Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Пандемия: Жапайы жаныбарларды кырбасаң, соо болосуң

0 215
COVID-19 пандемиясы дүйнөнү күтүлбөгөндөй өзгөрүүгө дуушар кылды. Жугуштуу илдет жер бетин каптап, калайык үйдөн чыга албай калганы айлана-чөйрөгө пайдасын тийгизип, жаратылыш бир топ жанданганы сезилген. Пандемиянын бизге берген сабагы эмне?


Биотүрдүүлүк, тамак-ашка талап жана оору-сыркоо

Дүйнөнү бейпага салган COVID-19 пандемиясы бизди курчап турган айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаганда гана адамдын жашоосу бейпил болоорун далилдеди. Биотүрдүүлүктүн азайып баратканы жана тамак-ашка талаптын кескин өскөнү жан-жаныбарлардан жукчу илдеттердин көбөйгөнүн таасын көрсөттү.


Адистер белгилегендей (Woolhouse and Gowtage-Sequeria, 2005), оору-сыркоонун 60% кишиге айбанаттардан жугат. Ал эми жаңы аныкталган вирустардын төрттөн үч бөлүгү жан-жаныбарлардан берилет. Алардын арасында бүткүл дүйнөнү бейпайга салган ВИЧ/СПИД илдети кишиге приматтардан, Рифт-Валли безгеги жана куш тумоосу, чочко тумоосу - үй жаныбарлары менен канаттуулардан жуккан.


Панголин - сейрек кездешүүчү (демек, кырылып жок болуп бара жаткан), териси илгерки жоокерлер кийчү  зоотко окшош, Кызыл китепке кирген кичинекей жырткыч.


Былтыр февралда Кытайда эпидемия күчөп жатканда, Гуанчжоу Айыл чарба университетинин окумуштуулары аткезчилерден тартылып алынган панголиндерден таажы вирусу чыкканын, генетикалык жагынан ал адамга жукчу SARS-CoV-2 вирусуна 99% дал келээрин ырасташкан.




Бириккен Улуттар Уюмунун биотүрдүүлүк боюнча адиси, биолог Мария Воронцова адамзат азыр туш болгон кризиске коомдун чексиз керектөөсү жеткиргенин белгилейт.


- Пандемия болушу мүмкүн деген эскертүү кеминде 30 жылдан бери айтылып келген. Оору-сыркоонун төрттөн үч бөлүгү табияттан, жапайы жаныбарлардан адамга жугаары илгертеден эле белгилүү. Соңку жылдары табигый ресурстарга өзгөчө жигердүү басым жасалып келе жатат. Бул коронавирустун Кытайдан чыкканы дагы кокусунан эмес, анткени ал өлкөдө токойдун баары кыйылган, аба ышка айланган. Ал эми токойлор жоголсо, жаныбарлар адамдарга жакындашат. Ошондой эле кытайлыктар тамак-ашка жана салттуу медицинасында жапайы жан-жаныбарларды көп колдонгондуктан, вирус дал ошол жакта чыкканы таң калычтуу эмес. Бирок бул бир эле Кытайда эмес, Ухандагы базарга окшогон жерлер Батыш Африка менен Латын Америкасында дагы жайнайт. Учурда тропикалык токойлор көп кыйылып, адамга көп вирустар жана бактериялар жугат деген коркунуч күчөдү.


Азыр киши өзү карантинде болуп, үйдөн чыкпай жатканда, жапайы табият жанданып, мисалы, Венеция сыяктуу шаарлардагы каналдарда балык, ал эми Санкт-Петербург шаарынын борборунда кемчет пайда болгонуна күбө болдук. Пандемиядан кийин адамдар кадимки жашоосуна кайткандан кийин мунун баары кайра жоголобу?


- Бул, албетте, убактылуу эле тыным алуу. Жаныбарлар кере дем алып, Петербургдун каналында сүзүп көрүштү, Венециянын суусунда дельфиндер пайда болду. Азыр абдан таң калычтуу нерселер болуп жатат. Океанда суу мейкиндиги ызы-чуу, ар кандай добуштарга толуп калган эле. Танкерлер, кемелер ары-бери тынымсыз каттагандыктан, киттер бири-бирин уга албай калган. Алар өтө чоң аралыктан, миңдеген чакырымдан бири-бири менен байланышууга жөндөмдүү.


Карантинден улам кемелер көп жүрбөй, азыр мухит дагы тынчтана түштү. Мындан улам Беринг кысыгында гренландиялык киттердин «баарлашуусун» угуп, атайын иликтөөлөр жүрүп жатат. Азыр баардык океандарда киттер бири-бири менен сүйлөшүп, угуп, өз дүйнөсүнө кайтып келди десек болот.


