Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Өзгөндө өлтүрүлгөн таксист, эл салган оорукана

0 142
"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.


Жалал-Абад


Жалал-Абад шаарында 29-июлдан тартып алгачкы түнкү стационар иштей баштады. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залында ачылган жай 20 орунга ылайыкталып, дарыгерлер жана ыктыярчылар бейтаптарды кабыл алууда. Жаңы ачылган стационардын дарыгерлери коомчулуктан жардам күтүшөт.




Бишкек


Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус жуктурган 35 143 адамдын 24474ү айыгып кетти. Дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн сактап калып, эл катарына кошуу үчүн күндүр-түндүр бел чечпей эмгектенип жатышат. COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар дарыланган “кызыл зонада” иштеген дарыгерлер кандай оор кырдаалда эмгектенип жатышканын айтып беришти.


Адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөн ондогон дарыгер жарыкчылык менен кош айтышты. "Азаттыктын" "Пандемия: Кимди жоготтук" тизмеси боюнча көз жумган медицина кызматкерлеринин саны 60ка чукулдады.




Боронов: Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында вируска чалдыккандар көбөйдү


Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында коронавирус менен ооруп жаткандар көп болуп жатат. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүш керек экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 30-июлда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.


«Учурда жаңы ооруканаларды куруу жана өлкө аймактарында колдонулбай турган имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ошол эле учурда эксплуатацияга бериле турган ооруканалар менен бейтапканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча жумуштарды жасоо зарыл. Алардын өз учурунда көрсөткөн көмөгүнөн бейтаптын кийинки ал-абалы жана таза айыгып чыгышы көз каранды.


Мындан тышкары Дары-дармек менен камсыздоо департаменти үзгүлтүксүз негизде аймактардын, ар бир алыскы айылдын тийиштүү медикаменттер жана жабдуулар менен камсыздалышын көзөмөлдөшү зарыл.


«Тез жардам» кызматы кайрылгандарга өз учурунда көңүл бурушу керек, алар келбей жана көмөк көрсөтпөй калган учурлар болбошу керек», - деди Кубатбек Боронов.


Талас


Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы аймактык ооруканасынын аймагында коронавирус илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн эски имарат ашар жолу менен оңдолуп жатат.


"Кара-Буура Жаштар Биримдиги" уюму иштин жүрүшүн чагылдырган сүрөттөрдү "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырып, бул ишке жалпысынан жаштардын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен беш миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталарын жазды.




Саламаттык сактоо миинстрлигинин Талас облусу боюнча координатору Айжамал Шамбетованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, оңдолуп жаткан бул имарат оорукананын эски имаратынын жарактан чыгып калган кабыл алуу бөлмөсү болчу.


"Кара-Буура райондук ооруканасынын администрациясынын эмгек жамааты мыкты. Бул оорукананын алдында кабыл алуу бөлүмү бар болчу. Ал имарат таптакыр жарактан чыгып калган. Алар тыйын чогултуп, ашар жолу менен бүтүрүп жатат. Жакында эле губернатор барып, жеринен таанышып, "Бакубат" фондунан дагы миллион сом которуп беришти. Анан кийин бир миллион сомду менимче Кара-Буура районунун ошол жердеги Кировка айылдык кеңеши (Кызыл-Адыр айылдык кеңеши) которуп берди. Бул эски имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүп жатышат.


Бул имараттын дубалы эле калган. Эшик, каалга, электр зымдарынан баштап чатырына чейин жаңыртылат. Даараткана салынып, суу киргизилип, канализацияга туташылат.


Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү талаптарга жооп бербейт. Инфекциялык бөлүмдүн имараты 1990-жылдардын аягында авариялык абалга кептелип, ал жактан чыгарып салган. Анан жугуштуу оорулар бөлүмү жалпы имаратта 2-кабатта жайгашып калган.


Учурда коронавирустан улам бейтаптарды обочо шартта дарылоо зарылдыгы келип чыкты. Болбосо коронавируска чалдыккандарды 2-кабатка жаткырса, оорукананын ишмердүүлүгү толук токтоп калат. Кабыл алуу бөлүмү жөн гана бейтаптарды кабыл албастан, фильтр катары пайдаланылат. Дене табы көтөрүлүп, коронавирустун симптому барлар ошол жерге жаткырылат",-деди Шамбетова.


Ош


29-июль күнү Өзгөн районунун администрациясынын алдына 100дөн ашуун адам чогулду. Алар киши колдуу болуп каза болгон Өзгөн районуна караштуу Заргер айылынын 29 жаштагы тургунунун өлүмү калыс тергелишин талап кылышты.


Бул тууралуу Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев билдирди:


«Алар соттордон, милициядан «кылмышкерлерди соттоп бересиңер» деген талап коюп келишиптир. Биз көзөмөлгө аларыбызды айтып, түшүндүрдүк. Алар кылмыш кылгандар акча берип чыгып кетишинен чочулап жатышат».


Дыйканбаевдин айтымында, нааразылыкка чыккан маркумдун туугандары, айылдаштары бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн соң тарап кетишкен.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда нааразылык акциясы учурунда эч кандай мыйзамсыз аракеттер болгон эмес.


Таксистти өлтүрүү жана анын өлүмүн жашыруу үчүн шектүү төрт адамдын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынган.


Мурда таратылган маалыматтарга караганда жергиликтүү милиция автоунаасы менен кошо өрттөлгөн адамдын сөөгүн 27-июлда тапкан. 29 жаштагы такси айдоочу дайынсыз жоголгону тууралуу арыз менен жакындары 19-июлда кайрылган.




Курман айт намазы да бул жолу мечиттерде жана аянттарда окулбайт


31-июлда Кыргызстандын мечиттеринде жана аянттарында Курман айт намазы окулбайт. Муфтият бул тууралуу 27-июлда билдирүү таратып, мындай чара коронавирус эпидемиясына байланыштуу көрүлүп жатканын жарыялаган.


Мусулмандардын дин башкармалыгы COVID-19 инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин жана илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербеш керек экенин белгилеген. Муфтият элди мындай чечимди туура түшүнүү менен кабыл алып, Курман айт майрамын башкалардыкына айттап барбастан, үйдөн белгилөөгө чакырган.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Военнослужащие и сотрудники Управления Росгвардии по Республике Тыва успешно сдали контрольную проверку за зимний период подготовки

Начальник Управления Росгвардии по Республике Тыва проверил безопасность детских лагерей на антитеррористическую защищенность

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.