Добавить новость
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018
Октябрь 2018 Ноябрь 2018 Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026 Май 2026 Июнь 2026 Июль 2026 Август 2026
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Поиск города

Ничего не найдено

Чек ара жаңжалына бир ай, Жапаровдун сапары

0 113
Президент Садыр Жапаров эки күндөн бери Баткен облусунда иш сапар менен жүрөт. Бул аралыкта ал чек ара чырында жабыркаган тургундарга жолугуп, жол курулушу менен таанышты.


Садыр Жапаров 28-майда Баткен облусундагы стратегиялык мүнөзгө ээ альтернативдүү Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай айланма жолунун курулушун барып көрдү.


Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүү максатында курулуп жаткан жолдун узундугу 48 километр. Учурда анын 7 километринде курулуша иштери башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документи даярдалган.


Бир күн мурда Жапаров Лейлек жана Баткен райондорун бириктирүүчү 44,1 чакырымды түзгөн Самаркандек - Мадиген - Даркум автожолунун курулушу менен да таанышкан.


Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта бул жол Баткен районунун 17 айылынын тургундарынын Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен барышын камсыз кылары кабарланды.




Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк сапар менен 27-майда барган. Биринчи күнү ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдардын жашоочулары менен жолуккан.


Президент Ак-Татыр айыл аймагында убактылуу жашап жаткан тургундарга жолукканда чыр маалында өрттөлүп, талкаланган айылдарды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын, жакында жаңы, заманбап үйлөр курулуп бүтөрүн айтты.


Жолугушуу учурунда жашоочулар айылдарга бала бакча, спорт аянтчасы, маданий борбор, төрөт үйү, мектеп жана башка социалдык объектилерди кошо куруп берүүнү өтүнүшкөн.




Андан кийин Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылынын тургундарына жолуккан. Бул айылдын тургуну Жунус Масыдыков мындай деди.


"Тажикстан менен чек араны көрбөй туруп жер маселесин көрбөй туруп чече албайбыз деди. Маселени таанышып жүрүп чече турганын айтты. Көк-Теректен бул жагын макул болсо ооштуруп, башка жактан жер берели деди. Элдин оюндагы сөздөрдү айтты. Эл көбүнчө чек ара тууралуу суроолор берилди. Ворухка жол берүү тууралуу айткан жок. Бул тема козголгон жок. Кээ бир суроолор берилбей калды".




Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылынын тургундары менен да жолукканда аймакты өнүктүрүүгө убада берди.


"Мамлекет Баткен облусунун тургундарына мындан ары дагы жакындан көңүл бурат, мен күч-аракетимди чек ара коопсуздугун камсыз кылып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жумшайм. Бул багытта чаралар көрүлдү, мамлекеттер аралык өкмөттүк комиссиялар иштеп жатат", - деди президент.


Кыштактын жашоочулары эң башкысы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо экенин билдиришти.


Садыр Жапаров Баткен районундагы «Орто-Боз» чек ара тозотуна да барып, аскердик кызматтын шарттары жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун өз көзү менен көрдү. Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда да болгону кабарланды.




 


Лейлек районунун Максат айылына барып, 100 орунга эсептелген эки кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышкан. Борбордук айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салган.


Президенттин сапарынан бир күн мурда, тагыраагы 26-майда Баткендин Таш-Тумшук айылынын айрым тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Анда алар чек арадагы кооптуу аймакта коркуп, кооптонуп жашап жаткандарын билдиришкен.


Баткендик активист Актилек Гүлжигит кызы 26-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган тасмада айылдыктардын көбү үй-жайын таштап кеткенин айтышкан.


“Урматтуу президент. Биз кооптуу аймакта жашайбыз. Учурда үй-жайыбызды таптап ар кайсы жерде аргасыз жүрөбүз. Ошондуктан биздин коопсуздугубуз үчүн Таш-Тумшук айылынан көчүрүп кетүүңүздү сурайбыз”, - деди кайрылуу жолдогон айылдыктардын бири.




 


Исфара-Аксай-Ворух жолунун боюнда жайгашкан Таш-Тумшук айылы Баткен районуна карайт. Расмий маалыматка ылайык, анда 500дөн ашык киши жашайт.


Курулуш иштери кандай жүрүп жатат?


Бул Садыр Жапаровдун бир ай ичиндеги Баткенге болгон экинчи иш сапары. Ал буга чейин облуска 6-майда, кыргыз-тажик чек арасындагы үч күнгө созулган жаңжалдан кийин барган. Анда ал өрттөлүп, талкаланган үйлөр, турак жайлар эки ай ичинде калыбына келерин, чыгымдардын баарын мамлекет көтөрүн айткан.


5-майда президенттин колу коюлган “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка ылайык, премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлүп, аталган облуста президенттин атайын өкүлү болуп Баткен шаарынын мурдагы мэри Мамыржан Рахимов дайындалган.


Андан кийин бир катар айылдарда курулуш иштери башталганы кабарланган. Бирок жаңжал учурунда талкаланган үйлөрдү, социалдык объекттерди калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсү, «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева эл арасында курулуштун сапатына нааразылар барын билдирген.


"Элдин нааразы болгону – капиталдык курулуш жүрбөгөнү. "Бышкан кыштан, таштан салынган, шамалга жана селге туруштук бере алган үйлөргө көнүп калганбыз да. Ошондой үйлөр болсо, биз өзүбүздү корголгондой сезет элек” деп жатышат. Азыркы салынып жаткан үйлөрдү “финн үйү” деп коет, жеңил конструкциядагы сип-панелден курала турган үйлөр. Мурдагы үйү анча бекем эмес салынган, аянты азыраак болгон тургундарга бул үйлөр жагып жатат. Ал эми мурдагы үйү кыштан салынган, эки кабат болгон, чарчы метри көбүрөөк үйлөрдүн ээлери уттурганын айтып жатышат. Баары эле нааразы деп айта албайбыз, бирок көпчүлүк ошондой нааразычылыгын билдирүүдө. “Бир үйдү салып бүтүшсүн, көрөлү. Ошого жараша жыйынтык чыгаралы” дегендер да бар".




Кыргызстан менен Тажикстандагы чектеш аймакта жол, суу жана жер маселесине байланыштуу тез-тез чыр чыгып турат.


Анын акыркысы 28-29-30-апрелде жана 1-майда болуп, куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза тапкан, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды.


Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак жай толугу менен талкаланган. Анын 46сы Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан.


Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.


Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар калктуу конуштарга жана жай тургундарга карата оор согуштук куралдар колдонулганын сынга алып, Бишкек менен Дүйшөмбүнү чек ара чырын дыкат, бейтарап иликтөөгө чакырган.




 




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Силы ПВО уничтожили 60 беспилотников над Ростовской областью

Ночью в Ростовской области сбили более 60 дронов в 11 районах


Загрузка...
Ria.city
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Аксай на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.