Мы в Telegram
Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено
Бабаево Бабушкин Бавлы Багратионовск Байкальск Баймак Бакал Баксан Балабаново Балаково Балахна Балашиха Балашов Балей Балтийск Барабинск Барнаул Барыш Батайск Бахчисарай Бежецк Белая Калитва Белая Холуница Белгород Белебей Белёв Белинский Белово БелогорскАмурская область БелогорскКрым Белозерск Белокуриха Беломорск Белорецк Белореченск Белоусово Белоярский Белый Бердск Березники БерёзовскийКемеровская область БерёзовскийСвердловская область Беслан Бийск Бикин Билибино Биробиджан Бирск Бирюсинск Бирюч БлаговещенскАмурская область БлаговещенскБашкортостан Благодарный Бобров Богданович Богородицк Богородск Боготол Богучар Бодайбо Бокситогорск Болгар Бологое Болотное Болохово Болхов Большой Камень Бор Борзя Борисоглебск Боровичи Боровск Бородино Братск Бронницы Брянск Бугульма Бугуруслан Будённовск Бузулук Буинск Буй Буйнакск Бутурлиновка
Кадников Казань Калач Калач-на-Дону Калачинск Калининград Калининск Калтан Калуга Калязин Камбарка Каменка Каменногорск Каменск-Уральский Каменск-Шахтинский Камень-на-Оби Камешково Камызяк Камышин Камышлов Канаш Кандалакша Канск Карабаново Карабаш Карабулак Карасук Карачаевск Карачев Каргат Каргополь Карпинск Карталы Касимов Касли Каспийск Катав-Ивановск Катайск Качканар Кашин Кашира Кедровый Кемерово Кемь Керчь Кизел Кизилюрт Кизляр Кимовск Кимры Кингисепп Кинель Кинешма Киреевск Киренск Киржач Кириллов Кириши КировКалужская область КировКировская область Кировград Кирово-Чепецк КировскЛенинградская область КировскМурманская область Кирс Кирсанов Киселёвск Кисловодск Климовск Клин Клинцы Княгинино Ковдор Ковров Ковылкино Когалым Кодинск Козельск Козловка Козьмодемьянск Кола Кологрив Коломна Колпашево Колпино Кольчугино Коммунар Комсомольск Комсомольск-на-Амуре Конаково Кондопога Кондрово Константиновск Копейск Кораблино Кореновск Коркино Королёв Короча Корсаков Коряжма Костерёво Костомукша Кострома Котельники Котельниково Котельнич Котлас Котово Котовск Кохма Красавино КрасноармейскМосковская область КрасноармейскСаратовская область Красновишерск Красногорск Краснодар Красное Село Краснозаводск КраснознаменскКалининградская область КраснознаменскМосковская область Краснокаменск Краснокамск Красноперекопск КраснослободскВолгоградская область КраснослободскМордовия Краснотурьинск Красноуральск Красноуфимск Красноярск Красный Кут Красный Сулин Красный Холм Кремёнки Кронштадт Кропоткин Крымск Кстово Кубинка Кувандык Кувшиново Кудымкар Кузнецк Куйбышев Кулебаки Кумертау Кунгур Купино Курган Курганинск Курильск Курлово Куровское Курск Куртамыш Курчатов Куса Кушва Кызыл Кыштым Кяхта
Набережные Челны Навашино Наволоки Надым Назарово Назрань Называевск Нальчик Нариманов Наро-Фоминск Нарткала Нарьян-Мар Находка Невель Невельск Невинномысск Невьянск Нелидово Неман Нерехта Нерчинск Нерюнгри Нестеров Нефтегорск Нефтекамск Нефтекумск Нефтеюганск Нея Нижневартовск Нижнекамск Нижнеудинск Нижние Серги Нижний Ломов Нижний Новгород Нижний Тагил Нижняя Салда Нижняя Тура Николаевск Николаевск-на-Амуре НикольскВологодская область НикольскПензенская область Никольское Новая Ладога Новая Ляля Новоалександровск Новоалтайск Новоаннинский Нововоронеж Новодвинск Новозыбков Новокубанск Новокузнецк Новокуйбышевск Новомичуринск Новомосковск Новопавловск Новоржев Новороссийск Новосибирск Новосиль Новосокольники Новотроицк Новоузенск Новоульяновск Новоуральск Новохопёрск Новочебоксарск Новочеркасск Новошахтинск Новый Оскол Новый Уренгой Ногинск Нолинск Норильск Ноябрьск Нурлат Нытва Нюрба Нягань Нязепетровск Няндома
Саки Салават Салаир Салехард Сальск Самара Санкт-Петербург Саранск Сарапул Саратов Саров Сасово Сатка Сафоново Саяногорск Саянск Светлогорск Светлоград Светлый Светогорск Свирск Свободный Себеж Севастополь Северо-Курильск Северобайкальск Северодвинск Североморск Североуральск Северск Севск Сегежа Сельцо Семёнов Семикаракорск Семилуки Сенгилей Серафимович Сергач Сергиев Посад Сердобск Серов Серпухов Сертолово Сестрорецк Сибай Сим Симферополь Сковородино Скопин Славгород Славск Славянск-на-Кубани Сланцы Слободской Слюдянка Смоленск Снежинск Снежногорск Собинка СоветскКалининградская область СоветскКировская область СоветскТульская область Советская Гавань Советский Сокол Солигалич Соликамск Солнечногорск Соль-Илецк Сольвычегодск Сольцы Сорочинск Сорск Сортавала Сосенский Сосновка Сосновоборск Сосновый Бор Сосногорск Сочи Спас-Деменск Спас-Клепики Спасск Спасск-Дальний Спасск-Рязанский Среднеколымск Среднеуральск Сретенск Ставрополь Старая Купавна Старая Русса Старица Стародуб Старый Крым Старый Оскол Стерлитамак Стрежевой Строитель Струнино Ступино Суворов Судак Суджа Судогда Суздаль Суоярви Сураж Сургут Суровикино Сурск Сусуман Сухиничи Сухой Лог Сызрань Сыктывкар Сысерть Сычёвка Сясьстрой

