Добавить новость
Март 2015
Апрель 2015
Май 2015
Июнь 2015
Июль 2015
Август 2015
Сентябрь 2015
Октябрь 2015
Ноябрь 2015
Декабрь 2015
Январь 2016
Февраль 2016
Март 2016
Апрель 2016
Май 2016
Июнь 2016
Июль 2016
Август 2016
Сентябрь 2016
Октябрь 2016
Ноябрь 2016
Декабрь 2016
Январь 2017
Февраль 2017
Март 2017
Апрель 2017
Май 2017
Июнь 2017
Июль 2017
Август 2017
Сентябрь 2017
Октябрь 2017
Ноябрь 2017
Декабрь 2017
Январь 2018
Февраль 2018
Март 2018
Апрель 2018
Май 2018
Июнь 2018
Июль 2018
Август 2018
Сентябрь 2018 Октябрь 2018
Ноябрь 2018
Декабрь 2018 Январь 2019 Февраль 2019 Март 2019 Апрель 2019 Май 2019 Июнь 2019 Июль 2019 Август 2019 Сентябрь 2019 Октябрь 2019 Ноябрь 2019 Декабрь 2019 Январь 2020 Февраль 2020 Март 2020 Апрель 2020 Май 2020 Июнь 2020 Июль 2020 Август 2020 Сентябрь 2020 Октябрь 2020 Ноябрь 2020 Декабрь 2020 Январь 2021 Февраль 2021 Март 2021 Апрель 2021 Май 2021 Июнь 2021 Июль 2021 Август 2021 Сентябрь 2021 Октябрь 2021 Ноябрь 2021 Декабрь 2021 Январь 2022 Февраль 2022 Март 2022 Апрель 2022 Май 2022 Июнь 2022 Июль 2022 Август 2022 Сентябрь 2022 Октябрь 2022 Ноябрь 2022 Декабрь 2022 Январь 2023 Февраль 2023 Март 2023 Апрель 2023 Май 2023 Июнь 2023 Июль 2023 Август 2023 Сентябрь 2023 Октябрь 2023 Ноябрь 2023 Декабрь 2023 Январь 2024 Февраль 2024 Март 2024 Апрель 2024 Май 2024 Июнь 2024 Июль 2024 Август 2024 Сентябрь 2024 Октябрь 2024 Ноябрь 2024 Декабрь 2024 Январь 2025 Февраль 2025 Март 2025 Апрель 2025 Май 2025 Июнь 2025 Июль 2025 Август 2025 Сентябрь 2025 Октябрь 2025 Ноябрь 2025 Декабрь 2025 Январь 2026 Февраль 2026 Март 2026 Апрель 2026
1 2 3 4
5
6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Поиск города

Ничего не найдено

Мигранттарды орус жарандыгын алууга эмне мажбурлайт?

0 142
Орусиянын аскер күчтөрүнүн катарында Украинадагы согушка катышып, набыт болгон теги кыргызстандык, бирок орус жарандыгын алган Эгемберди Дорбоевдин өлүмү мигранттар арасында кызуу талкууланууда. Украинадагы согушка орус жарандыгын алган, аскер курагындагы теги кыргызстандык башка жигиттер да катышуусу мүмкүнбү деген суроо жаралды.


Кыргызстандыктарды орус жарандыгын алууга эмне мажбурлайт?


"Катаал мамиледен улам..."

Кыргызстанда туулуп-өскөн, кийин мигрант болуп жүрүп орус жарандыгын алган Салтанат Орусиянын Абакан шаарында жашайт. Анын быйыл 18ге чыга турган уулу дагы орус жараны. Азыр ал Бишкекте мектепти аяктап жатат. Украинада согуш башталгандан бери Салтанат уулунан кабатыр боло баштады.



"Чынында, Украинадагы согуш башталгандан бери уулумду ойлоп кыжаалат болуп жатам. Мектепти бүтсө, күзүндө 18ге толот. Ошондо аскерге алып кетип калса, кандай болот деп ойлоно баштадым. Бирок, жибербейм деп отурам. Уулум да АКШга окууга даярданып жүрөт, ошол жакка окууга кетип калса, жакшы болмок. Азыр ошону эле тилеп отурам".




