Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

COVID-19: илдетти жеңгендер

0 103
12-июлга карата коронавирус 10 629 адамдан табылып, 3387 бейтап айыгып кетти. Айрым бейтаптар илдетти жеңил өткөрсө, башкалары деми кыстыгып, жандандыруу бөлүмүнө да түшүп калышууда. Ар бир бейтаптын оору белгилери да, дарылоо ыкмасы да ар кандай. Ооруну жеңген бейтаптар СOVID-19 илдети, оорунун белгилери, аймактык оорукананын кейиштүү абалы тууралуу «Азаттык» менен ой бөлүштү.


"Илдеттен кийин өзүмдү алсыз сезем"


Бишкек шаарынын тургуну Адилет март айына чейин коронавирустан кабары да болгон эмес. Кыргызстанда коронавирус алгач катталганда "ооруган адамдын дене табы көтөрүлүп, жөтөлөт" деп маалымат булактардан окуган.


- Мен бул оору кадимки сасык тумоого окшоп эле жеңил өтөт деп ойлогом, - деди ал.


Адилет спорт менен тынбай машыккандыктан бул ооруга чалдыкпай турганына ишенген. Бирок баары ал күткөндөй болгон жок. Спорт залга барып келгенден кийин өзүн жаман сезе баштаган. Ооруса да жумушка чыгып, ал арада ооруканага барып да көрүнгөн. Дарыгер ага жөн гана тамагы ооруп жатканын айтып, дары жазып берген. Андан бир күн өткөн соң жумушунда тест тапшырып, COVID-19 илдетин жуктуруп алганы белгилүү болгон. Дарыгерлер ага алгач үйдөн дарыланууну сунуш кылган. Көп өтпөй дем алуусу кыйындап, жөтөлү күчөй баштаган. Өпкө тушу ооруп, дем жетпей кыйналганын азыр эстегиси да келбейт.


«Алгач сөөктөрүм сынгансып, тамагым да ооруп, дары ичсем да айыкпай жаткан. Беш күндөн кийин жөтөл башталды. Жөтөлгөндө өпкөм тим эле чачырап кетчүдөй болуп, дем алган сайын ооруп жатты. Тез жардам кызматына чалсам албайт. Акыры эптеп чалып, абалымды түшүндүрүп, анализимде COVID-19 чыкканын далилдеп, абдан кыйналып жатканымды айтканда гана келишти. Ага чейин "абалыңызды байкап, үйүңүздөн дарыланыңыз" деп эле жатышкан.


Мен кечки саат алтыда ооруй баштагам. "Тез жардам" түнкү экиде келди. Мен ооруган учурда шаарда абал мынчалык курчуй элек болчу. Ооруканага түшкөндөн кийин абал курчуп, адамдар ооруп, бейтапканаларда орун жетишпей жатканын Интернеттен көрдүм».


Адилет Бишкекте орун жок болгондуктан Канттагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Барган күнү рентген өпкөсү таза экенин көрсөткөн. Дары, ийне алып айыгып келе жатканда дене табы дагы көтөрүлүп, түшпөй койгон. Ошондо гана өпкөсү кагынып калганы белгилүү болгон.




«Мен ооруканада жатканда цефомед деген антибиотикти сайып, эки маал тамчылатма ийне алып жаткам. Ошого карабай бешинчи күнү дене табым көтөрүлүп, кыйнала баштадым. Рентгенге түшсөм пневмония башталыптыр. Дарыгерлер дароо пневмонияга каршы дарыларды бере баштады. Ошондо гана өзүмө келип, дене табым түшүп, кенен дем ала баштадым.


Бул оору оңой эмес экен. Ооруканадан 1-июлда чыктым. Дагы деле башым ооруп жатат. Бул оору канды коютуп салат экен. Ошондуктан азыр да башым ооруп, алсыраганым кете элек. Мен спорт менен машыгып жүрүп ушунча оорудум. Эгер өнөкөт оорусу бар же жашы улгайгандар болсо, бул ооруну көтөрүшү оңой эмес», - деди ал.


"Бейтапкананын абалын көрүп ыйлагың келет"


Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, жеке ишкер Ибрагим Балтабаев коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканына үч күн болду. Ал Ош шаарында группалаштары менен жолугушууга барып, андан кийин ооруп калган. Алгач кодулоодон коркуп, уялып эч кимге айткан эмес.




«13-июнда биз алты бала чогулганбыз. Ошол балдардын баары оорушту. Мен алгач ооруганда үйдө болчумун. Башкаларга окшоп коркуп, уялып, ооруганымды жашырдым. "Ушунча элден мен коронавирус болуп ооруймунбу?" деп ойлодум. "Коронавирус менен оорусам мамилелер үзүлөт, тааныш-досторум мени менен сүйлөшпөй коёт" деген ой кетти.


Өтө кыйналганда 23-июнда ооруканага бардым. Мага COVID-19 жана пневмония деген диагноз коюшту. Денемдин ар бир клеткасы ооруп жатты. Көрсө, бул оору өтө коркунучтуу экен. Бирок коронавирус болуп ооруган уят эмес. Аны жашыруунун кажети жок. Вирус абада жүрөт. Кайдан болсо да жугуп калышы мүмкүн».