Мамлекеттик мүлктүн көбү сатылмай болду

0 160
Мамлекеттик мүлктүн көбү сатылмай болду
Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө даярдыктар башталды. Мунун алдында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөкчү. Демилгени сынга алгандар да, колдогондор да чыгып жатат. Учурда Мамлекеттик мүлк фондунда заводдор, комбинаттар, имараттар, автоунаалар жана башка миңдеген мүлктөр бар. “Элдик экономика” түрмөгүндө ушул тема талданды. Менчиктештирүү бир жылда бүтүшү ыктымал Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараянын Экономика жана финансы министрлиги алып барып жатат. Себеби өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөндөн кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду так ушул министрликтин карамагына кирген. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков 10-майда “Биринчи радиого” берген маегинде жараяндын даярдык иштери тууралуу буларды билдирди: “Тилекке каршы, Кыргызстандын жаңы, эгемен тарыхындагы тажрыйба мамлекеттик мекемелер өзүнүн майнаптуулугун анча көрсөтө албагандыгын ачыктап берди. Ошондуктан жеке менчик тараптар абдан чоң кирешелерди тапканы көрүнүп жатат. Ошондуктан президент да муну жөн жеринен белгилеген жок. Президент бир жылдын ичинде мамлекеттик ишканаларды, мамлекеттик менчиктеги активдерди убактылуу менчикке, колдонууга берүү, кандайдыр бир үлүштөрүн сатуу, акционердик коомдор аркылуу көзөмөл пакетин сактап калуу менен майнаптуулугун бир нече эсе жогорулатуу тапшырмасын койду. Ал биринчи кезекте Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна коюлду. Фонд тараптан иштер жүргүзүлүп, ушул жумада биздин карообузга алып келет. Биз ошол боюнча иштейбиз”,-деди ал. Менчиктештирүүгө байланыштуу билдирүүсүн президент Садыр Жапаров 5-майда, Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземиндеги кайрылуусунда жасаган. Ал мындан аркы башкаруу толук президентке өткөнүн белгилеп, экономиканы өнүктүрүүгө байланыштуу беш сунуш келтирген. Анын биринчиси - бизнести ыңгайлуу шарттарды түзүү, экинчиси - сот тармагын реформалоо, үчүнчүсү - экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу жана төртүнчүсү - түз инвестицияларды тартуу болчу. Мындан кийинки кадам катары Садыр Жапаров бул жагдайды белгилеген: “Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм”. Президент өз сөзүндө “аталган реформалар экономиканын приоритеттүү секторлорун: энергетиканы, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берерин” кошумчалаган. Муну айрымдар мына ушул тармактардагы мамлекеттин карамагында турган объектилерди да менчик колго өткөрүү деп кабыл алышкан. Кантсе да, бул жагдай коомчулукта түрдүү талкууга жем таштады. Саясатчылардын, коомдук ишмерлердин бир тобу бул демилгени кескин сынга алып чыгышты. Алардын ичинде экс-депутат Исхак Масалиев да бар: “Мен бул демилгени аябай терс кабыл алдым. Бул туура эмес. Мамлекеттик мүлктү сатып, байыйм деген киши таптакыр адашат. Токсонунчу жылдардан бери менчиктештирүүнүн алкагында канча гана мүлк сатылды, өлкөбүз байып кеттиби? Тескерисинче, менчикке өткөндөн кийин бир да завод, бир да фабрика калыбына келген жок. Ошол учурдагы менчиктештирүүнү анализдеп, эмне пайда бергенин аныктап алмайынча, азыр кайра мүлктү сатууга чектөө коюш керек. Мамлекеттин колунда азыр эмне калды? Бул коммуникация, энергетика жана башкалар калды. Эгер ошолорду да менчикке берип жиберсек, биз мамлекетти эмнеге алып барабыз, билбейм. Президент “мамлекет эч качан жакшы менеджер боло албайт” деп жатпайбы, мамлекет эмес, өкмөт, ошол жердеги жетекчилер, кадрлар