HRW: Чек арада аскер мыйзамдары бузулганы иликтенсин
0
303
Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюму 28-апрелден бери кыргыз-тажик чек арасында уланып жаткан куралдуу кагылышта карапайым эл жабыркаганын белгиледи.
Чек арадагы куралдуу кагылыштарда эки тараптан кеминде 40тан ашуун кишинин, анын ичинде карапайым адамдардын, минеметтун огунан жеткинчек кыздын өмүрү кыйылды. Тажикстан менен чектешкен Баткен жана Лейлек райондорунун ондогон айылы жабыр тартты.
Медиа каражаттары Баткендин Көк-Терек айылындагы 17 үй тең өрттөлгөнүн, ал эми Лейлек районундагы бир нече айылда тургундардын үй-жайы өрттөлгөнүн кабарлашты.
Кыргыз бийлиги мектеп да өрттөлгөнүн, калган алты мектепте жаңжалдан качып чыккандар убактылуу баш калкалап турганын билдирди. Тажик маалымат каражаты кеминде бир айылдан карапайым тургундар эвакуацияланганын кабарлады.
Маалыматтарга караганда, чек арада кагылыш Ворухка чукул жердеги суу бөлүштүрүүчү пунктка көзөмөл камераларын орнотуудан улам башталып, зордук-зомбулук менен коштолгон, ага эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрү тартылган.
29-апрелдин кечинде жетишилген ок атышпоо тууралуу макулдашуу 30-апрелде эле кайра бузулгандай.
Бейшембиден тарта социалдык медиада тарап, "Хьюман Райтс Вотчтун" колуна тийген видеодо жөнөкөй кийимчен, куралданган тажиктер өрттөнүп жаткан үйлөрдү айланып басып жүргөнү жана бульдозер дубалды сүзүп, бузуп жатканы көрүнөт. Ары жакта тажик аскерлери турат. Эки видео тең Кыргызстандын аймагында тартылганы айтылат.
Миномёттор, артиллерия жана ракеталар атылганда анын радиусу так болбогондуктан, же бир нече курал бир колдонулгандыктан, ок алыска чачырап жатат.
Эки тарап тең аскердик операцияны улантса эл жашаган аймактарга зыянын тийгизип, огу алыска чачырай турган куралдарды колдонуудан баш тартуусу керек.
Чек арада кагылыш чыкканда колдонулчу аскердик мыйзамдар бутага алынган аскердик жайлар менен жарандык объектилерди, анын ичинде турак жай, мектеп жана медициналык жайларды так ажыратууну эки тараптан тең талап кылат.
Башаламан жана ашыкча чабуулга өтүүгө тыюу салынат.
Эки өлкөнүн тең коопсуздук күчтөрү чек аралаш аймактарда жарандарга жана алардын жеке мүлкүнө каршы кылмыштарды болтурбоонун аракетин көрүүсү керек.
Кыргызстан менен Тажикстан ондогон үй-жайдын өттөлгөнү жана алыска чачырай турган куралдардын колдонулганы тууралуу маалыматтарды ыкчам иликтеп, карапайым тургундардын жана алардын канча мүлкү талкаланганын аныкташы керек. Аскер мыйзамдарын бузганы үчүн күнөөлүүлөрдү таап, карапайым жарандарга укуктук жактан коргонууга шарт түзүп берүүгө милдеттүү.
Эл аралык коомчулуктун реакциясы:
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка тынчсыздануусун билдирди. Ал чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонуу ыкмаларын колдонууга жол берилбестигин жана мындай окуялардын алдын алууга зарыл механизмдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилейт.
“Деструктивдүү күчтөр кооптонууну жаратат, алардын аракеттери мыйзамга ылайык эки тараптан тең катуу кысымга алынышы керек. Анткени мындай кырдаалдын кесепети бүтүндөй регион үчүн закаласын тийгизет. Ушундан улам Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козутууга түрткү берген чагымчыл аракеттерге берилбөөгө, токтоолукту сактоого чакырыктары абдан маанилүү”, - деп жазылган билдирүүдө.
30-апрелдин кечинде Тажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү көчөнү ачып, Кызыл-Белге кирген аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арада ок атышпоо тууралуу макулдашканын «туура кадам» деп баалаган. Бул тууралуу ЕККУнун баш катчысы Хельга Шмид «Твиттердеги» баракчасына жазган.
“Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кооптуу болуп, адамдардын өмүрү кыйылганы трагедия. Ок атышпоо тууралуу кечээги макулдашуу туура кадам. Мен ЕККУнун алдындагы милдеттемелерди так аткарууга жана такай сүйлөшүүлөр аркылуу кырдаалды жөнгө салууга чакырам”, -деген Хельга Шмидт.
Европа Биримдигинин дипломатиялык мекемеси болгон Европанын Тышкы байланыштар кызматы да кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалдан улам билдирүү таратты. Анда Еврошаркет коңшу мамлекеттердин ок атууну токтотуу жана чек ара маселелерин саясий жол менен жөнгө салуу келишимин кубаттаган.
ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара чырын тынч жол менен чечүүгө чакырды.