Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026
1
2
3
4
5
6
7 8
9
10 11 12
13
14 15
16
17 18 19
20
21 22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Нарындагы ашынган аңчылыктын азабы

0 229
Өкмөт аңчылык кылууга тыюу салынган жан-жаныбардын тизмесин кеңейтип, айыптын өлчөмүн көбөйттү.


Мындай түзөтүүлөр жаратылыштын ар түрдүүлүгүн сакташ үчүн жана жаратылышты туура пайдалануу жаатында мыйзамдарды, талаптарды сактоо максатында кабыл алынды. Ошондой эле бул демилге Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо жагынан жоопкерчиликти күчөтөрү айтылууда. 


Ушул күндөрү Кыргызстанда уруксат берилген аңчылык сезону жүрүп жатат. Тоо текеге жана кекилик, чил, өрдөк сыяктуу канаттууларга ууга чыгууга уруксат алгандар тоо-токойлордо аңчылык кылып, кайберендерди кокту-колоттордо бутага алып жаткан кези. 


Нарын районунун тургуну Кенжебек Төлөгөнов тоого келген аңчылар күндөн-күнгө көбөйүп жатканын айтты. Ал аңчылардын туш келди атылган огунан жапайы жандыктар жер которуп, жаратылыштын кунары кетип жатканына кейиди: 


«Негизи аңчылык кылгандар көп эле. Биздин өрөөндө мурун кекилик, чил жана кыргоол дегендер көп болчу, жыл өткөн сайын азайып баратат. Быйыл ооруга байланыштуу мергенчилик кылгандар аз болот деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Биринчи кар жааган күндөн тартып эле жер жайнап келе баштады. Уруксат кагазы барбы-жокпу, аны деле сураган киши жок, тарсылдатып аткылап эле жүрүшөт».






Аңчылык кылууга тыюу салган жаныбарлардын премьер-министр Артем Новиков кеңейткен тизмесине Борбор Азиядагы кундуз, тоо казы, жарганат, суур, ошондой эле канаттуулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бир канча түрү киргизилген. Маселен, борбор азиялык кундуз Кызыл китепке киргизилди, эми аны аткандар 20 миң сом айып төлөйт. Ал эми канаттуулардан жыланчылдар үчүн 100 миң сом, күрөң көгүчкөн үчүн 10 миң сом, кашык тумшук үчүн 50 миң сом айып салынат. Буга чейин аларды аткандарга эч кандай чектөө болгон эмес. 


Мамлекеттик экотехинспекциянын Нарын аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Улан Жаанбаев аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесин кеңейтүү, айыпты жогорулатуу өз учурунда жакшы пайдасын тийгизерин белгиледи: 


«Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айыпты көбөйтүү жакшы жыйынтык берет. Бирок эл ичинде ага карабай эле ууга чыккандар бар. Биз эми колдон келген аракетти кылып жатабыз. Түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Соцтармактар аркылуу да элге маалымат жеткиребиз. Мурда айыптын көлөмү дээрлик жокко эсе болчу. Бир тоо эчкиге ашып кетсе 1,5 миң сом төлөчү, ал кезде браконьерлер менен күрөшүү да оор болчу».






Нарын шаарынын тургуну, жаратылышты коргоо тармагында көп жылдан бери эмгектенген Рудбек Абдраев айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге жана жапайы жаныбарларды аёосуз кыргандарга салына турган айыпты жогорулатыш керек деп эсептейт.


«Түп-тамыры менен оңдобосо айыпка жыгуу маселени чечпейт, - деди ал. - Айып пулду көтөрүп койгон менен аны коргой турган киши жок болсо иш жылабы? Жаратылышты коргоо кызматкеринин айлыгы көтөрүлмөйүнчө айыпты беш эсе көбөйтсөң да маселе чечилбейт. Мурда кийик аткандар кармалчу, айып көбөйгөндөн бери кармалгандар азайды. Бирок ошол эле учурда эч ким атпай калды дегенге ким кепилдик берет? Балким пара берүү менен кутулуп кетип жатышкандыр? Адегенде кызматкерлерге жакшы көңүл буруш керек».


Кыргызстанда адатта аңчылык сезону сентябрдын башында башталып, декабрдын акырында аяктайт. Быйыл да ушул маалда кулжа менен тоо текеге, кийикке, каманга жана айрым канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилген. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандагы тоо-токойлордо 46 миң баш кайберендин түрү, үч миңден ашуун каман катталган. Мындан тышкары Кызыл китепке киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашык деп эсептелген.






Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, быйыл 800дөн ашуун кулжа менен текени, 60 баш каманды атууга уруксат берилген.


Кулжа атуу дүйнөдө жана Кыргызстанда тандалма аңчылык болуп саналат. Ушундан улам Кыргызстанга чет өлкөдөн келип, мергенчилик кылгандар арбын. 2018-жылы аңчылык кылууга уруксат берүүдөн мамлекеттин бюджетине 50 миллион сом түшкөн.


Чет элдиктер аркар-кулжанын картаңын же мүйүзүнүн мүмкүн болушунча узунун жана адырлуусун атканга аракет кылышат. Кыргызстандагы кулжалардын адырлуу мүйүзүнүн узундугу 1,5 метрге чейин жетет.


Кыргызстанда аңчылык чарба тармагында 52 ишкана бар. 42 ишкана - жеке менчик мергенчилик чарбалар. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруп берет.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Стартовал период агитации в СМИ перед выборами в Госдуму

В Шагонаре офицер Росгвардии провёл рабочую встречу со специалистами кадрового центра

Росгвардия обеспечивает безопасность граждан на открытии IV Международного буддийского форума в Кызыле

Росгвардия обеспечила безопасность участников Международного буддийского форума в Туве

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.