Добавить новость
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Адилеттикке сөздүн күчү менен жетебиз

0 96
1963-жыл. 28-август. Бул күнү Мартин Лютер Кинг жалпы дүйнө элине кыялын айтып жар салды. Бул айтылган кыялдар жеке эле Мартиндин эмес, ошол убакта жакырчылык жанга батып, коомдо алардын пикири угулбай калгандардын жүрөк түпкүрүндөгү кыялы эле. Теңсиздиктин курмандыгы болгон "кара терилүүлөр" атыккан жарандардын кыялы эле.



Бул күнү теңсиздик, кемсинтүү, акыйкатсыздык жана эзүүчүлүктөн соолуп бараткандардын кыялын, каалоо-эңсөөсүн Мартин Лютер Кинг жалпы адамзат таасир алгыдай зор чеберчилик менен сөз кураштырып, ал өзү сыяктуу замандаштарына адилеттикти, азаттыкты, калыстыкты бийликтен талап кылды. 



Расалык дискриминацияны жана теңсиздикти жоюу үчүн Мартин Лютер Кинг уюштурган жүрүштөр жана акциялар зордук-зомбулуксуз ишке ашты. Анын саясий акциясын жыйынтыктаган 20-кылымдын сөзүнө айланган "Менин бир кыялым" сөзү алсызга кубат берип, өчүп бара жаткан үмүт отун кайра жандандарды. Мындан улам Мартин 20-кылымдын оратору болуп калды.



Бул сөз адамзат тарыхындагы эң сонун учкул сөзгө айланды. Бул сөз америкалык актар менен караларды бириктирди. Бул сөз Америка коомунун өнүгүшүндө гана маанилүү роль ойнобостон, адамзат коомчулугуна да оң таасирин тийгизди. Бул сөз америка коомчулугун өзгөрттү.



Бүгүнкү күндө Американын президенти - кара терилүү Барак Обама. Бул жерде расалык теңсиздик үчүн күрөшкөн Кингдин үлүшү чоң. Анын демилгеси менен расалык укуктар, мыйзамдар каралып, кара терилүүлөр менен ак терилүү америкалыктар бирдей укуктарга ээ болушту. Бул Американы коркунучтуу жарандык согуштан куткарды. Жыйынтыгында Мартиндин сөзү менен кара терилүү америкалыктар жаркыраган эркиндикке, ийгиликке жетишти. Бирок бул Кингдин өзүн куткара алган жок. Ал коомдогу элдердин тең укуктуулугун сактоо үчүн курман болду. "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" дегендей, Мартин азаттык курмандыгына айланса да «Менин кыялым» аттуу сөзү менен муздаган көңүлдөргө жылуулук, тоңгон жүрөктөргө гүл өндүрдү.



Ал кыялында Жоржиянын кызыл жошолуу дөңсөөлөрүндө кулдардын балдары менен кул ээлөөчүлөрдүн балдары бир үйдүн балдарындай болуп үстөлдө чогуу отурган күндү көргүсү келди.



Ал кыялында акыйкатсыздык жана эзүүчүлүк отунан алсырап бүткөн чөлдүү Миссисипи штатын азаттыктын жана акыйкаттыктын көк шиберине айланаарын көргүсү келди.



50 жыл илгери айтылган бул сөздөр кулчулуктун эзүүсүндө күн көргөндөрдүн кыялы болсо, бүгүн ал кыял реалдуу жашоого айланды. "Бир күнү сөзсүз эркин болоорбуз" деген Мартиндин кыялы орундалып, анын тукуму гүлдөгөн эркин доордо эркин жашоо кечирүүдө.



