Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Кумтөр: корукту кемиткен келишим

0 61
Макала эмне жөнүндө?
Иштин чоо-жайы
Коруктун 1995-жылкы чеги
Коруктун 2009-жылкы чеги
"Кумтөрдүн" картасы
«Кумтөргө» коруктан канча жер өтүп кетти?
Өкмөттүн позициясы


Илбирстердин мекени

Кыргызстан менен «Центерра» Стратегиялык келишим деп аталган документке кол коюшуп, Кумтөр алтын кенине байланышкан талашка биротоло чекит коюлду. Ал документке караганда, «Центерра» «Кумтөр» алтын кенине дагы 16 миң гектар жерди кошуп алат.


Тараптар негизи мындай макулдашууга 2009-жылы эле жетишкен, бирок кийин өкмөт кошумча жер берүүгө көңүлсүнбөй турган. Архивдик документтер менен картаны кылдат иликтеп чыккандан кийин Кумтөр алтын кенинин аянтын кеңейтип берүү үчүн Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун түндүк тараптан өтчү чеги кыйла кыскартылганы маалым болду.  


Чек арасын өзгөрткөндөн кийин Петров мөңгүсү толугу менен коруктун сыртында калды. Бул табигый комплекстин уникалдуулугу ушунда, ал жерде Кызыл китепке кирген саны жыйырмага чамалуу илбирстер жашайт. Ага карабастан, өкмөт алтын кендин пайдасына деп коруктун чеги өзгөрүлүп кеткенин моюнга албай келет.


Иштин чоо-жайы


1994-жылы өкмөт Кумтөр алтын кенине 10 миң 70 гектар жер бөлгөн. Мунун ичине борбордук карьер, алтын казып алчу негизги жер, түштүк-батыш капталындагы карьер, фабрика, техникалык кызмат көрсөтүү жайы, иштегендер жашаган айыл жана уу зат калдыктар сакталган жер кирет.


1995-жылы алтын кендин түндүк тарабында Сары-Чат - Ээр-Таш коругун түзүшкөн, максат бул жердин кайталангыс табигый байлыгын сактап, коргоп калуу, камкордукка алуу болчу.


Табигый комплекс жаңы түзүлгөндө ага бөлүнгөн жалпы аянт 72 миң 60 гектарды түзгөн. Ал кезде «Кумтөр» алтын кенине тиешелүү аймак менен Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун ортосунда эч кандай талаш-тартыш жок, биринин аймагы экинчисине кирип кетпей, өз-өзүнчө турган.




Сары-Чат-Ээр-Таш коругу өзгөчө коргоодогу табигый аймак катары түзүлгөн, ал жерде эч кандай чарбалык иштер жүргүзүлбөшү керек, мал жаюуга, имарат салууга, жол курууга, геологиялык чалгындоо иштерине, кен байлыктарды казууга дагы башка иштерди жасоого уруксат жок.


2009-жылы өкмөт «Кумтөр» алтын кенинин аянтын кеңейтүү үчүн мурдагы бөлүнгөн жерге дагы кошумча 16 миң 330 гектар жер бөлүүгө макулдук берген. Анын натыйжасында алтын кендин жалпы аянты 26 миң 400 гектарга көбөйдү. Ал үчүн концессиялык келишимге кол коюшкан.


Жаңы жердин эсесине Кыргызстан «Центеррадан» кошумча акцияларды алган, компаниядагы мамлекеттин үлүшү мурдагы 15,66% ордуна 32,75% көбөйгөн. Ушу кезге чейин талаштан башы чыкпаган маселе ушул учурдан башталды, алтын кендин аянтын кеңейтүү үчүн мурдагы чеги корук жайдын ичине кирип кеткен.


Коруктун 1995-жылкы чеги


Сары-Чат-Ээр-Таш коругу өкмөттүн 1995-жылдын 10-мартындагы №76 токтому менен уюшулган.