менеджер боло албай жатат. Алардын колдорунан келбесе, мамлекеттин эмне күнөөсү бар? Энергетика тармагындагы ишканаларды, гидроэлектрстанцияларды акционердик компаниялар аркылуу жеке адамдар менчиктештирип алса, бул мамлекеттин келечеги үчүн өтө кооптуу болот. Ошол компанияларды ким башкарса, мамлекет ошого көз каранды болуп калат, тарифтерди да ошол киши каалагандай коюп калат”. Мамлекеттик мүлктүн санагы Мамлекеттик мүлк дегенде кадимки Ак Үй, Өкмөт Үйү, резиденциядан баштап, ишканалар, чарбалар, автоунаалар, заводдор, жада калса ажатканаларга чейин баары ушуга кирет. Алардын жалпы саны үч-төрт жыл мурда миллиондон ашык экени айтылып, наркы 84-86 млрд. сом деп бааланчу. 2020-жылдын жыйынтыгы так эмес, бирок 2019-жылдын эсебинде ал бир аз азайганы көрүнүп турат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Эсеп жана реестр башкармалыгынын башчысы Нурмухаммед Жусупов мындай маалыматтарды берди: “2020-жылга карата толук эсеби чыга элек. 2019-жылга карата жалпы маалыматты берсем, имараттар 10 406, курулуштар 15 022, курулуп бүтө элек объектилер 434, жер участкалары 366, автотранспорттор 7907, темир жол жана аба-суу транспорту 2135, материалдык эмес активдер 78 385, техникалар жана жабдуулар 784 090. Мунун ар биринин баасын айта албайм, ушул категориялардагы мүлктүн жалпы баланстык баасы 83 млрд. 283 млн. 273 миң сом деп эсептелген”,-деди ал. Демек, мына ушунун баары Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын карамагындагы мүлктөр. Болгону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги, Коргоо министрлиги, Улуттук банк сыяктуу 14 мекеменин гана имараттары жана мүлкү кошулбайт. Алардагы мүлктөр купуя сыр болуп саналат. Тиешелүү органдар жайгашкан имаратын, объектилерин, транспортторун жана жабдууларын пайдаланууга укуктуу болгону менен аларга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат. “Бизде каттоодо турганы менен имараттар же башка түрдөгү мүлктөр азыр деле ошол мамлекеттик органдардын өздөрүнүн балансында турат. Алар оперативдик иш алып баруу укугуна ээ. Бирок мыйзамга ылайык, мүлктөргө өкмөт, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аркылуу ээлик кылат деп көрсөтүлгөн. Ошону үчүн азыр бир имарат бир органдан экинчи органга өтсө, биздин буйрук менен өтөт. Албетте, өкмөттүн токтому чыгат, биз болгону анын өткөрүүнү факт жүзүндө ишке ашырып беребиз”,-деди мекеменин Эсеп жана реестр башкармалыгынын башчысы Нурмухаммед Жусупов. Бул аталган фонд ээлик кылган мүлктөрдүн биринчи түрү болду. Маммүлк кожоюндук кылгандардын экинчи түрү - мамлекеттик ишканалар, үчүнчү түрү - акционердик компаниялар деп аталат. Мында мамлекеттик ишкана деген сөз өкмөт өзү түзүп, өзү иштеткен мекемелер. Мамлекеттик ишканалардын саны, акыркы маалыматтарга ылайык, 104 болду. Буга “Кыргыз темир жолу”, “Кыргызкурал”, “Кыргызкөмүр”, “Кыргызкитеп” ишканалары, “Кара-Балта” спирт заводу, “Бишкек-Ош” жолундагы дирекция, "Кыргызгипрозем" долбоорлоо институту, Кара-Суудагы эң ири “Туратали” базары, пансионаттар, санаторийлер, үрөнчүлүк, балык чарба, асыл-тукум, пахта заводдору жана башка чарбалар кирет. Ал эми акционердик компаниялар бул жарым-жартылай мамлекеттик, жарым-жартылай менчик дегенди түшүндүрөт. Мындагы ишканаларда мамлекеттин үлүшү түрдүүчө, кээ бирлеринде 10-15%, же 50-60%, айрымдарында болсо дээрлик 90-100% ээлик кылат. Акционердик компаниялар өзү да үчкө бөлүнөт: ачык акционердик коомдор, жабык акционердик коомдор жана жоопкерчилиги чектелген коомдор. Буларга “Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком”, “Айыл