Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Некролог: Каныбек Исаков билим берүү тармагына чоӊ өзгөрүүлөрдү алып келди

0 60
Каныбек Исаков Кыргызстандын билим берүү тармагына чоӊ өзгөрүүлөрдү алып келген жетекчи, үзүрлүү эмгектенген илимпоз жана коомдук ишмер катары тааныла алды. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров баштаган жетекчилердин жана илим, билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди.


Некрологдо Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы орду толгус жоготууга учураганы айтылды.


Мурдагы билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков 12-ноябрда 51 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 13-ноябрда маркумдун сөөгү Ош облусунун Ноокат районунда жерге берилди.


Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган.


Эмгек жолун 1986-жылы Ноокат районундагы Бел-Өрүк колхозунда иштөөдөн баштаган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетине тапшырып, 1993-жылы аны артыкчылык диплому менен аяктаган. 1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.


Педагогикалык ишмердикти 1993-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу болуп иштөөдөн баштап, аталган окуу жайда улук окутуучу, декандын орун басары, проректор жана ректор кызматтарына чейинки баскычтарды өткөн. 1995-жылы студенттик «Нур» гезитинин башкы редактору болуп дайындалып, студенттердин билим алуусу менен бирге чыгармачылыгын да өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасаган. Идеяга бай, эмгекчил, ынтызарлык сапаттарынын аркасында 1997-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары, 1998-жылы аталган окуу жайда ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы кызматтарын аркалаган. 2000-жылы ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында эмгектенген. 2005-жылы ОшМУнун  мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган. 2006-2011-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болгон. Бул жылдары ОГПИ педагогика тармагындагы мыкты кадрларды даярдоочу бирден-бир окуу жайына айланган. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалып, бул окуу жайын 2019-жылга чейин жетектеп келген.


ОшМУда окутуу процессин жакшыртуу, окуу процессин башкарууну автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын киргизүү, инфратүзүмдү жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, анын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети Борбор Азиядагы алдыӊкы окуу жайлардын катарына кирген.


2019-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. Бул учурда да өлкөнүн билим берүүсүндө чоӊ өзгөрүүлөр болгонуна коомчулук күбө болду.


Исаков илимпоз катары да үзүрлүү эмгектенген. 2001-жылы кандидаттык диссертациясын, 2011-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган, 150дөн ашык илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору болгон, ошондой эле анын бир нече көркөм-адабий китептери жарык көргөн.


Исаков коомдук ишмер катары да өзүн көрсөтө алган. Ош шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты болуу менен өлкөдө жана Ош шаарында билим берүүнү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп келген.


Үзүрлүү эмгеги үчүн 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги», 2006-жылы «Кыргыз тили» төш белгилери, 2007-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы коомдук академиянын академиги, 2010-жылы Жапониядагы Сока-Гаккай университетинин «Ардактуу профессору», Түркиядагы Кастамону университетинин «Ардактуу профессору», 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана башка сыйлыктар менен сыйланган.


Исаков үч кыз, бир уулга татыктуу тарбия берген.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В Туве росгвардейцы задержали угнавшего чужой автомобиль мужчину

В Кызыле росгвардейцы обеспечили безопасность горожан во время празднования Дня города

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.