Добавить новость
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026 Сентябрь 2026
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10 11
12
13
14 15
16
17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

"Бийлик элде болбосо, эмнеси демократия?"

0 74
"Бийлик сырлары" берүүсүнүн бул жолку мейманы Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү саясатынын мурдагы министри Төлөбек Өмүралиев болду.


Ал маегинде мамлекеттик кызматка келиши, “айыл өкмөт” жана “губернатор” институтунун кантип пайда болгону, өз алдынча башкаруу реформасынын жүрбөй калышынын себептери ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат.


 -Төлөбек Эсенгулович, Сиз 1980-жылдардын аягында КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы Коомдук илимдер академиясын бүтүп келгенден кийин мурдагы кызматыңыздан да төмөн кызматка - Ысык-Көл обкомуна инспектор эле болуп калыпсыз, анын жүйөсү барбы?


 -Ал кезде, компартиянын заманында жогору жактан кайда жиберсе, биз солдат катары барчубуз. Анда Нарын-Ысык-Көл аймактары бир облуска биригип калган эле. Облустун жетекчиси Жумгалбек Аманбаевге барсам, “айыл чарба бөлүмүнө инструктор болосуң” деп сунуш кылды. Мен макул болбой чыгып кеттим. Эртеси дароо Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы Апсамат Масалиевичке кирип, “мен ал кызматка макул эмесмин” деп айттым. Ал дароо трубканы көтөрүп, “бул эмне кылганың, Москвадан академияны бүтүп келсе, юридика илимдеринин кандидаты болсо, мындай кадрлар жерде жатыптырбы, татыктуу кызмат бериңиз” деп тапшырма берди. Кайра барсам инспектор кылып дайындады, ал кызматтан башка жакка жогорулап кеткенге болот эле. Ошентип облустун борбору Балыкчыда ал кызматта бир жыл иштедим. Бирок үй-бүлө Нарында болгондуктан жүдөп да кеттим. Анан көп өтпөй Тянь-Шань райондук кеңешинин төрагасы болуп шайланып калдым.




 -Сиз 1994-жылы Тянь-Шань районунун акими болуп турганда Президенттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана агрардык саясат бөлүмүнө башчылыкка дайындалдыңыз. Сизди ал кызматка ким чакырган же сунуш кылган? Эмне үчүн Өмүралиевдин талапкерлиги жактырылган?


-СССР талкаланып, бардык чарбалык байланыштар үзүлүп, өндүрүштөр токтой баштады. Акча жок, бензин жок, башка кызматтар жоюлуп, эл, жетекчилер да карайлап эле калдык. Баары эле “бартер” болуп калган. "Канча литр бензинге канча кой алмаштырабыз" деген эле киши. Сүйлөшүп, макулдашып, Аксай, Арпадан койду алып келгенче баалар өзгөрүлүп кеткен күндөр көп болду. Дегеле, элди кантип багабыз, малды кантип сактап калабыз деген чоң суроонун алдында турдук. Анан президент Акаевдин айыл чарбасын реформалоо, жеке менчик чарбаларды түзүү, элге малды, жерди бөлүп берүү боюнча указы чыкты. Аны ишке ашыруу керек болду. Биздин райондо кандай реформаларды жасайбыз деген суроолорду коюп алып, бир жума үйдө оорудум деп жатып алып, атайын концепция жазып чыктым. Бүткөндөн кийин элди чогултуп алып, төрт саат доклад жасап, түшүндүрдүм.


Коомдук малды элге таратып берип, жеке чарбаларды түзүүнү жактап, аны ишке ашыра баштадык. Малды таратып, жерди элге бөлүп бердик. Техника ортодо боло турган болду, тейлөө кызматтары ачыла турган болду. Бир күнү президент Акаев айылга келип, эл өзү менен өзү оокатын кылып жатканын көрүп ыраазы болду, менин аракеттеримди колдоду. Ошондон бир ай өткөндөн кийин мени президенттик администрациясынын бөлүм башчы кызматына чакырды.


 -Ошол жылдары “жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы” деген пайда болду. Бул идея, демилге кимге таандык, анын максаты кандай эле?


 -1994-жылы президент Акаев “жергиликтүү өз алдынча башкаруу” идеясын көтөрүп чыкты. Демилге ал кишиге таандык. Президент бул реформанын прогрессивдүү экенин далилдеп сүйлөп, 60 кишиден турган чоң комиссия түздү, ага республикага белгилүү таанымал адамдар, адистер кирди.


 -Жыйынтыгында жергиликтүү бийликтер өз алдынча башкарууга өттүбү, реформанын натыйжасы болдубу?


 -Биринчиден, бул реформаны ийгиликтүү турмушка ашыруу үчүн президенттин тиешелүү жарлыктары, өкмөттүн токтомдору, парламенттен мыйзамдар чыкты, укуктук базасы толук түзүлгөн болчу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун максаты - баардык маселелер эл менен чечилет, жергиликтүү бийлик башчыларын эл өзү шайлаш керек болчу. Мисалы, айыл өкмөт башчысын жалпы эл добуш берүү менен шайлап баштады. Алгач 10 айыл өкмөттө, бир шаарда башчыларды “сынак долбоор” менен эл шайлады. Элибиз абдан колдоду, аябай жакты, көп добуш алган талапкерлер жетекчи болуп шайланып жатышты. Андан кийин Кыргызстан боюнча бардык айыл өкмөттөрдө, майда шаарларда жалпы эл катышкан башчылар шайланды, реформа өз натыйжасын бере баштаган. Ошентип жергиликтүү жетекчилер дал ушундай жол менен 2007-жылга чейин эл тарабынан шайланып келди.




 -Эмне үчүн кийин айыл өкмөт башчыларын, шаар мэрлерин эл эмес, жергиликтүү депутаттар шайлап калышты?


 -2008-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда, бир кишинин бийлигин күчөтүү, вертикал башкарууну бекемдөө максатында элдик шайлоону жоюп салышты, ошону менен “реформа оо-мийин” болду. Ошондон бери бардык маселелерди жергиликтүү депутаттар чечип келе жатат. Натыйжасы кандай болуп жатканына баарбыз күбөбүз.


Конституцияда “жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” деген өзүнчө чоң бөлүм бар. Ага чоң укуктар берилген, эл аркылуу гана чечилет. Эми ошол баалуу, маанилүү нерселерди көрмөксөнгө салып, азыркы бийлик “айыл өкмөт башчыларын аким дайындашы керек” деп жатат. Бул Баш мыйзамга каршы келет. Конституцияда “бийликтин туткасы – эл” деп жазылып турат. Бийлик элде болбосо, эмнеси демократия?! Демократия болбогон жерде Кыргызстандын келечегине ишенүү кыйын.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

ПВО уничтожила 120 дронов над Ростовской областью

Слюсарь: 120 дронов сбито над Ростовской областью за ночь

Дроны атаковали Ростов: повреждены дома и подстанция, нет света в 4 районах

Над Ростовской областью сбиты 50 дронов: повреждены дома и авто


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Аксай на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.