Кызыл Чырым: Йеменде соккудан 100дөн көп киши өлдү
0
38
Йемендеги козголоңчуларга каршы күрөшкөн Саудия баштаган коалиция Дхамар шаарына урган соккулар түрмөгө тийип, 100дөн көп киши өлдү. Бул тууралуу Эл аралык Кызыл Чырым комитети билдирди.
Комитеттин маалыматы боюнча бери дегенде 40 киши аман калды, алар ооруканаларга жеткирилди.
Кызыл Чырым комитетинин Йемендеги делегация башчысы Франц Раухенштайн 1-сентябрда окуя болгон жерге барып кетти. Анын айтымында, уранды алдындагы сөөктөр толугу менен алынып чыга элек.
Иранга ыктаган хуси козголоңчулары Йемен өкөмтүнө жана Сауди Арабия баштаган коалицияга каршы согушуп келатат.
Алардын өкүлдөрү буга чейин соккудан 60 киши каза болушканын билдиришкен.
Расмий маалыматка ылайык сокку урулган маалда түрмөдө 170 киши бар болчу.
Саудия баштаган коалиция хусилердин дрондору менен ракеталары сакталган жайларга сокку урушканын, карапайым адамдарды коргоо чаралары көрүлгөнүн ырастоодо.
2015-жылдын март айында Сауд Арабия жана башка суни араб мамлекеттери аскердик кампания баштагандан бери Йемендеги уруш 10 миңге жакын адамдын өмүрүн кыйды. Алардын жарымынан көбү жайкын адамдар. Көпчүлүк аба соккуларынан каза табышкан.
Улуттар Уюму Йемендеги гуманитардык кырдаалды "эң олуттуу кризис" деп эсептейт. Жаңжалдан улам 22 миллиондой киши гуманитардык жардамга муктаж.