Добавить новость
Октябрь 2010
Ноябрь 2010
Декабрь 2010
Январь 2011
Февраль 2011
Март 2011
Апрель 2011
Май 2011
Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011
Сентябрь 2011
Октябрь 2011
Ноябрь 2011
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013 Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014 Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015 Май 2015 Июнь 2015 Июль 2015 Август 2015 Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Ларри Кинг коронавирустун айынан дүйнө салды

0 170
Даңазалуу маек уюштуруучу, сыналгы алып баруучу Ларри Кинг 23-январда Лос-Анжелес шаарында 87 жашында коронавирустун айынан дүйнөдөн кайтты. Ал “Си-Эн-Эн” сыналгы каналында 25 жыл бою өзүнүн калайык сүймөнчүгүнө айланган берүүсүн алып барган.



Лоуренс Харви Зейгер (Lawrence Harvey Zeiger; кийин Ларри Кинг - Larry King ысымын алган) 1933-жылы 19-ноябрда Бруклинде АКШга чет өлкөдөн көчүп келген жөөт келгиндеринин үй-бүлөсүндө туулган.




Ларринин энеси Женни Гитлиц – Беларустан, атасы Аарон Зейгер Австриядан журт которуп келишкен. Алардын тун уулу Ирвин 1932-жылы туулган, бирок алты жашында сокур ичегиден көз жумган. Ларриден кийин алардын үй-бүлөсүндө дагы бир уул – иниси Марти төрөлгөн.



Кинг өмүрүндө жети аялга үйлөнгөн. Үч башка аялынан 4 бала көргөн. Алардын экөөсү (65 жаштагы Энди менен 52 жаштагы Чайа) 2020-жылы каза болгон.



Кинг мырза COVID-19 илдетине кабылып, 2020-жылдын декабрынын акыркы ондугунда Лос-Анжелестеги ооруканага жаткырылган. Бул маалымат басма сөз каражаттарына 2021-жылы 2-январда гана белгилүү болгон.



Ал узак жылдар кант диабетинин азабын тартып жүргөн, 2019-жылы олуттуу инсультка да учураган эле. Ларри Кинг 23-январда Лос-Анжелес шаарындагы ооруканада 87 жашында көз жумган.



Маалыматка караганда, Ларри Кинг өзүнүн 60 жылдык журналисттик ишмердиги маалында миңдеген тарыхый инсандар, дүйнөлүк лидерлер, саясатчылар, өнөрпоздор менен ар кыл сыналгы каналдары үчүн маек алып барган.






Миллиондогон көрүүчүлөр анын “Си-Эн-Эн” сыналгы каналындагы “Ободо түз – Ларри Кинг” ("Larry King Live") берүүсүн 1985-жылдан 2010-жылга чейин кызыгуу менен көрүшкөн. Кинг мырзанын бул берүүсү 2010-жылы Гиннесстин рекорддор китебине алмаштырылгыс алып баруучунун эң узак мөөнөттүк шоусу катары киргизилген.



Маек маалында Кинг мырза өтө татаал саясий суроолорду жандуу талкуу түрүндө сунуштай алган жана көрүүчүлөрдүн суроолоруна жоопторду да уюштурган.



Анын айрым сынчылары Кинг мырза өз конокторуна “ыңгайлуураак” суроолорду алдын ала даярдап алат деп сындаган учурлар болгон. Кинг болсо өз коногунун бейнесин адатта көрүүчүлөр менен чогуу ачып келгенин айткан.


Андан тышкары ал өзүн кесипкөй журналист эмес, жөнөкөй киши катары кабыл алуу керектиги тууралуу билдирип келчү.






Ал өз милдетин тек гана маалыматты өз коногунан көрөрмандарына түз өткөрүп берчү арачылыкта көргөн.


Кинг “Хартфорд Курант” басылмасына 2007-жылы курган маегинде көрөрман өз бүтүмүн өз алдынча чыгарып алуусу абзел экенин айтып: “...Мен мында бүтүм жасоо үчүн отурган жокмун. Менин берүүм – жаңжал ширелген ток-шоу эмес. Ошентип, мен (өз конокторумду) жакшырааак бейнеде көрсөтүүгө тырышам”, – деп баса белгилеген.



