Эмгек сиңирген артист Акелең Кускаков дүйнөдөн кайтты
0
58
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын режиссеру Акелең Кускаков 1-июлда катуу оорудан кийин каза болду.
Кускаков 1951-жылы 20-декабрда Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган. Кино жана театр актеру, режиссер адистигине ээ болгон Акелең Кускаков 1991-жылдан 2011-жылга чейин Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында режиссер-коюучу болуп үзүрлүү эмгектенип келген.
2011-жылдан 2016-жылга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болгон. 2016-жылдан бери эмгек жолун кайрадан Ысык-Көл театрында уланткан.
Ал Жаныш Кулманбетовдун “Манас, Манас болгону”, Мар Байжиевдин “Алтынчы күнү кечинде”, А.Чекировдун “Кызыл профессор”, Д.Сариевдин “Кайран эл” сыяктуу бир катар спектакдерди койгон. Бир нече сыйлыктардын жана фестивалдардын жеңүүчүсү. Кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы жогору бааланып, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы менен сыйланган.
1995-жылы “Манас -1000” медалы, 2011-жылы Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.