Кытай Марска пилотсуз миссиясын жөнөттү
0
205
Кытай өзүнүн биринчи планета аралык станциясын Марска учурду. "Тяньвэнь-1" жабдыгы "Кызыл планетага" эмки жылдын 11-февралында жетет деп пландалууда. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик "Синхуа" агенттиги кабарлады. "Чанчжэн-5" ракета ташуучу Хайнандагы Вэнчан космодромунан 23-июлда эртең менен старт алды жана 36 мүнөттөн кийин орбитага чыкты.
"Тяньвэнь-1" Марстан тышкары Айга, Юпитерге жана астероиддерге чейин учууга кудуреттүү кылып курулган. Анын курамында орбиталдык аппарат менен конуучу платформа бар.
20-июлда Бириккен Араб Эмираттары да "Кызыл планетага" космос жабдыгын жөнөткөн.