Ибрагим Балтабаев Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканада дарыланган. Аны менен бир палатада кесиптеши да ооруп жаткан. Кесиптешинин илдети күчөп, кайтыш болгонун ал көзүнө жаш алып эстеди.


«Садыбакасов деген жигит эле. Экөөбүз бир палатада беш күн жаттык. Ал өтө оор абалда келген экен, беш күн бою дене табы түшпөй койду. Эки тараптуу пневмония экен. Дем ала албай кыйналып жатты. Менин абалым салыштырмалуу жакшы болгондуктан ага дарысын, жылуу суу, чай берип жаттым. Биздин ооруканада болгону үч кислороддук концентратор бар экен. Бешинчи күнү кесиптешиме үчөөн тең алып келип коюшту. Бирок ал да жардам бербей, эртеси каза тапты».


Ооруканадагы шарттын жоктугун, кесиптешинин каза тапканын көргөн ишкер өтө кейип калган. Азыр ал ооруканага жардам берүү максатында демилге көтөрүп, өзүнө окшогон ишкерлерди жардамга чакырып жүргөн кези.




«Балким оорубасам ооруканабыздын азыркы абалынан, жалпы эле медицина тармагындагы көйгөйлөрдөн кабарсыз болмокмун. Биздин бейтапканалардын абалын көрүп ыйлагың келет. Биз ооруканага жаткан күндөрү аябай эски, араң жүргөн эле "Тез жардам" унаасы менен бейтаптарды алып келип жатышты. Ал машинеге түшкөн соо адам деле оорукчан болоору бышык.


Кызыл-Кыя шаарында 53 миң киши жашайт. Андан сырткары Ноокат жана Кадамжай райондорунун 5-6 айыл өкмөтүнүн калкын кошкондо жалпы 100 миңден ашык адамды Кызыл-Кыядагы аймактык оорукана жалгыз тейлейт. Ал эми бул ооруканада өпкөнү жасалма дем алдыруучу болгону бир эле аппарат, үч кислороддук концентратор бар экен.


Дарыгерлер бизге баарын берип, аябай жакшы карашты. Бирок ооруканада жетишпестик өтө көп экен. Дарыгерлерге коргонуучу кийимдер керек экен. Палаталарда эң жөнөкөй нерселер жок. Ошого карабай иштеп жаткан дарыгерлерге алкыш. Азыр биз демилге көтөрүп, акча чогултуп, "Тез жардам" унаасын жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, концентраторлорду, дарыгерлерге коргонуучу каражаттарды алып берели деп жатабыз», - деди Ибрагим Балтабаев.




Ишкер аймактардагы ооруканаларда шарттын жоктугуна карабай бейтаптарды дарылап, айыктырып жаткан дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.


"Көкүрөгүмдө өпкө эмес, таш тургандай сезилди"


Журналист Гүлиза Авазова эки жума ооруп, эми гана өзүнө келди. Ал илдетти качан, кайдан жугузуп алганын билбейт. Ага чейин "Дордой" базарына барып келгенин айтты.




«Мен аябай коргонуп жаттым эле. Көчөгө чыкканда беткап тагынып, колумду бат-бат жууп, жакшы эле сактандым. Базарга барып келген элем. Ошондон көп өтпөй ооруй баштадым. Ошол жактан жуктуруп алдым го дейм.


Алгач дене табым көтөрүлүп, алым кете баштады. Муундарым ооруп, жер тартып турду. Мен сасык тумоо болдум деп ойлодум. Интернеттен карап, онлайн кеңеш берген дарыгерге чалсам ал оорунун белгилери СOVID-19 илдетине окшош экенин айтып, үйдөн дарылануу боюнча көрсөтмөлөрдү жазып берди. Дене табым көтөрүлсө түшүрө турган жана вируска каршы дары жазып берди. Суюктук көп ичүү керек экенин айтты. Дарыгер "иммунитет өзү вирус менен күрөшөт" деди.


Кызыктын баары анан башталды. Вирус менен иммунитет гана эмес, мен өзүм да күрөшүп жаттым. Дене табым түшсө, тамагым ооруй баштайт. Тамагым айыкса, мурдумдан суу куюлат. Эртеси мурдум бүтүп, такыр жыт, даам сезбей калдым. Тамак жесем пахта жеп аткандай эле сезим калды. Андан кийин дем алганым кыйындашып, көкүрөгүмдө өпкө эмес, таш тургандай болду. Ошондо гана коронавирус инфекциясын жугузуп алганыма ынандым».