Расмий документте жаратылыш коругунун түштүк чеги «Петров мөңгүсүнөн деңиз деңгээлинен 3983 метр бийиктиктен» башталып, андан ары Сары-Чат дарыясынын башталган жеринен уланып кетери так көрсөтүлгөн. Ушу тапта мамлекеттик органдар атайылап эле ушул пунктту айтпай кыйгап өтүшүүдө.




«Азаттык» жашыруун режимде иштеген мамлекеттик архивдин карта-геодезиялык кызматынын ал жерди деталдаштырып көрсөткөн картасын карап чыгууга мүмкүнчүлүк алды.


3983 метрдеги бийиктик Петров мөңгүсүндө, 2009-жылы белгиленген коруктун түштүк чегинде турат.




 


Маанилүү эскертүү: картанын оң жагындагы бийиктиктин белгилери (деңиз деңгээлинен 4561, 4901 жана 3983 метр бийиктиктер) так көрсөтүлгөн, ал эми коруктун чегин белгилеген сызыктар болжолдуу көрсөтүлгөн (башка карталарга салыштырмалуу). Дагы бир маанилүү нерсе - Сары-Чат-Ээр-Таш коругу бири-бирине так келбеген карталардын ондогон варианттарына ээ.


Коруктун 2009-жылкы чеги


2009-жылдын 5-июнунда Кыргызстан өкмөтү Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун түштүк чегин өзгөртүү тууралу №356 токтомун кабыл алган, документте көрсөтүлгөндөй: «Концессия чегинде Кумтөр алтын кенинде казуу иштерин жана геологиялык чалгындоо жумуштарын мындан ары өнүктүрүү максатында» ушундай документ кабыл алынган.


Ушу тапта коруктун түштүк чеги Петров мөңгүсүн айланып өтөт. Тагыраак айтканда, коруктун чеги Петров мөңгүсүнө чейин жетип, анын чыгыш чегиндеги деңиз деңгээлинен 4901 метр бийиктиктеги чогу аркылуу өтүп, андан ары 4600 метр бийиктиктеги чоку аркылуу түз уланып батышка кетет да деңиз деңгээлинен 4561 метр бийиктиктеги чокудан Сары-Чат дарыясынын башталышына жетип токтойт. Айырма өйдөңкү картада көрсөтүлдү.


Ушул эле чек өкмөттүн 2013-жылдын 1-февралдагы № 48 тотомунда бекитилген.




«Кумтөрдүн» картасы


Ондогон карталарды изилдеп көрүп Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун чегинин өзгөрүшү 2013-жылы «Кумтөр» алтын кени жарыялаган картада так көрсөтүлгөнүн баамдадык, ал картада:




 



Кара чарчы (квадрат) менен 26,4 миң гектар концессиялык аянт белгиленген;
Кызыл сызык менен –Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун аймагы 1995-жылкы чеги боюнча көрсөтүлгөн;
Сыя түс сызык менен – коруктун 2009-жылдын чегиндеги аймагы;
Көгүлтүр сызык менен – буфердик аймак, коруктун аймагына кийин кошулуп, анын жалпы аянты 149 миң 17 гектарга көбөйгөн.


Картадан ачык көрүнүп тургандай, коруктун 1995-жылдагы чегине кирген жердин бир бөлүгү концессиялык аянтка кошулуп кеткен. 2009-жылы жаратылыш комплексинин аймагы Кумтөр алтын кенинин аянтына карата түздөлгөн.


Бул карта 2013-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» буюртмасы боюнча иштелип чыккан, компаниянын сайтындагы «Биоартүрдүүлүк» бөлүмүндө жарыяланган.


Биздин өтүнүчкө жооп кылып «Кумтөрдүн» пресс-кызматы карта жарыяланганга чейин Кыргызстандын мамлекеттик кызматтары менен макулдашылганын, ошентсе да маалыматты ырасташ үчүн компанияга расмий түрдө кайрылуу керектигин билдиришти.


