Москвада крым татарларынын укугун коргоп чыккан активисттер кармалды
0
49
Полиция Кызыл аянтта акция өткөргөн жети активистти кармады. Алар орус бийлиги терроризм менен күрөшүүнү шылтоо кылып Крым татарларынын куугунтуктап жатат деп эсептешет.
Активисттердин колуна «Биздин балдар террорист эмес», «Крымдагы терроризм менен күрөш – бул башкача ойлонгондор менен күрөш» деген жазуулар болгон.
«Дождь» телеканалынын жазганына караганда, Кызыл аянттагы акция Орусияда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү катары соттолгон Крым татарларынын иши Жогорку сотто карала баштаганына тушташ уюштурулган. Укук коргоо түзүмдөрү «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү деп соттолгон адамдарды «саясий туткундар» деп тапкан.
«Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстанда да сот тарабынан экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.
Орусия Украинанын курамында болуп келген Крымды 2014-жылы аннексиялап алган.