Салтанат жолдошу экөө 20 жыл мурда баш кошкон. Ал орус жарандыгын алууга түрткөн жагдайларды атады:



"Ал кезде Орусияга баруудан башка аргабыз жок болчу, жашоо оор, күйөөм ошол жакта иштеп жүргөн экен, жарандыгы да бар болчу. Айылга барып, мени көрүп эле куда түшүп, алып кетти. Мен университетте окучумун, ата-энем тез эле сырттан окууга которуп, турмушка чыктым. Абаканга бардык. Күйөөм Орусиянын жараны болгондуктан, айлыкты көп төлөгөн заводдо иштейт. Мигранттар анда көбүнчө базарда, анан короо шыпырган иштерде болчу. Күйөөмө карап мен да орус жарандыгын алдым. Ал кезде жарандык алуу оңой беле же менин жолдошум орус жараны болгондуктанбы, тез эле беришкен. Көп өтпөй орусчаны жакшы билгеним үчүн мага да заводдон кеңсе жагынан кызмат табылды".


Салтанаттын быйыл мектепти аяктап жаткан уулу апасы, карындаштары менен Бишкекте жашаса да, паспорт аларда Абаканга барып, орус жарандыгын алып келген.


Кыргызстандан мигранттар Орусияга 1990-жылдардын аягында, 2000-жылдары жапырт кетишкен. Орус жарандыгын жапырт алуу да ошол жылдарга туш келет. Москвада көп жылдар бою эмгек миграциясында жүргөн, мигранттардын мурда "Бирге", азыркы "Супара" маалыматтык порталынын негиздөөчүсү Мадина Саттар буларга токтолду:




"2000-жылдары Кыргызстан гана эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден да мигранттар орус жарандыгын көп эле алышкан. Анткени, ошончолук муктаждык бар болчу. Мигранттарга жергиликтүү полиция, бийлик, жумуш берүүчүлөрдүн мамилеси катаал эле. Жалаң кара жумушка гана иштей алчубуз. Кемсинтип, көчөдө полиция кызматкерлери жок шылтоо менен кармап кетип, камап коюшчу. Акча берип кутулган күндөрүбүз болгон. Жумушка уруксат кагаз, жашаган жерине каттоого туруу өтө оор болчу. Айлык акысы көбүрөөк иштерге мигранттарды оңой менен алчу эмес. Орус жарандыгын алгандарга кыйла жеңил болчу, кеңири укуктары бар эле. Ошондуктан, кыргызстандыктар да аргасыздан Орусиянын жарандыгын алышкан. Кезинде ортомчуларга көп суммада акча берип жарандык алгандар болгон".


"Орусиянын жарандары жапырт аскерге жөнөгөн жок"

Москвадагы "Руспартнер" ишканасынын негиздөөчүсү, кыргызстандык Руслан Эшимовдун орус жарандыгын алганына көп жыл болгон. Туугандары, балдары да Орусиянын жарандары.


Эшимов "Азаттыкка" учурда жарандыгы барларды аскерге жапырт мобилизациялоо жараяны жүргөн жок деп билдирди.




"Менин туугандарым, тааныштарымдын көпчүлүгү Донецк аймагы менен чектешкен Ростов-на-Дону шаарында турушат. Баары Орусиянын жарандары. Аскер курагындагы балдарыбыз бир сыйра милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөп келишти. Согушка аскерде кызмат өтөп жаткан жоокерлер эмес, келишим түзүп, атайын "согушка катышуу" максатында баргандарды киргизип жатат" деген маалыматыбыз бар. Эгер андай болбосо менин жээним күзүндө эле десанттык бөлүктө кызмат өтөп келген, ошону элден мурун кайра чакырып алмак. Өзүмдүн аскерге жарамдуу уулум Москвада иштейт. Туугандарыбыздын балдары да аскердик милдеттерин өтөп келишкен. Алардын бирөөнү да мобилизациялаганын уккан жокпуз".




Ушул тапта Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын так саны тууралуу расмий маалымат жок. Кыргызстандын Миграция кызматы мындай маалыматы жоктугун билдирди. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 500-600 миңге чамалады. Алардын басымдуу бөлүгү эмгекке жана аскерге жарамдуу курактагылар.


"Кош жарандуулук маселеси чечилген эмес"

Орус жарандыгын алган теги кыргызстандыктардын жашы алды пенсия курагында, арты мектепти эми бүтүп жатышат. Ушул тапта аскерге жарамдуу уландар орус жарандыгын кезинде ата-энелери аркылуу алышкан. Муну белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болжолдуу 500 миң кыргызстандык орус жараны болуп кеткени да Кыргызстан үчүн жакшы көрүнүш болбогонун айтты.