“Си-Эн-Эн” сыналгы каналындагы “Ободо түз – Ларри Кинг” берүүсүнүн акыркы чыгарылышы 2010-жылы 16-декабрда обого чыккан. Анын эң соңку коногу – киноөнөрпоз жана саясий ишмер Арнольд Шварценеггер болгон.






2012-жылдан тартып Кинг мырза “Эми болсо – Ларри Кинг” (“Larry King Now”) берүүсүн орусиялыктар негиздеген “Ар-Ти Америка” (“RT America”) сыналгы каналында алып бара баштаган. Бул канал Кремлдин саясий үгүтүн чет өлкөлөрдө англис тилинде жүзөгө ашыруучу бир тараптуу медиа каражаттарынын бири катары таанымал.



Айрым сынчылары Ларри Кингди орусиялык бийликчил бир тараптуу медиа каражаты үчүн иштеп жатканыңыз кандай? деп сураганда, ал өзүнүн шоусунун редакциялык көзөмөлү өзүнүн гана колунда экендигин, орусиялык канал “Эми болсо – Ларри Кинг” шоусун тек гана обого чыгаруу үчүн келишим түзгөндүгүн, Путиндин дарегине карата сын пикирлерди өз берүүлөрүнөн эч бир жолу кесишпеген соң, өзүндө бул медиа шерикке карата эч кандай доомат жоктугун билдирген.






Кингдин маанилүү маектештеринин бири – Орусиянын президенти Владимир Путин болду. 2000-жылы 12-августта деңиз астында сүзүүчү “Курск” кемеси кыйроого учураган. Анын 118 деңизчиден турган экипажы толук набыт болгон.


14-августта эле бийликтер бүт деңизчилер өлгөнүн билишкен, бирок 16-августта жана 20-августта Путин деңизчилерди сактап калуу үчүн бардык аргалар жасалып жатат, деп жалган айткан. 22-августта ал Мурманск облусунда деңизчилердин жакындары менен жолукканда “аза күтүү” деген жөрөлгөнү шарттуу эле жарыялап жатышкандыктарын айтып тайсалдаган. Бул жыйындын жүрүшү тууралуу кийин “Коммерсант” басылмасы толук жарыялаган.


2000-жылы 23-августта бүткүл Орусия боюнча набыт болгон деңизчилерди эскерген аза күтүү күнү жарыяланган.






Ал эми 2000-жылы 8-сентябрда Путин Ларри Кингдин берүүсүнүн коногу болгон. Путин БУУнун Башкы жыйынынын салтанаттуу отурумуна катышуу үчүн Нью-Йоркко келген кези болчу.




Тасма. В.Путин жана Ларри Кинг. 2000-жылдын 8-сентябры.


Аскердик кеменин тагдыры тууралуу орусиялыктардын өздөрү чыныгы кырдаалды билбестен, жалган кабар менен тил эмизилип келген чакта, биринчи жолу Путин Ларри Кингдин кеменин тагдыры тууралуу суроосуна өзүнүн көз карашын билдирип: “Ал чөгүп кетти”, – деп жооп узаткан жана анын себеби кемедеги жарылуу болгондугун кошумчалаган.



1997-жылы Ларри Кинг айрым америкалык өнөрпоздор жана Голливуддун жетекчилери менен биргелешип ошол кездеги Германиянын канцлери Гельмут Коль мырзага кат жолдоп, бул өлкөдөгү сайентологдорду колдоого алган. Бул кат “International Herald Tribune” басылмасында жарык көргөн.



Ларри Кинг “Эмми сыйлыгына” (“Emmy Award”; 2011) жана башка кадыр-барктуу сыйлыктарга ээ болгон, айрым университеттердин ардактуу даражасына татыган.



Ал сыналгы берүүлөрдү жандуу алып баруудагы кайталангыс өнөр ээси катары журналистика тарыхында калмакчы.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

150 лет театральной России: марафон-фестиваль и поезда из Владивостока и Севастополя

В центре Орла на реке Оке 22 команды соревнуются в ловле рыбы

В Орле завершился Кубок Орловской области по рыболовному спорту

Выставка коллекции князей Барятинских из Курской области открылась в Москве


Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Курск на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.