Оренбургда автокырсыктан жети кыргызстандык жабыркады
0
33
Окуя 14-январда эртең менен М-5 «Урал» трассасынын 181-чакырымында болгон. Анда үч автоунаа — эки "Mercedes-Benz Sprinter" менен "Honda Stepwgn" кагышкан.
Окуянын кесепетинен сегиз киши — жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу менен "Honda Stepwgn" автоунаасындагы жети кыргызстандык жабыркаган. Алардын үчөө Бузулук районундагы оорукананын реанимациясына, бешөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяны көзөмөлүнө алганын маалымдады.
Кыргызстандан Орусияга автоунаа менен бара жатып кырсыкка учурап, набыт болгондор да катталган.(ZKo)