Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Чек ара: Эки тарап ок атышууну токтотууну макулдашты

0 89
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара аймагындагы ок атууну толук токтуу жана аскерлерди чек ара тилкесинен алып чыгып кетүү келишимине жетишти.


Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы, кыргыз делегациясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы, тажик делегациясынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугушкандан кийин айтылды.


“Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитация жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссия талаштарды чечүү үчүн чогулдук, - Саймумин Ятимов. - Чек арадагы райондордо болгон трагедия эч качан кайталанбашы керек. Анткени, бул аймакта биздин эл узак убакыттан бери ынтымакта жашап келет. Биз, саясатчылар, эки эл тынчтыкта жана достукта жашашы үчүн бардык маселерди чечишибиз керек. Бүгүн кыргыз-тажик жеринде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу үчүн принципиалдуу келишимге жетиштик. Кыска убактта бардык маселелерди чечип, биздин эл мурдагыдай достукта жашап, толук туруктуулук орнойт деп ишенем”.


Камчыбек Ташиев Кыргызстан жана Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын бүгүнкү жыйынында төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын билдирди.


“Бүгүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында жолугуп, эки мамлекеттин кызыкчылыгындагы төрт пункттан турган протокол кабыл алдык. Ооба, Кыргызстан менен Тажикстандын элдери эң оор мезгилди башынан кечирип жатат. Эки өлкөдө трагедия орун алды. Бизге бул убакытта жолугуу оор болду, бирок мамлекет башчыларынын тапшырмасы менен биз бул иш-чараны өткөрдүк. Жыйынтыгында толук ок атууну токтотуу жана чек арага жакын турган бардык аскерлерди жана аскер түзүмдөрүн мурдагы ордуна кайтаруу чечимин кабыл алдык. Бүгүнтөн тартып биздин урматтуу коңшуларыбыздын жана биздин аракетибиз менен толук тынчтык орнойт деп ишенем. Протоколдо белгиленген чечимдер аткарылат деп үмүттөнөбүз”.


Ошондой эле 1-майда эртең менен Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө участогунан кайра жабылып калган Ош-Баткен-Исфана автожолу ачылды. 28-апрелден бери жабык турган жол 30-апрелде ачылып, бирок бүгүн аны тажик тарап тороп алганы айтылган.


Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусунан кийин жол да ачылды.




Баткендеги чек ара чырынан улам Тажикстанда барымтада кармалып турган 10 кыргызстандык 1-майда мекенине кайтарылды. Алар ушул тапта Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 29-апрелде тажик жарандары Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди баш кылып 10 тургунду барымтага алышкан.


Барымтадагылар Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында бошотулду.


Чек арадагы абалды көзөмөлдөө үчүн эки тараптуу жумушчу топ түзүлдү


1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, жолугушуу эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында өткөнүн билдирди.


Расмий маалымат боюнча, анын жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:


1. Кыргызстандын убактысы боюнча саат 15:00дөн тартып (Тажикстандын убактысы боюнча саат 14:00дөн тартып) аскерлерге (күчтөргө) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык участкаларында ок атышпоо режими жөнүндө маалымдап, аскерлерди (күчтөрдү) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүү.


2. Аскерлердин (курал-жарак жана аскердик техниканын) туруктуу жайгашкан жерлерине алып кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн эки тараптан үч адамдан турган жумушчу топту түзүү.


3. Түшкөн маалыматтарды (дезинформацияны) текшерүү үчүн эки тараптан үч адамдан турган текшерүү тобун түзүү жана эгер ал тастыкталса, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды алып кетүүнү уюштуруу жана тараптарды туруктуу жайгаштыруу пункттарына чейин узатуу.


4. Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майынан баштап Кыргызстандын убактысы боюнча саат 08:00дө (Tажикстандын убактысы боюнча саат 07:00дө) башталат.


Лейлек районундагы кырдаал


Буга чейин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал 1-майда курч бойдон калып жатканын билдирген. Ошондой эле Лейлек районунун чек аралаш айылдарында абал кооптуу болуп жатканы айтылган.


“Азаттыктын” кабарчылары Лейлекке жөнөтүлгөн гуманитардык жардам жол жабылгандыктан кайра артка кайтууга мажбур болуп жатканын кабарлашкан.




Лейлек районунун тургуну Эркинбек Мансуров аймакка гуманитардык жардам жетпей, кырдаал оор экенин билдирди. Мансуровдун айтуусунда, Лейлек районунда күйүүчү май дагы түгөнүп баратат.


