Добавить новость
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026
1
2
3
4
5 6 7 8 9
10
11
12 13
14
15
16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

ӨКМ жаңжал чыккан жерден элди чыгарууга техника жөнөтүлгөнүн билдирди

0 74
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Баткендин Орто-Боз, Рават айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуациялана баштаганын билдирди.


"Учурда Баткен облусунун Ак-Татыр, Орто–Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө Ак-Татыр Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жашоочуларын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар жеке менчик унаалары менен эвакуациялап жатат. Ошондой эле Смаркандек айылында эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. Лейлек району Кулунду айыл аймагында, Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Аксай айылына ӨКМдин куткаруучулары жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо максатында төрт КамАЗ, эки спринтер жана пикап унаалары менен чыгып кетти",-деп айтылат ӨКМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.


27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.


Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев азыркы тапта чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерде жүргөнү айтылды. Бул тууралуу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев маалымат берди.


“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан окуя чыккан айылдардагы элди коопсуз жакка көчүрүү иштери да уюштурулууда. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев азыр Самаркандек айылында жүрөт. Азырынча кырдаал өзгөргөн жок", - деген Тулаев.


Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев маалымдады.


Чек ара кызматынын бир аз мурда тараткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу "Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатат".


Кыргыз тарап чек ара жаңжалы тажикстандык жарандар Төрт-Көчө аймагын жаап алгандан кийин тутанганын билдирүүдө.


“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.


Айрым тажик басылмалары күч түзүмдөрү жана жайкын тургундар арасында жарадар болгондор бар экенин жазууда. Баткендеги ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргыз тараптан жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. (BCh)




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Подвели итоги всероссийских соревнований по теннису среди юношей и девушек «Севастопольский вальс»

В Ростовской области за сутки трижды объявлена атака БПЛА


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Аксай на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.