Добавить новость
Февраль 2011
Март 2011
Апрель 2011
Май 2011
Июнь 2011
Июль 2011
Август 2011
Сентябрь 2011
Октябрь 2011
Ноябрь 2011
Декабрь 2011
Январь 2012
Февраль 2012
Март 2012
Апрель 2012
Май 2012
Июнь 2012
Июль 2012
Август 2012
Сентябрь 2012
Октябрь 2012
Ноябрь 2012
Декабрь 2012
Январь 2013
Февраль 2013
Март 2013
Апрель 2013
Май 2013
Июнь 2013
Июль 2013
Август 2013
Сентябрь 2013
Октябрь 2013
Ноябрь 2013
Декабрь 2013
Январь 2014
Февраль 2014
Март 2014
Апрель 2014 Май 2014
Июнь 2014
Июль 2014
Август 2014
Сентябрь 2014
Октябрь 2014
Ноябрь 2014
Декабрь 2014
Январь 2015
Февраль 2015
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015 Сентябрь 2015 Октябрь 2015 Ноябрь 2015 Декабрь 2015 Январь 2016 Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016 Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018 Август 2018 Сентябрь 2018 Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12 13 14 15
16
17
18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Навальныйды колдогон акция Бишкекте да өттү

0 156
Учурда Орусиянын ири шаарларында камакта жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акция өтүүдө.


23-январда Орусиянын көптөгөн аймактарында убактылуу абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды боштондукка чыгаруу жана жемкорлукту иликтөө талаптары менен нааразылык жыйындары байма-бай өткөрүлүп жатат.


Ишембидеги алгачкы нааразылык жыйындар Ыраакы Чыгышта жана Сибирдин шаарларында башталды. Коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугуна, кармап кетүүлөрүнө карабастан, ыраакы чыгыштык демонстранттар “Навальныйга боштондук!”, “Путин – ууру!” деп ураан чакырышты.


Алар Владивосток, Хабаровск, Новосибирск, Томск, Иркутск, Барнаул сыяктуу шаарларда ызгаар суукка жана полициянын куугунтуктаганына карабастан көчөгө чыгышты. Якутск шаарында демонстранттар 50 градус суукка карабай митинг өткөрүштү. Жалпысынан, өлкөнүн Сибиринде жана Ыраакы Чыгышында 15 миңдей киши көчөгө чыккандыгы айтылууда.


Екатеринбург шаарында 15 миңдей киши 30 градус суукка карабастан демонстрация өткөрүштү.




Москва менен Санкт-Петербургда нааразылык жыйындар жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00тө башталды. Бишкек убактысы боюнча саат 20:00да да Орусиянын Европа бөлүгүндөгү шаарларда нааразылык жыйындар улантылууда. Бирок ага чейин эле айрым тургундар коопсуздук кызматы тарабынан кармалды.


Орусиядагы көптөгөн демонстранттарды коопсуздук күчтөрү эл көзүнчө эле ур-токмокко алгандыгы кабарланды жана түз ободо көрсөтүлдү.


Акцияны түз чагылдырып аткан орус тилиндеги макаланы бул жерден таба аласыз.




 


Алексей Навальныйга колдоо көрсөткөн акция Бишкекте да болуп өттү


Өзүн Дмитрий деп тааныштырган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барганын, колундагы ураан-жазуулардын бирин милиция алып койгонун Current Time Asia телеканалынын кабарчыларына айтып берди:


«Навальный туура сүйлөп, туура иш кылып жатат деп эсептейм. Кыргызстан Орусиядан көз каранды эмес болушу керек. Аны бошотуу талабы коюлган акциялар бүгүн бүткүл Орусияда өтүп жатат».




 


Ал эми активист Чынар Темир Навальныйды колдогон пикирин социалдык тармакка жайгаштырды.


«Биз канча өнүккөн мамлекет болууга унтулсак да, Кремль ага каршы. Себеби өздөрүнүн бийлигине коркунуч келтирет. Ошондуктан, биз Орусиянын өнүккөн, мыйзамдуу жана адам укуктарын коргогон мамлекет болуп кетишине түз кызыкдарбыз. Биз Орусия менен дос болушубуз керек, бирок Путин менен эмес», - деп жазган ал баракчасына.




 


Жапонияда жүргөн эксперт Даниел Кадырбеков Навальныйдын Орусиядагы демократиялык кызыкчылыкты колдогону Кыргызстан үчүн да маанилүү экенин жазды.




 


Жогоруда айтылгандай, 23-январда Орусиянын айрым шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар өтүп жатат.




 


Миңдеген адамдар көчөгө чыгып, 17-январда камалган оппозициячыл саясатчы, Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылышууда.


Алгачкы митингдер Сибирдеги жана Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск, Владивосток, Новосибирск жана башка шаарларда өттү. Аларга жалпысынан 15 миңдей адам катышканы кабарланды.