“Бензин тартыш болуп жатат, бүгүн түгөнүшү мүмкүн. Лейлек азыр анклавда калды. Гумжардам Баткенде гана калып, бери өтпөй жатат. Кулунду, Арка, Оочудан келген кары-картаңдар, аялдар, балдар он миңден ашып кетти. Аларды Сүлүктүгө жайгаштырдык. Адам ушунчалык көп болгондуктан баарына гумжардам жеткире албай жатабыз. 2-3 күн абал ушундай тура берсе элге өтө кыйын болуп калат. Тажиктер бастырып киргендиктен жылаңаяк качып чыгышкан. Аларга колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Бирок кийим-кечек, тамак-аш керек болуп жатат, муктаж болуп жатабыз. Маалымат каражаттары элди тынчтандыруу үчүн туура эмес маалыматтарды берип жатат. Чынында абал оор, эл кыйын абалда. Баткен облусунун администрациясына, губернаторго бардык бийлик өкүлдөрү келип жатат. Бирок Лейлекке бир дагы бийлик өкүлү келген жок. Моралдык колдоо катары да бир сөз айтканга жарабай жатат".


Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркаган. Максат жана Арка айылдары көбүрөөк талкаланган. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон. Арка айылындагы мектепти кайтарып отурган мектеп директору Гапыр Мадеминов абал тууралуу буларды айтты:


“Ок атуу токтогону менен талап-тоноо болуп кетиши ыктымалдыгы бар. Ошондой аракеттер элди кооптондуруп жатат. Президенттер сүйлөшкөндөн кийин комиссия түзүлдү деп жатат. Ошолор келип, жеринен көрүп, эл менен жолугушса жакшы болмок. Жергиликтүү бийлик деле колдон келгенин жасап жатат, бирок көбүрөөк көңүл бурушу керек. Арка айылындагы кыз-келиндер, балдар тоо жактагы айылдарга эвакуацияланган”.


Лейлек районунун Жаштык айылынын башчысы Акжол Муратов 1-майда чек аралаш аймактагы абалды мындайча сүрөттөдү:


“Азыркы учурда абал тынч. Кыргыз тарап да, тажик тарап да өз позициясында турат. Азыр биз чоңдорду карап турабыз. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө тынч. Анча-мынча жерде 10-15 мүнөттөн ок атышуу болуп калып жатат. Ок чыгарып жаткандар да бар”.


Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков менен Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозимдин жолугушуусу өттү. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу 1-майда Лейлектин Интернационал айылында болду.




28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кагылышта Кыргызстандан 34 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 15 киши каза болгонун билдиришүүдө. Кыргызстанда 1-2-май жалпы улуттук аза күтүү күнү катары жарыяланды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.


“Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында да, аскер кызматкерлер арасында да көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Андан жергиликтүү тургундар жана юридикалык жактар ири өлчөмдө материалдык зыян тартты. Буга байланыштуу президент койгон жарлыкка ылайык 1-2-май күндөрү Кыргызстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды”, - деди президенттин басма сөз кызматынын башчысы Нуркамал Асканова.


Ал арада Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери акыркы бир суткада экинчи ирет телефон аркылуу сүйлөштү.




Тараптар чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулап, ок атышууну толук токтотуу жана аскер күчтөрүн ордуна кайтаруу маселесине өзгөчө көңүл бурушканы белгиленди. Жапаров менен Рахмон чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине байланыштуу өкмөт аралык комиссиянын жыйынын баштоо боюнча да пикирлерин айтышканы кабарланды.


Рахмон менен Жапаров жаңжалдан кийин биринчи жолу телефон аркылуу 30-апрелде сүйлөшкөн. Эки президенттин сүйлөшүүсүнөн кийин тажик тарап Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара бекетинен жана Тажикстандын “Гулистон” чек ара бекетинен куралдуу күчтөрүн алып чыгып кеткени айтылган.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 1-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Анда “Эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал турукташууга багыт алганын белгилешти” деп айтылат.




Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да кыргыз-тажик чек арасын талкуулады. Токаев 1-майда кыргыз-тажик чек арасында курман болгондорго байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты.




Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, "Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгиледи".


Токаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен да сүйлөштү.


28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. 


 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

РТРС украсит телебашни России светом в память о Великой Победе

Тамбовская телебашня включит праздничную подсветку в День радио

На Казанской телебашне в честь 9 Мая включат подсветку со Знаменем Победы

На телебашне в Самаре включат праздничную иллюминацию в День радио

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.