Добавить новость
Август 2011
Сентябрь 2011
Октябрь 2011
Ноябрь 2011
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012 Ноябрь 2012 Декабрь 2012 Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014 Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014 Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015 Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016 Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016 Сентябрь 2016 Октябрь 2016 Ноябрь 2016 Декабрь 2016 Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018 Июнь 2018 Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Журтташтар: шайлоодо Италиядагы жарандар активдүү

0 32
Парламенттик шайлоого чет жактагы бир жарым миллиондой мекендештердин 84 миңдейи добуш берүү үчүн каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшырган. Бул жолу жаңы добушканалар АКШнын Чикаго, Нью-Йорк, Италиянын Рим, Кальяри жана Түркиянын Анталия, Орусиянын бир катар шаарларында ачылды.


Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды

Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды. Быйыл Сеулдагы консулдуктагы каттоодон 1651 кыргызстандык өтүп, биометрикалык маалыматын тапшырган. Ал жактагы шайлоо комиссиясынын төрагасы Эмил Калиловдун айтымында, каттоодон өткөндөрдүн 10% гана добуш беришти.


"Добуш берүү бекетин жаптык. Шайлоо жакшы маанайда өттү. Тилекке каршы, жарандарыбыздын көпчүлүгү келе алышкан жок. 144 жаран добуш берди. Бул эми коронавирус чектөөлөрүнө дагы байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле жарандарыбыздын көбү башка шаарларда завод-фабрикаларда иштешет. Алыстыктан улам алар келе албай калышты окшойт".


Добуш берүү Орусиянын Ыраакы Чыгышында дагы жыйынтыкталды. Быйыл Хабаровск шаарында алгачкы жолу добуш берүү бекети ачылган. Консулдуктагы каттоодон 250дөй жаран өткөн.


"Катталган жарандардын 45% өз тандоосун жасашты. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктар абдан эле кубанышты. Анткени буга чейин бизден 800 чакырым алыстыктагы Владивосток шаарына барып добуш берүүгө аргасыз болушчу. Ал жакка барууга көбүнүн мүмкүнчүлүгү да жок эле",-деди шайлоо бекетинин төрагасы Алтын Мырзабаев "Азаттыкка".


Чет жактагы журтташтар алдыдагы парламент кандай болушун, кандай депутаттар келишин каалашат? Бул сурамжылоодон көрүңүз:



 


Италиянын Сардиния аралында активдүүлүк жогору

Европа мамлекеттериндеги добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча эрте менен саат сегизде ачылды. Быйыл Италияда жашаган журтташтарыбыз бир эмес, эки шаарда добуш берүү укугуна ээ болушту. Шайлоо бекеттери Кыргызстандын Римдеги элчилигинде жана Сардиния аралынын борбору Кальяри шаарында ачылды.


Кальяриде ар кандай маалымат боюнча эки миңдей кыргызстандык бар. Алардын бири Миргүл Өмүралиева шайлоого жарандар активдүү катышып жатканын байкаган.


"Өзүм добуш берүү үчүн бир сааттай кезекке турдум окшойт. Анткени, бул жерде бир чети пандемия эрежелеринен улам, добушкананын ичинде көп адам топтолууга болбойт. Экинчиден, шайлоого келгендер абдан көп. Жумуштан суранып келгендер бар экен, аларды биринчи кое бердик. Кээ бирөөлөр өзүлөрү баккан чал-кемпирди кошо жетелеп келишиптир. Арал аябай чоң болгондуктан, айрымдары поезд, такси, автобус менен атайын келип жатышат. Активдүүлүк жакшы. Менимче жүздөй киши түшкө чейин эле добуш берип койду. Дагы кечке чейин көп эле келишсе керек".


Ошондой эле Кыргызстандын Рим шаарындагы элчилиги расмий ачылганы кыргызстандыктар алгачкы ирет добуш берип жатышат. Ал жактагы шайлоо комиссиясынын төрайымы Назгүл Төлөбаеванын айтымында, түшкө чейин жыйырма чакты гана адам өз тандоосун жасаган.




Германияда коронавирустун жайылуусу күч алгандыктан, чектөөлөр катаалдашкан. Мындан улам жарандардын катышуусу аз болуп калабы деген кооптонуу бар экенин Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева билдирди. 


Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 59 добушкана ачылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 18:00дөгү маалыматына караганда, 84 128 шайлоочунун 6 609у же 7,86% добуш берди.



Добушканалардын көпчүлүгү Орусиянын аймагында жайгашкан.  Буга чейин Түштүк Сахалин, Владивосток, Иркутск аймактарында жана Жапониядагы шайлоо участокторунда добуш берүү аяктаганы кабарланган.



 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

В горах Бурятии развернули поиски пропавшей туристки

«Торпедо» уступило «ИрАэро» в Иркутске со счётом 3:4


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Иркутск на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.