Орусияда 3 миллион гектарга жакын токой аянты күйүп кетти
0
21
Орусиянын Красноярск крайында, Иркутск облусунда жана Якутияда токой өрттөнүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, өрттүн аянты 3 миллион гектардан ашты. Красноярск чөлкөмүндө 1 миллиондон ашуун гектар жердеги токой күйүп жатат.
24 саатта өрттөрдүн саны 99дан 90го чейин азайганы менен аянты кеңейди. Иркутскиде 31-июлда эртең менен 670 миң гектар токой өрттөнүп жатканы маалымдалган. Анын 600 миң гектарын өчүрбөө чечими кабыл алынган.
Өрт Якутия менен Бурятиянын токойлорун да чалды.