"Айгүл Тоо" коругуна быйыл киши киргизилбейт
0
41
Райондук акимчиликтин “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, буйрукка Баткен районунун акими Каланбек Маркаев кол койгон.
"Коронавируска байланыштуу быйыл аталган корукка туристтер киргизилбейт. Бул чечим жарандардын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн кабыл алынды", - деп айтылат акимчилик тараткан маалыматта.
Кызыл китепке кирген Айгүл апрель айынын башынан ортосуна чейин гүл ачат. Жыл сайын аны көрүү үчүн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругуна өлкө аймагынан жана чет өлкөлөрдөн 10 миңден ашуун адам келип, Баткенде ар кандай иш-чаралар, фестивалдар өтүп турчу.
4-апрелде Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 144кө жеткени кабарланды. Алардын үчөө Баткен облусунун тургундары. 3-апрелде бир бейтап сакайып, үйүнө чыгарылды. (JsA)