Ош: Айыл өкмөт өзүнө нааразы тургундарды сотко берди
0
29
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жер боюнча нааразылыгын айтып чыккан айыл тургундарын сотко берди.
Муну айыл өкмөт башчысы “Азаттыкка” өзү ырастады. Шарабидин Капаров өзүнүн кадыр-баркын 1,5 миллион сомго баалап, ал сумманы айыл өкмөт башчынын ишмердүүлүгүнө нааразы тургундардан өнудүрүп берүүнү суранган.
Бул арада айыл өкмөт башчынын ишмердүүлүгүн сындап келаткан аялдар кайрадан маалымат жыйын өткөрүү үчүн 5 миң сом таппай жүрүшкөнүн “Азаттыкка” билдиришти. Алар 20 миң сом айлык алган айыл өкмөт башчы сотко даттанган 1,5 миллион сомдун мамлекетке төлөнчү 150 миң сомду кайдан тапты деген суроону коюшууда.
Буга чейин Кызыл-Кыштак айылынын тургундары бир нече жолу маалымат жыйындарды уюштуруп, аталган айыл өкмөттүн башчысы Шарабидин Капаров жерлерди мыйзамсыз сатып жатат, карапайым элге жер бөлүп бербейт деген нааразылыктарын айтып чыгышкан. (YI)