгү, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш бир топ аймактарды четинен ээлеп алып жаткан учурга туура келүүдө. Буга чейин Ооганстандын жүздөгөн аскерлери жана жайкын тургундары талибдерден кооптонуп, Тажикстандын аймагына кире качкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кабулдагы кыргыз элчиси Мирослав Ниязов ооган кыргыздары коңшу өлкөгө жер которгону тууралуу маалымат тактала турганын билдиришти.


“Мен тактап көрөйүн. Болуп калса, кандайдыр бир кокустук менен болуп калышы мүмкүн... Талибдер кыргыздар менен да, ооган бийлиги менен да жакшы жашайт. Бул так маалымат. Талибдер да кыргыздар жашаган жерге, Улуу Памирге, Кичи Памирге чыкпайт. Талибдер да, бийлик да кыргыздарга эч качан кол көтөргөн жок. Негизи кыргыздарга эки тараптан тең мамиле жакшы”, - деп билдирди Ниязов.


Элчиликтин маалыматы боюнча, Ооганстандын Улуу Памир Кичи Памир аймактарына кыргыздардын саны 2 миңдин тегерегинде. Мындан тышкары Ооганстандын Мазари-Шариф, Кабул, Бадахшан, Кундуз, Гилменд шаарларында да кыргыздар бар. Азыр Ооганстандагы кыргыздар менен байланыштуу мүмкүнчүлүк боло элек.


“Талибан” кыймылы АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү май айынан тарта Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери чабуулдарын күчөттү. Буга чейин Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан ооган-тажик чек арасын бекемдөөгө жардам сураганы белгилүү болгон. Учурда америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийин ооган армиясы талибдердин чабуулдарына туруштук бере алабы деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.


"Памирлик кыргыздар талибдерден корко баштады"

2002-жылы НАТО күчтөрүнүн катарында Ооганстанда согушкан, учурда Дүйнөдөгү памирлик кыргыздар бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токер бир күн мурда "Азаттыкка" курган маегинде памирлик кыргыздар Тажикстандын аймагына кире качканын, кыргыздардын арасында коронавиурс менен ооругандары бар экенин айтты.


- "Талибан" кыймылынын согушкерлери Памир менен чектеш Сарат деген жерге чейин келгени айтылып жатат. Алар кыргыздардын мал-жанын санап, жазып кеткени белгилүү болду. Талибдер кыргыздарга "коркпогула, тийбейбиз" дешиптир, бирок Памир деген тоонун башы. Ал жерде байланыш, оорукана же мектеп жок. Андыктан памирлик кыргыздардын башына бир иш келсе, биз кабардар деле болбой калабыз. Мен акыркы жолу өткөн апталарда сүйлөшкөнүмдө, Памирдеги туугандар "Тажикстандын Сарыкол, Мургаб аймактарына кире качтык" деп айтышкан. Андан бери байланыш жок.


- Бала-бакыра, мал-жан менен качкан болсо, катаал шарттарда абалдары кандай болду экен?


- Алар менен акыркы жолу байланышканымда, дээрлик көпчүлүгү коронавирус болуп ооруп жатышкан. Же тоонун башында дарыгер жок. Шаарга түшөлү десе, талибдер менен согуш жүрүп жатат. Айтор, эми Тажикстанга кире качкан болсо, ал жерде бири-бирине оору жугузуп, абалдары жакшы болбой турат го.




- Ал эми Ооганстандын башка шаарларында да кыргыздар бар эмеспи? Учурда алардын жагдайы кандай болду экен?


- Ооба, Ооганстандын башка шаарларында да кыргыздар жашайт. Мазари-Шариф, Кабул, Бадахшан, Кундуз, Гилменд шаарларында жашашат. Алар университетти бүтүрүп, айрымдары мамлекеттик кызматтарда иштешчү. Бирок азыр "Талибан" кыйымылынын басымынан коркуп, "кандай болуп кетер экенбиз" деп турушат. Баары кооптонуп, "жолу табылып, Кыргызстанга кетсек" деген 10 чакты үй-бүлө бар.


- Ооганстанда "талибдердин тизмесине кирип калыптыр" деген сөз бар экен, ал эмнени түшүндүрөт?


- Буга чейин чет өлкөлүктөр менен иштешкен же ооган бийлигинде кызмат өтөгөн 30 миңге жакын кишинин тизмеси "Талибан" кыймылынын колунда бар экенин ал өлкөдө жашаган бардык эл билет. Талибдер эми күч алса, алар бул тизме менен кимдин кайсыл жерде жүргөнүн оңой эле таап алат. Памирлик кыргыздардын арасында да мамлекеттик кызматта иштегендер болгондуктан, алардын да коопсуздугу да коркунучта. Алар кыйноолорго же куугунтуктоого кабылышы мүмкүн.




- Сиз Түркияда жашайт экенсиз. Ооганстандагы кыргыздарга бул жаңжалдан чыгуунун жолдорун издеп жатасызбы?


- Учурда Бадахшандын Файзабад деген жеринде жашаган кыргыз үй-бүлө оор абалда турат. Ал районду талибдер алып коюшкан. Кыргыздар менен сүйлөшкөнүмдө, "кырдаал курч, көчөгө чыга албайбыз, мамлекеттик кызматта иштегендерди куугунтуктап жатышат" деп айтышты. Паспортторду колуна алгандар менден жардам сурашты.


Андыктан Кыргызстанга виза алышса, акырындап көчүп келели деген ойлору бар. Мен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Анкарадагы элчилигине кайрылдым. Алар Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги менен байланышып, маселени көтөрдүк. Эми Ооганстандагы кыргыз үй-бүлөлөр элчилик аркылуу Кыргызстанга келүүнү гана көздөп жатышат. Анткени, ал өлкөдө мындан кийин жашоо шарт жакшырып кетет деген үмүт калбай калганын айтышат.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Военнослужащие Росгвардии Тувы обеспечили проведение регионального этапа игры «Зарница 2.0»

В Туве сотрудники Росгвардии задержали нетрезвого угонщика автомобиля

Росгвардейцы провели встречу на тему будущей профессии со студентами кызылского техникума

При силовой поддержке спецназа Росгвардии в Республике Тыва задержан подозреваемый в хищении лошади

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.