Баткенде жаштар медиа-сабаттуулук боюнча окуп жатышат
0
24
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган “Жашстан2: Кыргызстандын жаштары – тынчтык жана туруктуулуктун элчилери” долбоору Баткен облусунда бир жылдан бери иш алып барат.
Демилгенин алкагында аймактагы ар кандай катмардагы жаштар, орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары, жаштардын медиа-сабаттуулук негиздери боюнча атайын окуулардан өтүп жатышат.
Долбоор Кызыл-Кыя шаарын жана Тажикстан менен чек арадагы Кара-Бак айылын камтыган. Аталган аймакта долбоор тарабынан уюштурулган атайын окууларга жаштар, соцпедагогдор, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, соцкызматкерлер, ЖМК өкүлдөрү катышты.
Анда жаштар медиаматериалдарды даярдоонун негиздери, коммуникация түрлөрү, социалдык тармактарда мултимедиа менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү аудитория менен иштөө, маалыматты жайылтуунун жолдору, укуктук жана этика, конфликттик-сезимталдык ыкмалар тууралуу маалыматтарды алышты.
Окуулардан өткөн жаштар медиаматериал жасап, көйгөйлүү маселелерге коомчулуктун, тиешелүү кызматтардын көңүлүн буруу менен аны чечүүгө аракет жасашат. (JsA)