"Эли жапырт түрдө башка өлкөнүн жараны болуп кетип жатканы ал өлкө үчүн жакшы эмес. Ошондуктан, мында Акаев баштаган бардык жетекчилердин моралдык жоопкерчилиги бар. Ал эми кыргызстандыктардын Орусиянын жарандыгын алганы учурунда муктаждыктан улам болгон. Айлыкты көбүрөөк алгысы келген, көбүрөөк суммада пенсия алууну каалаган, төрөлө турган балдарынын камын ойлогон жана башка... Азыркы жаш жигиттердин көпчүлүгү жарандыкты ата-энелери аркылуу алышкан. Эми алар Орусиянын мыйзамдарына ылайык, аскерге чакырса аскерге, согушка чакырса согушка катышууга мажбур. Мыйзамы ошондой".


Орус жарандыгын алганы айтылган 500 миң кыргызстандыктын көпчүлүгү Кыргызстандын да жараны. Бул мыйзамдуу болбогону менен, алардын чөнтөгүндө ички ID паспорту дайыма жүрөт. Анткени, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кош жарандуулук маселеси чечилген эмес. Бир жылдары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргызстандын Германиядагы азыркы элчиси Өмүрбек Текебаев Орусия менен кош жарандуулукту киргизүү демилгесин көтөрүп, бирок ал ишке ашкан эмес.




Мыйзам жол бербегенине карабай, эки өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн кыргызстандыктар үчүн да Орусиянын мыйзамдары үстөмдүк кыларын депутат Исхак Масалиев белгиледи:


"Чынында биздин жарандарыбыздын көбүндө Орусиянын да паспорту бар. Бул жактан учканда Кыргызстандын паспортун көрсөткөнү менен, Орусияга барганда орус паспортун алып чыгышат. Буга мыйзам чегинде уруксат берилген эмес. Алар Орусиянын жараны катары ал өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүгө тийиш".




Украинадагы согушта Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында жүргөн борборазиялык мигранттар тууралуу маалыматтар чыга баштады.


Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында Украинадагы согушка катышып, мерт болгон төрт тажик жаранынын сөөгү мекенине кайтарылды. Интернетке өзбек айдоочусунун орус армиясынын жүгүн ташып бараткан видеосу тарады. Ошондон кийин Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги социалдык тармактар аркылуу өзбек жарандарына кайрылып, Украинадагы эч бир аскердик операцияларга катышпоо өтүнүчү менен кайрылып, ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.



Кыргызстандык жарандарга үчүнчү бир өлкөнүн согуштук аракеттерине аралашууга мыйзам жол бербейт. Бирок Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери, бийлик бул мыйзамды ачык эскерткен жок.



Орусиянын мыйзамдары болсо, чет элдиктерге келишимдик негизде аскер кызматына орношууга уруксат берет.




Все города России от А до Я

Загрузка...

Moscow.media

Читайте также

В тренде на этой неделе

Сотрудники Росгвардии рассказали жителям Хакасии о вакансиях и перспективах службы в ведомстве

Низкая доходность недвижимости, проблемы в Липецкой области из-за тамбовского подрядчика и «вечные» сосиски: что писали про область федеральные и межмуниципальные СМИ

Требования особого противопожарного режима стали темой встречи офицера Росгвардии с абаканскими кадетами

Росгвардейцы выявили сильнейшие команды в игре «Зарница 2.0» среди младших школьников Черногорска


Загрузка...
Rss.plus


Новости последнего часа со всей страны в непрерывном режиме 24/7 — здесь и сейчас с возможностью самостоятельной быстрой публикации интересных "живых" материалов из Вашего города и региона. Все новости, как они есть — честно, оперативно, без купюр.




Абакан на Russian.city


News-Life — паблик новостей в календарном формате на основе технологичной новостной информационно-поисковой системы с элементами искусственного интеллекта, тематического отбора и возможностью мгновенной публикации авторского контента в режиме Free Public. News-Life — ваши новости сегодня и сейчас. Опубликовать свою новость в любом городе и регионе можно мгновенно — здесь.
© News-Life — оперативные новости с мест событий по всей России (ежеминутное обновление, авторский контент, мгновенная публикация) с архивом и поиском по городам и регионам при помощи современных инженерных решений и алгоритмов от NL, с использованием технологических элементов самообучающегося "искусственного интеллекта" при информационной ресурсной поддержке международной веб-группы 103news.com в партнёрстве с сайтом SportsWeek.org и проектами: "Love", News24, Ru24.pro, Russia24.pro и др.