Гүлиза дарыгердин көрсөтмөлөрүн так аткарып үй шартында илдетти жеңип чыккан. Ал жакшы тамактанып, суюктукту көп ичкенин айтат. Журналист ооруга ишенбей, эрежени сактабай койгондордун айынан вирус тез эле жайылып кеткенине кейиди:


«Бул оору бар. Адамдар өзүнөн өзү эле ооруп, өзүнөн өзү эле өлө бербейт да. Дүйнө жүзүндө да, Кыргызстанда да канча адам оорудан каза болду. Азыр менин туугандарымдын, тааныштарымдын арасында ооруп жаткандар көп болууда. Коронавирус инфекциясын жугузуп, убагында дарылабай пневмонияга өтүп кеткендери да көп болууда. Ошондуктан ооруга ишенбеген күндө деле эрежелерди сакташ керек. Көчөгө чыкканда беткап тагынып, колкап кийип, аралыкты сактоо зарыл. Сизге вирус жукса да жеңил өтүшү мүмкүн. Бирок сиздин жакыныңыз, досуңуз, балким атаңыз же апаңыз бул ооруну көтөрө албашы мүмкүн».


Гүлиза Авазова айыкканына карабай азыр өзүн обочо кармап, үйдөн иштеп жаткан учуру.


"Коронавирус опурталдуу оору экен"


СOVID-19 илдетин жеңип чыккандардын бири - Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу. Ал 18-июнда ооруканага түшүп калган. Оорусу кадимки сасык тумоого окшоп башталып, саат сайын абалы начарлап, деми кыстыга баштаган. ПЦР тест тапшырганда коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы, ооруканага түшкөндө өпкөсү кагынганы билинген.




«Ооруканадан 10 күн мурун чыккам. Ооруканага түшкөн учурда мага пневмония деген диагноз коюлган болчу. Чыгаарда рентгенге түшсөм таза чыкты. Анан кайрадан ПЦР тест тапшыргам. Токмоктун ооруканасындагы анализдерди тейлеген кызматкерлер ооруп калыптыр. Анын жыйынтыгы азыр чыга элек. Азырынча үйдөмүн. Жалпы жонунан жыт сезүү кайра калыбына келди. Дене табым көтөрүлбөй калды. Жөтөл, дем кыстыгуу кетти. Бирок алсырап турганым сезилип жатат. Жөнөкөй сасык тумоодон айыккандан кийин киши тез эле жакшы болуп кетет. Бул вирустун татаалдыгы ушунда окшойт. 10 күндөн ашып калса да алым кетип, чарчайм. Коронавирус опурталдуу оору экен».


Ибраим Нуракун уулунун үй-бүлөсү да тест тапшырып, алардын анализдери таза чыккан.




Өлкөдө өпкөсү кагынгандар көбөйдү


Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп, бейтаптардын сакайып кетүүсү боюнча көрсөткүч күндөн-күнгө начарлаганы байкалууда. Июндун этегинде гана өлкөдө пневмония илдети күч алганы билинди. Адистер коронавирус пневмонияны козгой турганын байма-бай айтышууда. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги пневмония менен ооругандарды коронавирустун статистикасына кошо элек.


Өпкөсү кагынган бейтаптар көп болгондуктан аларды дарылоо ыкмасы да өзгөргөн. Илдет катталгандан бери Ноокат аймактык ооруканасында иштеп жаткан дарыгер Улукбек Урулбаев дарылоо ыкмасы ар бир бейтап үчүн өз алдынча жүрүп жатканын айтты.




«Коронавирус Кыргызстанда катталгандан бери үч ай өттү. Бул аралыкта биз бейтаптардын абалына көз салып, түрдүү дарылоо ыкмаларын колдонуп көрдүк. Башында гепарин деген дарыны бейтаптардын абалын карап, канын текшерип көрүп анан гана берчү элек. Азыр келген бейтаптарга канды суюлта турган дарыларды, антибиотиктерди дароо эле берип жатабыз. Бейтаптын абалына жараша дарылоо курсу жазылат. Дем алуусу кыйындаган бейтаптарды өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырып жатабыз. Азыр адамдар арасында дүрбөлөңгө алдырып, энтигип дем ала албай калгандары да келип жатат. Аларды атайын аппарат менен аныктап жатабыз. Андан сырткары өпкөсү кагынган бейтаптар да көп катталууда. Алар дароо көзөмөлгө алынууда. Эгер симптомдору орточо болсо дары жазып берип, үйдөн дарылаганга жөнөтүп жатабыз. Эгер оорунун белгилери жок болсо, ал адам эч кандай дары ичпей эле койсо болот. Болгону башкаларга жуктуруп албаш үчүн үйдө отурушу керек. Анан азыр оорусун күчөтүп алып, келгендер көп болууда. Эгер өзүңүздө оорунун кандайдыр бир белгилерин байкасаңыз, дароо дарыгерге чалып кеңеш алып, абалыңыз тууралуу билдирип турсаңыз, бул оорунун алдын алууга жардам берет. Бейтап канчалык эрте кайрылса, аны дарылоо жеңил болот жана бул өлүмдүн санын азайтат».




Кыргызстанда коронавирус илдети алгач 18-мартта катталган. Бүгүнкү күндө өлкөдө СOVID-19ду жана пневмонияны жузугуп алган адамдардын саны 13 миңден ашты жана бул оорулардан жалпысынан 500дөн ашык бейтап каза тапты. 132 адам коронавирустан, 423 бейтап пневмониядан көз жумду.


СOVID-19дан жалпысынан 3387 бейтап айыкса, пневоманиядан сакайып кеткендердин саны айтыла элек.


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.