"Дайыма биз жер дүңгүрөткөн аттардын туяктарынын дүбүртүнөн, кылымдардын  чаңын ызгыткан дабышынан улам тээ байыркы учурларды эстейбиз да, улам бир доордон башка доорлорго көз салып байыркынын саргайган барактарын кызыга барактай баштайбыз" дегендей, Мартин Кингдин сөздөрүнөн улам теңсиздик үчүн күрөшкөн элибиздин тарыхына саресеп салууга аргасыз болосуң. Демократ акын Токтогул Сатылганов да Мартин сыяктуу алдуулардын алсыздарга, байлардын кедейлерге үстөмдүк кылганын жар салбады беле. Кызыл тили чындыкты айтып, бирок чындыктын чынары көктөбөй өз жеринен куугунтукталган. Ошол доордогу мындай үстөмдүктүн учкундары бүгүн да жашап жатканын көрүп зээниң кейийт.



Байлар менен кедейлер, алдуулар менен алсыздар, карапайым калк менен аткаминерлер сыяктуу антонимдердин ортосундагы ажырым даана байкалып калгандай. Анткени теңсиздик, адилетсиздик жапасын чеккендер 2005-2010-жылы көтөрүлүп, өз укуктарын талашып чыкты. Бирок Мартин сыяктуу кыялдагыдай жашоого талапты зомбулуксуз, күч аракетсиз, сөздүн күчү менен койбостон, тескерисинче, ур-токмокко өттүк. Алар чогуу эмгектенип, бирге күрөшүп, бирге түрмөгө түшө алабыз жана эркиндигибизди чогуу коргой алабыз деп бир бүтүнгө айланышкан. А биз бириге албай бириндеп, ынтымакташа албай ыдырап, ур-токмокко алынып, бейкүнөө боордошторубуздун жаны окко учту.



Ооба, уткандар утту, бирок эки револиция бизге эмне берди? Баягы тызылдап жүгүргөн катардагы дыйкан, багбан, чабан койчулар ошол эле жашоонун кучагынан чыга албады. Окко учкан бейкүнөө кыргыз жигиттери да карапайым элдин уулдары. Мартин сыяктуу бир фразанын негизинде укугубузду талашпай, колубузду көтөрүп, Ак үйдү талап-тоноого өттүк.



Карга карганын көзүн чокубайт. Ал эми адамчы? Кыргыз болуп тытышабыз, чукушабыз, жердеш туруп, элдеш туруп бири-бирибизди түндүк-түштүк деп жерийбиз. Эмнеге?



Кара өзгөй күчтөрдүн айынан бир эмес, эки ирет өлкөбүздө улуттар аралык кагылышуу болду. Бейкүнөө адамдар набыт болуп, энелердин көз жашы акты. Бирок кара өзгөйлөрдүн ою ишке ашпай, алардын көксөгөн максаты жүз бербеди. Жыйынтыгында ар бир жарандын жүрөгүндө так, көңүлүндө кас калгандай.



Мен ишенем, бир күн келип, биз да түндүк-түштүк ажырымын жоюп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салымыбызды кошобуз.



Мен ишенем, бир күн келип, жогоруда айткан жүрөктөгү тактар өчүп, кастар кетип бири-бирибизге болгон сыйыбыз артып, бардык улуттар бир асабанын алдында чогулуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салымыбызды кошобуз.



Мен ишенем, бир күн келип, кыргыз үчүн кара башын канжыгага сайып койгон Манас атанын урпактары бөтөн жерде нан издебей, өз өлкөсүндө, Ала-Тоо койнунда, жакындарынын кучагында жашоо кечирээрине.



Бир күн келип, Мартин сыяктуу кыргыз жигити жогорудагы ишенимдеримди ишке ашырат деп кыялданам.



Сманова Гулвира, Ош облусу




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Города с раком в воздухе: рейтинг российских городов с самым опасным воздухом

В Алтайском крае будут судить бывшего замначальника Росприроднадзора за крупную взятку

В Шереметьево, Домодедово и Сочи массово переносят вылеты

Росгвардейцы провели урок мужества в туранской школе в преддверии 10-летия ведомства

Новости Кызыла



Глава Тувы Владислав Ховалыг

Частные объявления в Кызыле



Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Кызыл на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.