“Дориан” куюнунан өлгөндөрдүн саны 43кө жетти
0
48
Багам аралдарында катуу шамалдын кесепетинен өлгөн адамдардын саны 43кө жетти.
Буга чейин алардын саны 30дай экени айтылып жаткан. Би-Би-Синин маалыматында куюндан кийин аман калган жүздөгөн адамдар салыштырмалуу коопсуз жерлерге кетүүгө аргасыз болууда.
Миңдеген тургундар эвакуацияны күтүп турушат. NBC телеканалы премьер-министрдин өкүлү Эрика Веллс Кокска шилтеме кылып, көптөгөн адамдардын дайыны чыкпай жатканын жана куюндун курмандыктары мындан да көп болушу ыктымалдыгын кабарлады.
"Кызыл чырым" уюмунун маалыматына караганда, куюндун кесепетинен 13 миңдей үй талкаланып же жабыркаган.
Түштүк Каролина жана Жоржия штатындагы 220 миңдей тургун жарыксыз калды. Ушул штаттарда, Түндүк Каролина, Флоридада өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
“Дориан” 5-сентябрда Атлантика океанынын АКШдагы жээгине жеткен. Куюндун коркунучу 2-категорияга түшүп басаңдаганы айтылып, бирок дагы эле кооптуу бойдон калууда.