Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Аялдар маршы: Теңчиликтин жарчысы

0 136
Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы ураандар чакырылды. Жүрүш бул ирет тынч, эч бир чыр-чатаксыз жыйынтыкталды.


Бул жолку жүрүштө активисттер “Окуган кыз ордун табат!”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет!”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт!”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо!”, “Кызыл камчы сынсын!”, "Тынч митингдерге эркиндик!" деген сыяктуу жазуулары бар баракчаларды көтөрүп бара жатышты.


Колуна кагаз көтөрүп бараткан активист Эржигит Имамов быйыл экинчи жолу аялдар тилектештигине арналган маршка келгенин айтты:




“Былтыркы маршты кууп таратышкан. Ошондуктан бул жолу кыздарды коргойлу деп келдик. Бирок, провокация болгон жок. Мен бүгүн өзүм ак калпакты кийип алып, кыргыздын эркектери аялды кордобой, коргойт турганын көргөзгүм келди”.


Катышуучулар Ак үй деп аталган парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты. Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурду. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылып, ураандар чакырылды. 8/365 кыймылынын өкүлү Мира Токушева бул жолку жүрүш “Аялдык бакыт” тууралуу жаңылыш ойлорду төгүндөөгө арналганын айтты:




“Аялдык бакыт бул - эркин болуу, акысыз билимге, өзүн өнүктүрүүгө кыздарга шарт түзүп берүү. Кыздар ала качууга кабылбай, аларда тандоо болушу керек. Мына ушунун баары аялдык бакыт. Биздин кыймылдын аты айтып жаткандай эле биз аялдардын укуктарын бир жылда бир күн эмес, 365 күн коргогонго аракет кылабыз”.


Жүрүшкө келген билим берүү жана тарбия боюнча адис Асылбек Жооданбеков аялдардын укугун коргоого коомчулук дайыма көңүл буруп турушу зарыл деп эсептейт:


“Аялдардын укугу тебеленгени жоюла элек. Биз 8-мартта куттуктап, жакшы сөз айтабыз. Бирок, аялдардын укугун коргоону дайыма, күн сайын улантышыбыз керек. Аялзатынын укугу толук сакталганда гана өнүккөн укуктук мамлекет болобуз”.




 


Уюштуруучулардын айтымында жүрүшкө 500гө жакын адам катышты. Алар жарандык активисттер, укук коргоочулар, блогерлер жана Бишкек шаарынын тургундары. Алардын бири блогер Азиза Мурзашева жүрүштүн аялдардын укугун коргоодо болгон маанисине токтолуп өттү:


“Ушундай жүрүштөрдөн кийин дайыма коомчулукта “Аялдар жакшы эле жашайт, аялдар бактылуу, эмне үчүн чыга бересиңер?” деген суроолор болот. А бирок, чындыгында аялдардын укуктарына баланыштуу чечиле элек маселелер көп. Биздин өлкөдө аялдар өзүлөрүн коопсуз сезе алышпайт. Алтургай үйүндо да кооптонушат. Менимче, бул абдан жаман көрүнүш".


Жүрүш активист Айдай Токоеванын зомбулуктан каза болгон аялдарга арналган перформансы менен жыйынтыкталды. Айдай өрүлгөн чачын эл алдында кесип салды:




“Менин чачымдагы жазууларда зомбулуктан каза болгон аялдар тууралуу айтылган. Мисалы, "аялы тамакты жай бышырып жатат" деген шылтоо менен күйөсү ага бензин чачып, газды күйгүзгөн. Же болбосо, “акча кана?” деп сураганы үчүн аялын сабап, өлтүргөнү. Мен бул перформанс менен кыздардын укуктарына коомчулуктун, мамлекеттин көңүлүн бургум келди. Кыргызда “кыздын кырк чачы улуу” деген макал бар. Бирок, ал макал чындыкка дал келген жок. Ошондуктан чачымды кесип салдым”.


8-март күнү Ош шаарында дагы активисттер аялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгышты. Анын маалында активисттер аялдар укуктарына арналган кыргыз, озбек тилинде плакаттарды көтөрүп чыгышты.


Кыргызстанда «Аялдардын тилектештик маршы» бул ирет тынч, эч бир чыр-чатаксыз жыйынтыкталды.




Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.




6 активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан. Жогорку сот кийин ал чечимди жокко чыгарды. 


Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.Буга чейин Улуттук статистика комитети үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В Туве кинологи Росгвардии обследовали избирательные участки

Свыше двух тысяч выездов совершили экипажи вневедомственной охраны Тувы за 8 месяцев 2026 года

В Туве росгвардейцы заключили соглашение с руководством техникума о сотрудничестве

В Туве росгвардейцы задержали угнавшего чужой автомобиль мужчину

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.