Аксыдагы Чоңтовар-Сай айылында 10 жылдан бери жарык жок
0
21
Райондун Авлетим айыл аймагына караштуу Чоңтовар-Сай айылынын тургуну Айбек Жанчаров “Азаттыкка” айылдыктар 10 жылдан бери электр энергиясы жок жашап келе жатышканын билдирди:
- Авлетим айылынын борборунан 4 чакырым алыстыктагы биздин участкага он жыл мурда 50 адамга жер тилкеси берилген. Бирок ушул кезге чейин ал жакка электр энергиясы жеткирилген жок. Айылдыктар караңгылыкта жашап келатабыз. Жарык боюнча маселе көп жолу көтөрүлгөнү менен чечилбей келе жатат.
Бул маселе өткөн жумада Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун Аксы районундагы иш сапарында жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуу учурунда да көтөрүлгөн.
Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов сөз болуп жаткан айылга электр энергиясын жеткирүү максатында сметалык баасы 2,7 млн. сомдук долбоор иштелип чыкканын жана ал быйыл түрткү берүүчү гранттын эсебинен аткарылышы мүмкүн экенин билдирди.
Учурда Жалал-Абад облусунда СССР убагынан бери электр жарыгы жок жашап келе жаткан бир нече айыл бар. Базар-Коргон районундагы эң алыскы тоолуу аймакта орун алган Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок. Ал жерде миңдей адам жашайт. Ал эми Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 300гө жакын адам жарыксыз жашайт. Айыл ГЭСтин жанында жайгашканы менен анда медпункт, мектеп жок, уюк байланышы да жакшы иштебейт. Кызыл-Бейиттин тургундары айылдан сыртка Нарын дарыясынан кайык аркылуу өтүп гана каттай алышат. (RsK)