Банк”, “KICB Банк”, “РСК Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызалтын”, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Улуттук энергохолдинг” компаниялары, “Айдаркен сымап”, “Дастан”, “Ош-Дюбек тамеки”, “Кызыл-Кыя-тамеки”, “Кайыңды-кабель” заводдору, “Кыргызнефтегаз”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы, “Кыргызтелеком”, “Учкун” ишканалары кирет. Ушул эле топко “Найман ГЭС” коому жана “Пирамида”, “ОшТВ” телеканалдары да кошулат. Түшүнүктүү болуш үчүн тактап коёлу, мамлекеттик органдардагы мүлктөрдүн ар бири даанасы менен саналат. Ал эми мамлекеттик ишканалар дүңүнөн өзү бирден эсептелсе, акционердик коомдордун акциялары гана каттоого алынат. Башкача айтканда, экинчи-үчүнчү категориядагы ишканалардын ичиндеги мүлктөр өз-өзүнчө мүлктүн реестрине кирбейт. Ошентип Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду акционердик коомдордогу акцияларынан киреше алат, же өзүнүн реестринде имараттарды кайра эле ошол мамлекеттик органдарга же жеке жактарга ижарага берүү менен каражат табат. Ижарага берүү процедурасы “Электрондук сатуу аянтчасы”, тагыраак айтканда etp.okmot.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Фонддон акыркы жылдары канча киреше таап келгенин тактай алган жокпуз. Мурдараак парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жаңы башчысы Мирлан Бакиров мекеменин жыл башынан берки кирешеси менен бөлүшкөн эле: “Биринчи кварталдын жыйынтыгы менен биз берилген планды толугу менен аткарып бүттүк. 135 млн. сом план болсо, 179,3 млн. сом таптык. Бул жалпы дивиденддер, мамлекеттик ишканалардын пайдасы жана ижаралар. 104 мамлекеттик ишкананын ичинен 38 ишкана гана пайда алып келип, өзүн-өзү багып жатат. Калган ишканалар боюнча профилдик министрликтер менен бирге иштешип жатабыз. Мисалы, бир эле Айыл чарба министрлигинде 24 мамлекеттик ишкана бар, бириктире турганын бириктирип, ликвидация кыла турганын ликвидация кылып, приватизациялоо программасы боюнча да иш алып барып жатабыз”. Баса, Кыргызстандын мамлекеттик мүлкүн жапырт эсептөө өнөктүгү 2014-2015-жылдары Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен башталган. Бул иш-чарага жалпы 50 млн. сомдой каражат кеткен жана аны Дүйнөлүк банк бөлүп берген. “Максим Бакиев да ушундай саясат менен чыккан” Экономика жана финансы министрлиги тараткан атайын билдирмеде мамлекеттик мүлктү менчик колго берүү идеясын мамлекеттик секторду оптимизациялоо деп түшүндүрүүдө. Мекеме стратегиялык эмес мамлекеттик активдерди менчиктештирүү рынокту жөнгө салуу, активдерди кыйла натыйжалуу жеке менчик ээлерине жана кесипкөй менеджерлерге өткөрүп берүү чарасы деп аныктама берүүдө. Билдирмеде айтылгандай, жакынкы мезгилде жүргүзүлө турган комплекстүү функционалдык анализдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканаларга карата төмөнкүдөй чаралар кабыл алынат. натыйжасыз иштеп жаткан стратегиялык эмес ишканаларды жоюу же менчиктештирүү; республикалык бюджеттен каржыланган ишканаларды мамлекеттик мекемелерге кайра түзүү; мамлекеттик активдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн берүү; калган мамлекеттик ишканаларды консолидациялоо жана кийинки акционерлештирүү жолу менен кайра түзүү; Ал эми мамлекеттин катышуусундагы ишкердик субъектилерине карата төмөнкүдөй чара каралууда: атаандаштык чөйрөсүндө иштеп жаткан акциялардын мамлекеттик пакеттерин жана стратегиялык эмес компаниялардын мамлекеттик үлүштөрүн менчиктештирүү; операциялык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир катар компанияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү; башкаруу органдарына көз карандысыз директорлорду тартуу; инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө; Министрлик ырастагандай, орто мөөнөттүү келечекте оптимизациядан кийин калган компанияларды бир нече мамлекеттик холдингдерге - башкаруучу компанияларга ("Энергохолдинг", кен казуу ж.