Айрым талдоочулар бүгүнкү иш-чаралар 2017-жылдын март айында Орусиянын 99 шаарында өткөн ири акциялардан берки эң ири демонстрациялар болушу ыктымал экенин айтып жатышат.




 


Орус полициясынын ишмердүүлүгүнө көз салган «ОВД-Инфо» тобу 30 шаарда 273 адам кармалганын, Хабаровск шаарында күч кызматкерлери кармалгандарга кол көтөргөнүн маалымдады.




 


Владивостокто демонстранттардын саны миңге чукулдады, алардын катарында белгилүү блогер Юрий Дудь да болду.


Оппозиционердин бошотулушун талап кылгандардын акциясы Москванын Пушкин аянтчасында жана Санкт-Петербургда да өтүүдө.




 


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага учуп келери менен “Шереметьево” аэропортунда кармалган.


Навальныйды колдоо иретинде анын тарапташтары элди 23-январда бүткүл өлкө боюнча нааразылык митингдерин уюштурууга чакырышкан.






Орус бийлиги ири нааразылык акцияларынын алдында Алексей Навальныйдын бир катар тарапташтарын кармаган.


21-январда Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш уруксатсыз митингге үндөгөнү үчүн тогуз күнгө камалган. Тиешелүү чечимди Москвадагы Савелов райондук соту кабыл алган.


Кира Ярмыш менен катар Навальныйдын дагы төрт үзөңгүлөшү: Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристтери Любовь Соболь, Владлен Лось, Навальныйдын Краснодар аймагындагы штабынын координатору Анастасия Панченко, фонддун иликтөө тобунун башчысы Георгий Албуров кармалган болчу. Кира Ярмыштан башкалары суракка алынган соң бошотулган.


Навальныйдын мекенинде камакка алынышын бир катар өлкөлөрдүн бийлиги сынга алып, аны бошотууга чакырышууда.




 


Алсак, «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму орус бийлигин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө каршы куугунтукту токтотууга чакырып, 22-январда билдирүү тараткан.


«Орус бийлиги оппозициянын лидери Алексей Навальныйга тилектештик иретинде 23-январга белгиленген нааразылык акцияларынын алдында активисттер менен студенттерди коркуп, куугунтукка алып жатат», - деп билдирген эл аралык уюм.


Ошондой эле билдирүүдө бийлик учурда нааразылык акциясына катышуу боюнча социалдык тармактардагы чакырык камтыган постторду өчүрүп жатканына көңүл бурулган.


Буга байланыштуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык уюм адамдардын тынч акцияларга чыгууга укугу бар экенин белгилеген.


Путиндин хансарайы


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан бир күндөн кийин ал негиздеген Коррупция менен күрөш фонду Путиндин мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган.


Анда Геленжик курорттук шаарында орус президенти Владимир Путинге таандык деген «хан сарай» боюнча кеп болот. Навальный камакка алына электе даярдалган эки сааттык тасмада Путиндин Германияда иштеп жүргөнүнөн баштап 1990-жылдардагы ишмердиги камтылган.




 


«Путиндин хан сарайы» деген имарат Кара деңиздин жээгинде токойлуу, жүзүмдүккө оронгон татынакай дөңсөө жерде 2005-2010-жылдары дээрлик 1 миллиард долларга курулганы баяндалат.


Имараттын аянты 17 миң чарчы метр, анын азыркы баасы 100 миллиард рубл акчага тете. Мындан тышкары хан сарайга кошумча 7 миң гектар жер бөлүнүп, анда чиркөө, 80 метрлик көпүрө, амфитеатр, оранжерея, хоккей ойноого жер алдында курулган муз аянтчасы, өзүнчө конок үй жана кошумча тамдар тургузулганы тасмада көрсөтүлөт. 300 гектар жерде өстүрүлгөн жүзүм, шато, анан калса шарап чыгарчу ишкана жана деңиз моллюскасынын бир түрү – устрица өндүрүү чарбасы да бар.


Коррупцияга каршы күрөш фонду дал ушул хан сарайдын курулушун каржылоо булактарын аныктап, анда Путин коррупциялык схемалар аркылуу бул иштерди каржылаганы жөнүндө сөз болот.


Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык бир басылмага «бул баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз» деп жооп берген.




44 жаштагы Алексей Навальный орус бийлигинин элдешкис сынчыларынын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин коррупциялык иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, президент Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келген. 2020-жылдын августундагы өзүн ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганын ачыкка чыгарган болчу.


Орусияга келгенге чейин ал Германияда дарыланып жаткан.


Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган. Бул иш боюнча сот жараяны 2-февралга башталганы жатат.


 


 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

От Краснодара до Иркутска: томичи передали 1 200 почтовых приветов с ТОМ IV и «Ночи музеев»

Развитие учреждений культуры в регионах России

Около 40% опрошенных россиян ведут бизнес или думают его запустить

В Тегеране сыграли 1000 свадеб на военных джипах вместо лимузинов


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Барнаул на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.