Уран казууга тыюу салган мыйзам парламентте экинчи окуудан өттү
0
30
Уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда кабыл алынды. Документке 98 депутат «макул» деп добуш берди.
Кыргызстанда уран казууга түбөлүк тыюу сала турган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Болдун» депутаты Бактыбек Турусбеков иштеп чыгышкан.
Апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.
Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Парламент «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан. (BTo)