б.) өткөрүп берүү пландаштырылууда. Экономика жана финансы министрлиги ошол эле учурда менчиктештирүү маселелери мамлекеттик түздөн-түз функцияларды аткарган жана калкка социалдык жактан маанилүү кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик социалдык объектилерге карата каралбай тургандыгын белгилейт. Бул объекттер министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында иштейт. Мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бийликтин менчиктештирүү саясатын колдоого алып, ал азыркы капиталдык рыноктун талабы экенин айтууда. Мындай пикирин ал “Марал” радиосунун “5+1” берүүсүндөгү маегинде билдирди: “Жөнөкөй эле мисал, мамлекеттин карамагында турган “Аврора” пансионатын алсак, жылына 200 млн. сом табат, кайра 200 млн. сом коротот. Пайдасы нөл, бюджетке киреше жок. Болбосо ошол эле учурда 50 орундук кичинекей эле пансионаттар жылына миллиондогон кирешелерди таап жатышат. А тиги жакта миң кишилик пансионат мамлекеттик болгону үчүн эч кандай пайда таппай олтурат. Эгер аны жеке менчик бир компания иштетсе, ал 100-150 млн. сом пайда тапмак, андан кирешеден алган салык катары 10-15 млн. сом бюджетке түшмөк. Ал жерге жылына маселен, миң адам эмес, беш миң адам эс алса, ар бир адам калтырган акчадан 12% кошумча нарк салыгы түшөт, социалдык төлөмдөр өсөт, жумушчулардын айлыгы көбөйөт. Мындайча айтканда бюджетке эселеп көп пайда түшөт. Анан президенттин, премьер-министрдин “пансионатты кантип иштетем?” деп башы оорубаш керек. Анткени ал мамлекетке тиешеси жок нерсе, туристтер менен иштейм деген бир ишкердин иши. Ошону эл түшүнүшү керек”. Бийликтин позициясын жактагандар бир гана жагдайды, жараянды ачык жүргүзүүнү жана коррупцияга жол бербөө керектигин эскертип жатышат.   Демилгеге каршы чыккандар да мына ушул эле жүйөнү карманып, менчиктештирүүдөн кайра эле аткаминерлер, байманалуу кишилер же бийликте иштегендердин тааныш-билиштери эле туйтунуп алышарын белгилешет. “Нур” партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Руслан Бекназаров мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү бүткүл элдик добуш берүү аркылуу чечүүнү талап кылды: “Урматтуу Садыр Нургожоевич, бул оюңуздан кайтыңыз. Колуңардан келбесе, мамлекеттин, элдин мүлкүнө кыянатчылык кылбай, кетиңиздер. Эгер мамлекеттин кайсы бир мүлкүн жеке колдорго беребиз десеңер, анда кадимкидей эле референдум өткөрүп, “макулсуңарбы?” деп, сурап, элдин жообун алыш керек. Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев да кезинде ушундай саясат баштаганын билебиз. Ал да “мамлекет бул начар менеджер, жеке колго бериш керек, өнүктүрүш керек” деп отуруп, “Түндүкэлектрден” баштап, “Кыргызтелеком”, “Кыргызпочта”, анан кийин аэропортко чейин, бардыгын жеке колго өткөрөбүз деген саясатты алып барышкан. Эл буга каршы болуп, аларды кууп, башка, жаңы бийлик алып келген. Бүгүн ошол саясатты улап жатканыңыз сизге аброй алып келбейт”. Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик мүлктү массалык менчиктештирүүнүн биринчи этабы өлкө алгач эгемендик алган жылдары, 1991-1994-жылдары орун алган. Төрт этаптан турган өнөктүк 2015-жылдарга чейин созулган. Учурда Кыргызстандагы чарбалардын жана мүлктөрдүн дээрлик 90-97% бөлүгү менчик колдо экени маалымдалат.



