Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026 Октябрь 2026
1 2
3
4
5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Аскаровдун байбичеси Жогорку сотко кайрылат

0 82
Кыргызстанда абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы үйүн өз наамына өткөрө албай жатат. 


Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Базар-Коргон районунун борборундагы үйүндө ал камакка алынган 2010-жылдан бери байбичеси Хадича Аскарова жалгыз жашап келет.


Аскаров абакка кесилгенден кийин соттун чечими менен үй да камакка алынган. Хадича Аскарованын доо арызынын негизинде турак жайдын камактан чыгарылганына жарым жыл болгону менен кызыл китеп 9-сентябрда гана кайтарылып берилди.


Азимжан Аскаровдун укугун сотто коргоп жүргөн адвокат Валерьян Вахитов кызыл китептин өз убагында берилбегенин "мыйзам бузуу" деп сыпаттады. Анын айтымында, мыйзам боюнча үй камактан чыгарылгандан кийин маселе он күн ичинде чечилиши керек эле.




«Камактан чыгарылганына 4-5 айдын жүзү болду. Аскаровдун байбичесине жабырлануучу тарапка 175 миң сом моралдык зыян төлөө тууралуу милдеттеме коюлуп, аны төлөп берди. Көзү тирүү кезинде Азимжан Аскаров үйдү уулунун наамына каттатып коюуну айткан экен. Хадича Аскарова Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнө жумалап-айлап, тынбай каттады. Эртең-бүрсүгүнү деп атып абдан чуркатышты. Бюрократия болду. Андан кийин Аскаровдун көзү өтүп кетти. "Жок бербейбиз" деп да айтышпайт. Антип айтышса да түңүлүп, сотко кайрылат элек».




2010-жылы Азимжан Аскаров камалып, соттолгондо анын үйү камакка коюлуп, укук коргоочулардын жана адвокаттардын аракети менен камактан чыгарылган. 2019-жылы үй кайрадан камакка коюлган.


Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова экинчи жолу үйдүн камакка коюлганы тууралуу өз убагында кабардар болбогонун билдирди.




«2019-жылдын февралында документти алайын деп жүрүп капысынан ооруп калып , Ташкентке кетсем, үйдү кайра камакка коюп коюшуптур. Азыр ошол үйдө жашап атам. Мени эч ким "чык" дей элек. Бирок үйдү өзүмдүн атыма каттап беришкен жок. Кызыл китепти убарагерчилик тартып жүрүп алаң алдым».




«Азаттык» Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Султаналиевге байланышканда кызыл китеп үйдүн камактан чыгарылганы тууралуу документтин жоктугуна байланыштуу берилбей келген деп түшүндүрдү.


« Байбичеси келип эле бизден документти талап кылып жатат. Же өзү камактан чыгарылган деген документ алып келбеди. Соттун чечими менен камакта болгондуктан үйдүн документин бере албай жүргөнбүз. Сот аткаруучулар эми токтом чыгарып беришти».


Кыргызстандын мыйзамдары боюнча турак жай ээсинин көзү өткөндөн алты айдан кийин жакындарына катталууга тийиш.


2010-жылдагы июнь окуяларында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров быйыл 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду.


Анын байбичеси Хадича Аскарова учурда Бишкек шаардык сотунун Азимжан Аскаров боюнча чечимине каршы Жогорку сотко кайрылууга камданып жатат.


«Азимжан күнөө кылбай эле күнөөкөр болуп калды. Анын күнөөсүз, ак экенин далилдөө үчүн колубуз жеткен жерге чейин барып, болгон аракетибизди көрөбүз. Ысымын акташ үчүн күрөшөбүз. Күнөө кылгандар четте калып, Азимжан ак жеринен күйүп кетти».




Бишкек шаардык соту быйыл 20-августта Аскаровдун тирүү кезинде өкмөткө каршы жазган апелляциялык доо арызын карап, административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.


Ага дейре, 12-июнда Бишкектин административдик соту «иштин алкагындагы талашта өкмөт жооптуу эмес» деген жүйө менен Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан.


Азимжан Аскаровдун өлүмү эл аралык коомчулуктун, укук коргоо уюмдарынын кыргыз бийлигин олуттуу сынга алышына жем таштады.




Бирок бийлик укук коргоочунун сот иштеринде эл аралык нормалар сакталды деп эсептейт. Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков 1-августта КТРКнын "Биринчи радиосуна” берген маегинде билдирип, ошол эле убакта сот чечимдерине комментарий берүү туура эмес экенин айткан.




«Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма да сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Менин сот чечимдерине комментарий бергеним туура эмес болуп калат», - деген анда Сооронбай Жээнбеков.


Аскаровдун сөөгү 31-июлда Өзбекстандын Ташкент облусунун Янгибазар айылында жерге берилген. Кыргызстандын укук коргоо органдары башынан бери эле Аскаровдун күнөөсү далилденгенин кайталап келген.




Укук коргоочу көзү тирүү кезинде бир нече жолу кайрылуу таратып, милиция бул ишти кесиптик ишмердиги үчүн өч алуу максатында атайын уюштурганын, айыбы жок экенин билдирген болчу.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В Туве офицер вневедомственной охраны Росгвардии провела профориентационный урок для кадетов

При силовой поддержке спецназа Росгвардии пресечен незаконный оборот оружия и наркотических средств в Республике Тыва

В г. Кызыле сотрудники Росгвардии поздравили педагогов с Днем учителя

Александр Мясков предупредил о росте активности медведей перед спячкой

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.