Өзбекстан 1-октябрдан тартып чек араларын ачат
0
72
Өзбекстан 1-октябрдан тартып чек араларын ачат. Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын штабдын чечими менен коңшу өлкөдө кийинки айдан тартып аба, темир жана автожол каттамдары ачылат. Кытай, Түштүк Корея, Австрия өңдүү бир нече мамлекет «жашыл тизмеге» киргизилип, бул өлкөлөрдөн келгендер эч кандай шартсыз Өзбекстандын аймагына кире алышат. Ал эми башка мамлекеттерден бара тургандар учакка отурар алдында тесттин жыйынтыгын көргөзүшү зарыл.
Борбор Азия мамлекеттеринен автожол аркылуу баргандар тесттин жыйынтыгын көргөзгөндөн кийин 14 күн үй карантинине жиберилет.
1-сентябрдан тартып Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы «Достук», «Кызыл-Кыя» жана «Маданият» бекеттери эки тараптуу ачылган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, Өзбекстанга кирүүнү каалаган кыргыз жарандары акыркы 72 саат ичинде ПЧР-анализ тапшырганын, таза экенин тастыктаган кагазы болсо карантинге алынбайт. Өзбекстандык жарандар үчүн мындай талап жок.
Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын сентябрдын башында ачкан. 14-сентябрдан тартып Бишкек-Ташкент аба каттамы ачылды. Расмий Ташкент өз чек араларын март айында пандемияга байланыштуу жапкан. Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 18-сентябрга карата 50 миңге чукулдап калды. 400дөн көп киши көз жумду.