Быйылкы Jashtar Camp “Санарип муун” урааны менен өттү
0
44
Кыргызстанда жаштардын кезектеги Jashtar Camp форуму жыйынтыкталды.
“Жаштардын өнүгүү институту” жана Youth of Osh уюмдары биргелешип уюштурган иш-чара быйыл “Санарип муун” урааны менен уюштурулду.
Бишкек, Нарын, Каракол, Талас, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында “Санарип дүйнөдөн өзүңдү тап!” темасында мастер-класстар, презентациялар, флешмобдор жана кызыктуу мүмкүнчүлүктөр жарманкелери өттү.
Жаштардын ишкердиги жана стартап, жарандык жана саясий катышуу, IT жана Data өнүктүрүү, маданият жана чыгармачылык багыттарында ийгиликке жетишкен ишмерлер, активисттер жана саясатчылар жаштар менен жолугушууларды өткөрүштү.
Ош шаарында өткөн форумга 500дөн ашуун адам, анын ичинде чек ара аймактарынан келген жаштар катышты. Анын алып баруучусу жана спикери “Азаттык” радиосунун кабарчысы Айгерим Акылбекова болду.
10-ноябрь Эл аралык жаштар күнү катары майрамдалат. (RK)