Кызыл

Телемачта в Саранске окрасится в яркие цвета в День радио


Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Телемачта в Саранске окрасится в яркие цвета в День радио

В День Победы телебашня в самарском регионе озарится праздничными огнями

На телебашне в Тамбове включат тематическую подсветку в честь Дня Победы

Салюты и Вечный огонь будут сиять на телебашне Благовещенска в День Победы

Новости Кызыла

"Елимай" и "Кызыл-Жар" выявили полуфиналиста Кубка Казахстана в матче с одним голом

Телемачта в Саранске окрасится в яркие цвета в День радио

При силовой поддержке спецназа Росгвардии задержаны жители Тувы, подозреваемые в хищении бюджетных денежных средств в крупном размере

В Бурятии в Бурдраме директор награждена медалью «За заслуги» - концерт, культура, Россия


В больнице Красноярска выписали из реанимации всех пострадавших в аварии на Шагонарской ТЭЦ  

За три месяца на Орловщине долги за ипотеку выросли на 28%

Пашинян: Алма-Атинская декларация - необратимая реальность как базового принципа делимитации границы Армении с Азербайджаном

"Елимай" и "Кызыл-Жар" выявили полуфиналиста Кубка Казахстана в матче с одним голом


В больнице Красноярска выписали из реанимации всех пострадавших в аварии на Шагонарской ТЭЦ  

Кызылские росгвардейцы участвуют в патриотической акции «Бессмертный автополк»

Стало известно, сколько потратят власти Тувы на систему оповещения

В Туве пьяный отец во сне придавил новорожденную дочь


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Тува

Владислав Ховалыг возглавил делегацию Тувы на церемонии инаугурации Владимира Путина


Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Персональные новости
Сергей Брановицкий

Кабинет Артиста – подключение и настройка на различных музыкальных стримингах.



Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.


© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 123ru.net в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, "My Love", Ru24.pro, Russia24.pro и др.

Худшие образы звезд на Met Gala 2024: Лана Дель Рей в «москитной сетке» и Карди Би с прической Мардж Симпсон

“У меня тоже была депрессия после того, что ты сделал своими руками!” Дава разоткровенничался перед Ольгой Бузовой в шоу “Сокровища императора” на ТНТ

«В фонограмме нет ничего плохого»: певец Лоза оценил бесплатный концерт Мадонны в Рио-де-Жанейро

"Вся лажа этим заканчивается": Шевчук со сцены в Дубае призвал зрителей к революции


Павлюченкова официально аккредитовала на турнир в Риме двух своих собак

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме

Азаренко: Я из среды, где не принято говорить о своих чувствах, поэтому пришлось учиться

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме


Driving Los Angeles 8K HDR Dolby Vision - USC to Manhattan Beach

Seven reasons Sporting are champions of Portugal

Sci-Fi Short Film BackSpace Forever - DUST - Online Premiere

Exclusive - Kettan Singh apologises to Karan Johar after filmmaker expresses disappointment over his mimicry on Madness Machayenge; says 'My intention was never to hurt him'