Бул жагдай бизге да ойлонууга убакыт берет. Мунун баары убактылуу, анткени азыр көчөлөрдө автоунаа, киши азайды. Жаныбарлар мурункудай коркпой-үркпөй калышты.


Бирок жашоо-турмуш мурунку калыбына келгенде жаныбарлар кайра эле өз коңулдарына кайтышат. Бирок алардын жашоосу алда-канча арып, байырлаган аймактары кыйла кыскарганын да эстен чыгарбашыбыз керек. Биз алардын «үйлөрүн» кысып салдык.


Мына ушул себептен био-артүрдүүлүк азайып, жаныбарлардын айрым түрлөрү жөн гана ойрон болуп кетти. Жалпы жонунан алганда, төрт миңдей эле жолборс, жыйырма миңдей арстан, эки жүз миңдей пил калды. Бул абдан аз сандар жана бул өтө өкүнүчтүү, – дейт биолог Мария Воронцова.


COVID-19 пандемиясы маалындагы карантин бизди курчаган жашыл жаратылышка кыска гана мөөнөттүк оң таасирин тийгизип, айрыкча климатка тийгизген таасири кыска гана мезгилди кучагына алды.




Абанын булганышы: Кыска мөөнөттүк пайда жана келечектин сабагы

Адамдын жашоосуна тийгизген таасиринен сырткары COVID-19 кризиси энегетикалык секторго жана абанын булганышына түздөн түз таасир этип жатат. Коронавирустун экономикага тийгизген терс таасири, тескерисинче, өндүрүштөн чыккан булганыч газдарды азайтып, мурунку жылга салыштырмалуу атмосферага чыккан уулуу газдардын жалпы көлөмү аз болоору күтүлүүдө.


Карантинде эл үйдө өтурганда унаа тармагынын иши кескин токтоду, эл аралык туристтик жана бизнесс каттамдар жабылды. 2020-жылы Европада автожол аркылуу жүргүнчү ташуу мурунку жылга салыштырганда 57% азайган. Ал эми Эл аралык аба жолдорунун биримдиги Европада эле көрсөткүч мурунку жылдын июнь айына салыштырмалуу 65% түшкөнүн жарыялады. Бул сандар жалпы дүйнөлүк алкакта унаадан чыккан булганыч газдар азайгандыгынын айкын мисалы.


Бирок адистер баса белгилегендей, 2020-жылкы көрсөткүч - бул кыска мөөнөттүк гана жетишкендик болуп саналат. Пандемиядан кийинки кадимки турмушта мындай көрсөткүчтү сактап калуу үчүн энергиянын атаандаш булактарын кеңири колдонуп, улам калыбына келчү отундардын системаларына өтүү зарыл.


COVID-19дун айынан үйдө обочолонуп отургандын пайдасы - абанын тездик менен тазарышы болду. Бул айрыкча абасы булганган чоң шаарларда байкалды. Бир айлык байкоолор көрсөткөндөй, Европада 2020-жылдын жазынан тарта көпчүлүк өлкөлөрдүн калкы карантинде отурганда автомобилден чыккан азоттун кош кычкылы кескин азайганы байкалган. Бирок жыл этегине жакын абанын булганышы карантинге чейинки абалга кайра жакындаганы байкалды.


Бул көйгөйгө келгенде, Кыргызстандын баш калаасы Бишкектеги кейиштүү абалды айтпай коё албайбыз.


Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун иликтөөсүнө караганда, 2021-жылы 3-4-январда Бишкек абанын булганышынын көрсөткүчү боюнча төгөрөктүн төрт бурчунда биринчи орунга чыкты. Адатта кыш киргенде миллиондон ашуун тургуну бар шаарды ыш каптайт.




Абанын сапаты жана COVID-19

Адистер пандемия башталгандан бери булганган аба коронавируска чалдыккан кишинин абалынын оорлошуна кандай таасир этээрине байкоо салып жатышат. Абанын булганышы жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын илдеттерин пайда кылат. Ал эми мындай оорудан жабыркагандарга COVID-19 жукса, өмүрүнө коркунуч абдан чоң.


Мисалы, италиялык илимпоздор булганыч аба, озон, күкүрттүн кош кычкылы адамдын дем алуу органдарынын иммундук системасын алсыратып, коронавируска туруштук бере албай каларын аныкташкан. Германияда жүргүзүлгөн иликтөөлөр экологиясы булганган аймактарда жашагандар коронавирустан көп жабыркаганын көрсөтөт. Ушул тапта бул нуктагы изилдөөлөр уланууда.