Ушул аңгемеден кийин карта компаниянын сайтынан алынып салынды, жарыя кылууга берилчү шилтеме өзгөртүлдү. «Азаттыкта» мурда жарыяланган картанын көчүрмөсү бар. Анткен менен ал картаны 2017-жылы жарыяланган «Кумтөрдүн» сайтындагы башка документтен тапса болот.


«Кумтөргө» коруктун канча жери өтүп кетти?


«Азаттыкта» расмий адамдардын колу коюлган бир нече документтер, ошондой эле мамлекеттик комиссиянын отчету бар, алардын баары «Кумтөрдүн» концессиялык аянтына коруктан 4380 гектар жер өтүп кеткенин ырасташат.


Жогоруда белгиленгендей, 2009-жылдын 5-июнунда өкмөттүн «Кумтөрдүн» казуу иштерине жана геологиялык чалгындоо жумуштары үчүн Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун чегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому чыккан.


9-сентябрда өкмөт мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларын берген. Ошондон эки күндөн кийин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Абдымитал Чынгожоев өкмөткө жазган катында жасалган иштер тууралу минтип билдирген: «Өкмөт токтомун аткаруу максатында Сары-Таш-Ээр-Чат мамлекеттик коругунун түштүк чегине өзгөртүүлөр киргизилди жана 4380 гектар жер участогу «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» берилди».




 


2011-жылы 25-майда жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов өкмөткө кат жазып, Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун жаңы чегин макулдашууга каршы экендигин билдирген, «Центерра Гол Инк.» компаниясынын концессиялык аянтына 4380 гектар жердин кириши туура эместигин белгилеп каршы чыккан.




2012-жылдын 3-майында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажанов «Центерра» менен келишимди изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаровго кат жазып: «2009-жылкы өкмөттүн токтомуна ылайык «Кумтөр» алтын кениндеги иштерди көбөйтүү максатында мамлекеттик коруктун аймагынан «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» керектөөсүнө 4380 гектар жер ажыратылды» деп билдирген.




Соңунда мамлекеттик коруктун 4380 гектир жери «Кумтөргө» бөлүнүп берилгенин 2013-жылы мамлекеттик комиссия да ырастады, комиссия «Кумтөр» алтын кен компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарын кантип сактаганын иликтеген болчу.




Өкмөттүн позициясы


Өкмөт азыр бир тараптуу бекем позицияны карманып, коруктун эсебинен бир карыш да жер «Кумтөргө» берилген эмес деп отурат.


Ушундай эле позицияны тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү сентябрдын башында Кумтөр алтын кенине депутаттар тобу барган учурдагы маалымат жыйынында ырасташты.


«Биз мамлекеттик коруктун чегине жана концессиялык аянтка бир да өзгөртүү киргизген жокпуз. 1995-жылкы чек өзгөрүүсүз сакталып турат», - деп ырастады «Кыргыз токой аңчылыкты уюштуруу» мамлекеттик ишканасынын директору Сабырбек Чукумбаев.




Ага чейин, тактап айтканда, 2019-жылдын 27-августунда өкмөт «Centerra Gold Inc» компаниясы менен стратегиялык келишим күчүнө киргенин жарыя кылды.


Ошентип министрлер кабинети Кумтөр алтын кенинин аянты 26 миң гектар экенин ырастап, Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун чегин бекитти. Жаңы аянтта кен казуу иштерине уруксатты өкмөт мурдараак берген.


2019-жылдын 3-июлунда премьер Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик маанидеги кен казыла турган жерлердин реестрин бекитти. Ага ылайык «Кумтөр» алтын кенинин аянты 26 миң 320 гектар жерди түзөт.


«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В Туве росгвардейцы задержали угнавшего чужой автомобиль мужчину

В Кызыле росгвардейцы обеспечили безопасность горожан во время празднования Дня города

В Туве оштрафованы судоводители в ходе рейдов ГИМС и Росгвардии

В Туве сотрудники Росгвардии награждены на общегарнизонном разводе правоохранителей за высокие показатели в службе

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.