Добавить новость
Февраль 2012 Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014
Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015 Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015 Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016 Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016 Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016 Декабрь 2016 Январь 2017 Февраль 2017 Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Студенттер путинчил флешмоб чарасына алданып барышканын айтышты

0 189
Орусиянын бир нече жогорку окуу жайларынын студенттери аларды Орусиянын президенти Владимир Путинди колдогон флешмоб деп аталган иш-чараларга алдап чакырышкан деп ырасташууда.



Акыркы күндөрү, коомдук иш-чаралардын мазмуну жөнүндө алдын-ала эскертүүсүз жана коронавирус эпидемиясынан улам учурдагы чектөөлөргө карабастан, Орусиянын ар кайсы шаарларында президент Владимир Путинди колдогон “флешмоб” делген, бирок чакыруу ыкмасы талаш-тартыш туудурган жыйындар арбын өттү.






Студенттик “Doxa” басылмасынын маалымдашынча, маселен, Москвадагы Тимирязев академиясынын студенттерине флешмоб Орусиянын желегине арнала турганын айтышса, ал эми Кутафин атындагы Москва мамлекеттик юридикалык университетинин студенттерине “өлкөбүз ковидге каршы күрөштүн лидери катары” деген теманы "колдоо" болот деп кабарлашкан.




 


Студенттер Москвадагы мейманканалардын бирине тасмага тартылууга келишкенде, уюштуруучулар алардан "Бизде бир президент бар, биз чогуу жеңишке жетебиз. Владимир Владимирович, биз сиз мененбиз! Путин – биздин президент!" деп жалпы ураан чакыргыла деп талап кылышкан.






"Белгород №1" Телеграм каналы Белгород көркөм өнөр жана маданият институтунун студенттерин жыйын залына чогултушканын жазып чыкты. Студенттерден Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата патриоттук видеотасма жаздырып алуу үчүн керек деген шылтоо менен Орусиянын желектерин алып бийлөөнү суранышкан. Кийинчерээк ушул бий менен видео тасма жарыяланып, анда Путинди колдогон ураандардын доошу да тиркелип чыккан. Алиги студенттер бул ураандарды өздөрү эч кыйкырышпагандыгын, аларды монтаж учурунда кошуп коюшкандыгын айтышты, дейт "Белгород №1" Телеграм каналы.




Тасма.  "Сима-Ленд" компаниясы уюштурган флешмоб. Екатеринбург. 05.2.2021.



Екатеринбургдагы "Сима-Ленд" компаниясынын кызматкерлери Путинди колдогон биринчи "флешмобду" быйылкы 23-январдагы оппозициячы саясатчы Алексей Навальныйды колдогон нааразылык жыйындарынан көп өтпөй, ошол айдын соңунда уюштурушкан. "Сима-Ленд" компаниясынын ээси Андрей Симановский Путинди колдоп митинг өткөрүүгө "жөн гана жеке каалоосу болгонун" жана анын Навальный үчүн уюштурулган митингдер менен эч байланышы жок экендигин айтты.




Бирок "флешмобдор" Орусиянын башка шаарларында да жамгырдан кийинки козу карындарга окшоп көп сандап өткөрүлө башталды. Алар көбүнчө ишканаларда же стадион сыяктуу ачык жерлерде өтөт.


5-февралда, жума күнү,  "Российская газета" алар жөнүндө "Орусиянын президентин колдогон флешмоб бүткүл өлкө боюнча өтүп жатат" деген аталыштагы макаласында мындай деп жазган: "Ишканалардын жумушчулары, ыктыярчылар, спортчулар, ири ишканалардын кызматкерлери жана жөн гана кайдыгер эмес жарандар Владимир Путинге ыраазычылык сөздөрүн жана #Путин биздин Президентибиз хэштегин кошуп видео кайрылууларды жазлырып жатышат".


Мындай флешмоб делген иш-чаралар, маселен, Алтай аймагында, Ставрополь аймагында, Татарстанда, Москва облусунда жана башка аймактарда өткөрүлдү.




5-февралда Уралдагы Екатеринбург шаарында өткөрүлгөн экинчи флешмобдон кийин Свердлов облусунун Коомдук коопсуздук министри Александр Кудрявцев “Сима-Ленд” компаниясына коомдук иш-чараларды өткөрүү тартибин бузгандыгы жөнүндө эскертүү берди.


Екатеринбург шаарынын бийлиги болсо жогорудагы флешмоб чарасы жергиликтүү бийликтер менен атайын макулдашууга эч муктаж эмес, анткени ал ишкананын короосунун ичинде уюштурулган, деп буга чейин ырастаган болчу.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Над Россией в ночь на 17 мая силы ПВО сбили 556 дронов, сообщило Минобороны

Средства ПВО в ночь на 16 мая уничтожили 138 дронов ВСУ над регионами России

Владимир Рогов: 556 БпЛА атаковали 15 регионов России и два моря

За ночь Россию атаковали 355 беспилотников ВСУ


Загрузка...
Rss.plus
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Белгород на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.