Илимпоздорду кызыктырганы – "булганган абадагы көзгө көрүнбөгөн катуу бөлүкчөлөр же чаң коронавирусту таратабы?" деген суроо. Италиянын Бергамо шаарында абадагы чаңдан генетикалык анализ алганда SARS-CoV-2 табылган. Андыктан булганган аба коронавирусту бир топ жерге чейин учуруп барып, инфекцияны жайылтышы мүмкүн деген божомолдор да бар. Ошол эле маалда абадагы майда бөлүкчөлөр андайга жарабайт деген көз караш да басымдуу.


Ошондой эле чоң шаарларда карантин маалында ызы-чуу кескин азайып, ал дагы убактылуу болсо да экологиялык жагдайга оң таасирин тийгизди.




Желим таштанды жана кайра иштетүү

COVID-19 пандемиясы желим өндүрүүгө жана пайдаланууга, ошондой эле андан чыккан таштандыга байланыштуу чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Таштандыга эми медициналык калдыктар да кошулду.


Пандемияда жеке коргонуу каражаттары, беткап, мээлей, халат, дезинфекциялоочу каражаттарга талап глобалдык деңгээлде болуп көрбөгөндөй күчөдү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, ай сайын дүйнөдө 89 миллион медициналык беткап, 76 миллион мээлей жана 1,6 миллион коргоочу көз айнек керек болду. Бир эле Кытайда мындай таштандынын көлөмү 6% көбөйдү.


Шаарлардагы кафе-ресторандар жабылып, тамак-ашты кардарга жеткирип берген кызмат көбөйдү. Бышкан тамак-аш бир жолку желим идишке, баштыкка салып жөнөтүлдү. Интернет дүкөндөр да өз товарларын жылтырак менен желимге ороп-чулгап жиберишет.




Ошентип бир жолку желим буюм-тайымдар COVID-19ду ооздуктоодо эбегейсиз роль ойносо да, аны колдонуу ушунай ыргакта кете берсе, акыры Жер төгөрөгү желимге чөмүлүп калат деген коркунуч бар. Ал эми бир жолку желим каражаттарды өрттөп жок кылуу айлана-чөйрөнү бузуп, анын ичинде абаны булгайт.


Пандемия маалында мунайдын дүйнөлүк баасы түштү. Андыктан желим чыгарган ишканалар таштандыны кайра иштеткендин ордуна, желимди табигый булактардан өндүрө баштады. Дүйнөдө азыр желимди жана андан чыккан таштандыны кайра иштетүү тармагы чоң басым алдында калды.


COVID-19 алааматы токтобой, дүйнө эли дагы деле кооптонуу менен чектелген шартта жашап жатат. Эки миллионго чукул кишинин өмүрүн кыйган илдетке каршы вакцина түрлөрү атаандаш өндүрүлүп, ар кыл мамлекеттердеги өкмөттөр өз калкынын коопсузугу үчүн канчалык аракет кылганы менен, азырынча коронавирусту толук жеңдик деп айтууга али эрте.


Деги эле пандемия бизди эмнеге үйрөттү?


Бул суроону химия илимдеринин кандидаты, профессор Сайнеке Бообекова узаттык.




Туура бир жыл мурун Жер төгөрөгүн каптаган пандемия жашыл планета менен адамдын күндөлүк жашоосунун өз ара тыгыз байланышын көрсөттү. Адамдын керектөөсү чексиз өсүп, илим менен технология өнүксө дагы дүйнөнүн үшүн алган COVID-19 илдети таза аба, жашыл табиятка жана аны мекендеген жан-жаныбарларга аяр мамиле жасоону көрсөттү.



Ар жыл сайын адамзат 10 миллион гектар токойду жоготот, океандар болсо желим таштандыга толот. Булганган аба менен суудан жылына 9 миллион кишинин өмүрү кыйылат, бул - пандемиянын курмандыктарынан эселеп көп жоготуу. Илимпоздор булганган аба менен COVID-19дун оор түрүнүн ортосундагы байланышты табышканын эске сала кетсек да ашыкча эмес.



Коронавирус пандемиясы жашоонун булагы болгон табиятка адамдын жасаган мамилеси тууралуу ойлонууга түрткү болду.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В Туве кинологи Росгвардии обследовали избирательные участки

Свыше двух тысяч выездов совершили экипажи вневедомственной охраны Тувы за 8 месяцев 2026 года

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.