Өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү үч окуучу кармалды
0
146
Баткенде окуучунун өлүмүнө шектүү үч өспүрүм кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, окуя 19-декабрда Кызыл-Кыя шаарында болгон.
У.Гулматов атындагы орто мектептин 9-10-классынын окуучу балдары сабактан кийин өз ара чырдаша кетишкен. Андан мушташ чыгып, 15 жаштагы бала көкүрөгүнө катуу сокку жеп, ошол жерде мүрт кеткен.
Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголду. Шектүү катары аталган мектептин үч окуучусу кармалды. Алар милициянын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө башталды. (JsA)