Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Мигрант кыз-келиндерди колдогон демилге

0 231
2-февралда «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду миграцияда жүргөн кыз-келиндердин укуктарын коргоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темасында жыйын өткөрдү. 


Өз үй-бүлөсүн, шаарын, айылын өнүктүрүүгө жана тынчтыкты сактоого мигрант кыз-келиндердин кошкон салымы зор. Бул тууралуу билдирген «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду миграцияда жүргөн жана мекенине кайткан аялзаты үчүн долбоор сунуш кылды. Анын өкүлү Чынара Абдраимакунова долбоордун максатын түшүндүрдү: 


«Биз мигранттардын балдарына «Тынчтыкты кандай элестетесиңер?» деп сүрөт тарттырдык. Дээрлик бардыгы апасынын сүрөтүн тартты. Демек, балдар «тынчтык – бул апам» деп түшүнөт. Бирок апасы ошол балдарын багайын деп, айласыздан мигрант болуп жүрөт да. Ошондуктан биз долбоорду мигрант кыз-келиндер үчүн тынчтыкты сактоо максатында алардын укуктарын камсыздоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жарыяладык. Ал «Мекенине мээримин төккөн айымдар» деп аталат. Долбоорго Кыргызстандагы алты айылдын тургундары катышса болот. Ар бир айылдан бирден долбоор тандалат. Анда айылына пайдасы тийгидей демилгелер камтылышы керек. Балким жумуш орундарын түзгөн чакан ишкерлик деле болушу мүмкүн. Жыйынтыгында жеңүүчүнүн ар бирине 230 миң сомдон грант берилет».




«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду сунуш кылган долбоордо Кыргызстандагы алты айыл сыналуучу аймак катары тандалып алынган. Алар - Ош облусунун Төөлөс, Бей айылдары, Баткендин Ак-Турпак, Орозбек айылдары, Жалал-Абаддын Кызыл-Туу айыл аймагы жана Талас облусунун Кара-Буура айылы.


Бул айылдарда миграциянын агымы өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу жогору деп табылган. Алардын ичинде балдарын туугандарына таштап коюп, көр-тириликтин айынан миграцияга кеткен аялдар да көп.


«Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду чет жерде иштеп, мекендештерин колдош үчүн уюм түзгөн мигрант кыз-келиндердин маалымат базасын топтогон. Ага ылайык, мындай фонддор дүйнөнүн чар-тарабында бар экени аныкталган.




Коронавирус коркунучунан улам 2020-жылы март-апрель айларында Кыргызстанга жарыяланган карантин режиминде жана аталган илдет күчөп турган жай айларында чет жактагы мигранттар мекенине байма-бай көмөк көрсөтүп турган. Анын ичинде акчалай жардамдан баштап, дары-дармекке чейин жөнөткөнү маалым. Фонддун өкүлдөрү мекенине жардам берүү боюнча мигрант кыз-келиндер демилге көтөргөнүн байкашкан.


Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандык мигранттар үчүн түзүлгөн «Аманат» аттуу фонддун өкүлү Айзада Станбек кызы буларды айтты: 




«Алгач Кыргызстандагы көп балалуу, өп-чап жашаган үй-бүлөнү көрүп зээнип кейиген. Ошондон улам жардам бере баштадым. Түштүк Кореяда «Аманат» деген фонддун мүчөсү болдум. Аталган фонд аркылуу кыргызстандык мекендештерге, тактап айтканда турмуштун оор сыноолоруна кабылган, кырсактаган, ооруп калган адамдарга жардам бердик. Саамалыкты дагы улантып жатабыз. Анткени башка өлкөдө кыйынчылык тарткан кыргызстандыктар болбосо дейм. Фонддун башка да мүчөлөрү менен биримдикте иш алып барабыз».


Айзада Станбек кызы чет жерде иштеген ар бир кыргызстандык эле жакшы жашап кетпей турганын белгилейт. Ал өзүнүн башынан кечирген кыйынчылыктарды айтып берди: 


«Түштүк Кореяга 2014-жылы баргам. Жумуштун жоктугунан пол жууп иштеген күндөрүм болду. Оор жүк ташып да жүрдүм. Бара-бара ал жакка көнүп, азыр мекендештериме жардам берип турам».




Миграцияда жүргөн кыз-келиндер моралдык колдоого муктаж экени айтылып эле жүрөт. Айрыкча Орусияда иштеген аялзаты башынан оңбогондой кыйынчылыкты өткөрөт. Мунун бирден-бир себеби документ маселесинде. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Максат Туларбекова билдирди. Аталган кызмат адистер менен бирге миграциядагы кыз-келиндер туш болгон кыйынчылыктарды жана жетишкендиктерди изилдеп чыккан.




«Каттоо, медициналык камсыздандыруу - мигранттардын башкы маселеси, - дейт ал. - Башкы кыйынчылык акчанын жетишсиздигине барып такалат. Ошондуктан мигрант кыз-келиндер кош бойлуу болуп калган учурда ооруканага каттоого турушпайт. Мунун кесепети өзүнүн жана курсагындагы баласынын саламаттыгына доо кетирет. Чет жердеги Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары аларга кеп-кеңеш берип турат. Бирок бул мекемелерге бардык эле мигранттар кайрыла бербейт».


Улуттук статистика комитети 2020-жылга карата тышка мигрант болуп агылган кыргызстандыктардын расмий эсебин чыгара элек.


Ал эми 2019-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстандан чет жакка чыккан мигранттардын саны 732 миң адам деп эсептелген. Алардын 640 миңинин Орусияда расмий каттоосу бар. Кыргызстандыктар Орусиядан тышкары эң көп Түркия менен Казакстанга иштегени барышат. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнө жана АКШга иш издеп барган мигранттар жылдан-жылга көбөйүп жатканы айтылууда. Расмий маалыматка ылайык, мигранттардын 53% аялдар.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В Туве росгвардейцы задержали угнавшего чужой автомобиль мужчину

В Кызыле росгвардейцы обеспечили безопасность горожан во время празднования Дня города

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.